Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Чыгаан инсан Чыңгыз Айтматовго


Адам аттуу ыйык заттын дүйнөсүн,
Ар бир пенде аздектесин, иргесин.
Кыргыз атын кыйырларга жеткирип,
Кыргыз деген коломтолуу үйдөсүӊ.
Ала-Тоонун «ак кар менен көк музу»
Маӊкурт деген түшүнүктү билбесин.

Миндиӊ жорго Гүлсарыны токунуп,
Улап келдиӊ урмат ээрге отуруп,
Талантыӊа жөлөк болуп дем берди,
Талант, эмгек, изденүүлөр кошулуп.
«Жамийлаӊа» бата берип, бак тилеп,
Калган жоксуӊ суук көздөн чочунуп.

Чыӊгыз ата кыргыз элдин сыймыгы,
Үлгү болоор бардык иши, кыймылы.
Адам болуу маселесин көӊүлдө,
Сактап келет бүт дүйнөнүн тургуну.
Каармандары-гуманизм символу,
Атуулдуктун, улуулуктун чындыгы.

Турдукожоев Сексенбай, педагог
Москва району,
Беловодск айылы

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG