Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Өнүгөбүзбү, же...


Бишкекте тамак-аш саткан чоң дүкөндөрдүн биринде кассага кезекте туруп калдым. Менин алдымда тыкан кийинген, токтоо, улгайган орус аял акчасын төлөп бүтүп кассада отурган жаш кызга кайрылып калды: “Кечиресиз, сиз мага кайтарым акчаны кемитип берип койдуңуз окшойт. 1 сом 70 тыйын жетпей калды”. Эки бетинин кызылы кете элек, жапжаш кассир кыз аны олурая бир карап алып: “Что? Вам что надо?” – деп нааразылана сурап, кассасынын тартмасын ачып, майда тыйынын санап, бери көздөй ыргытты. Тиги аял тыйынын терип сумкасына салганча ары жактагы коопсуздук кызматкери болуп иштеген жигит шашыла басып келип: “Эмне деп башты оорутуп атат? Не нравится, можете уезжать отсюда!”, - деп оройлоно бир тийди.

Мен аларды карап туруп: “Балдар, кардарга силер кандай болгон күндө да сылык мамиле жасашыңар керек” – деп айтсам укчу түрлөрү жок. “Вечно буларга эчтеме жакпайт” – деп эле кобуранып кагып киришти. Тиги аял дүкөндөн чыгып кеткиче ашыкты.

Биздин теле-радиодон сүйлөгөн тыңчыкмаларыбыздын жалындуу сөздөрүн угуп, гезит-журнал, интернетте жайнаган “көкүрөгүн муштап, башкалардын баарын жериген” узун кулач макалаларды окуп сугарылган жаңы муундун өкүлдөрү ушул кыз-жигит.

Өзүн азыркы кыргыз журналистикасынын алдыңкы өкүлүмүн деп эсептеген кесиптешибиз интернетте: “чочкодой болуп сасыган орустар жоголсун” деп жазганын көрүп алып төбө чачым тик турду.

“Кыргызстандыктар” деген сөздү айтпасын, угузбасын, “кыргыздар” деп гана сүйлөсүн! Жинибизге тийбесин!” – деп айгай салып атат дагы бирөө активдүү жаштардын башы чыкпаган Фейсбукта жакында.

Казакстанда Нурсултан Назарбаев калкка “Урматтуу казакстандыктар!” деп эле кайрылып келатат. Жакында атүгүл “өз эне тилинде жеткиликтүү сүйлөй албаган жоон топ мекендештерибиз (казактар) бар. Алар ошондой жагдайда жашап калышкан. Ал үчүн күнөөлөгөнгө акыбыз жок. Андан көрө ынтымакта өнүгөлү” деп баса белгиледи. Эч ким ызы-чуу салып, жер тепкилеп чыккан жок. Назарбаевди кенедей да мактап-жактагым келбейт, жөн гана коңшулаш эки коомдогу көрүнүштөрдү салыштырып сөз кылгым келди.

Биздин жүз миңдеген мекендештерибиз жер безип, секунд сайын андан ары глобалдашып бараткан заманда ыгын таап, дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенип, акчасын кайра Кыргызстанга салып, экономиканы, элди сактап калууга салым кошуп келатышат. Ошолорду да барган жеринде басынтып-кордосо кандай болоорун элестетип көрөлү. Ансыз деле башынан далайды өткөрүп, баарын ичине батырып келатышат.

Кыйкырыкты азайтып, өз жолубуз менен өнүгүүгө татыктуу эл экенибизди жакшы сапаттарыбыз менен далилдебейлиби? “Кыргызстан менин мекеним” деп жашап жаткан ар бир адамга тегиз мээримдүү мамиле кылып, боорубузга тартмайын эч убакта өнүгүү болбойт. Муну тарых эбак далилдеген.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG