Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Жалал-Абад: Чек арада мал уурулук күчөдү


Чарбак айылынын тургуну Ибрагим Жороев уулу экөө мал уурулар бузуп кеткен дубалын оңдоп жатат.
Чарбак айылынын тургуну Ибрагим Жороев уулу экөө мал уурулар бузуп кеткен дубалын оңдоп жатат.

Жалал-Абаддын Өзбекстан менен чектеш Чарбак айылында мал уурулук кайра күчөдү.

Айыл тургундары уурулук эки жумадан бери кайра улантылып, уурдалган мал коңшу мамлекетке айдалып кеткендигин, эл менен милициянын аракетинен майнап чыкпай келаткандыгын айтышууда.

Быйыл мурункудан бир аз сээлдегендей болгон мал уурулук Чарбак айылында жакында кайра күчөгөнү байкалат. Айыл тургуну Ибрагим Жороев үч күн мурда малдарын байлаган жеринен таппай калган. Ал жоготкон малы үчүн өзбекстандык мураптардан шек саноодо.

Анын айтымында, коңшу өлкөнүкү саналган Пахта-Абад каналын бойлоп жүргөн өзбекстандык мураптар мал уурдалган күндөн бери келбей калышкан жана чек ара анын үйүнөн үч жүз-төрт жүз метрдей аралыкта турат. Уурулар анын коргонун бузуп туруп, уюн айдап кетишкен:

- Бир уйду торпогу менен уурдаттым. Изделип атат, табыла элек. Өзбекстанга алып кетишкени анык. Ал жактан келип-кеткендер бар да, айрымдарына суу алууга уруксат беришкен экен. Түнү да жүрүшөт. Алар билишет да, кимдин үйүндө мал бар экенин. Мен мураптардан эле шек санап атам, себеби сууну жаап салдым эле, келишпей атат. Керек болсо келет эле да биякка. Милиция да жардам берип атат.

Анын уулу Казим Жороев уйлары байланган казыктары бош турганын таңкы үрүл-бүрүлдө көргөн. Ал чек арага дейре барып, малын өзбек чек арасына кирип баратканын баамдап, чек арада турган коңшу өлкөнүн жоокерлеринен чочулап артына кайткан.

Казимдин айтымында, уурулар бир нече үйгө кирген, бирок малы жок кишилердикинен уурулук жасай алышкан эмес. Мал уурулук Чарбак айылына эчактан бери мүнөздүү болуп калган. Буга дейре атасынын агасы да бакма букасын жоготкон:

- Өзбекстандагы туугандарыбыз чек арага келип карашкан экен, эки мамынын ортосундагы тосмо зым кыркылып, малдын изи турат. Мал уурулук он күн мурда башталган. Чоң атамын эки жашар букасы бар болчу. Аны алабыз деп эшигин бузушкан. Мурункусунда кыздары билип калып, качып кетишкен экен. Андан эки-үч күн өтпөй, биздикине келишип, биздин уйларды жетелеп кетишти. Мал айдаган адамдарды, уйларды алыстан көрдүк. Караңгы эле, тааныбай калдык.Чек арадагы жоокерден коркуп, артка кайттык.

Чарбактыктар уурулуктун айынан мал кармоодон чочуп калышты. Малды кайтарып алуу ниетинде ууруларды издеген жергиликтүү милиция менен айылдагы элдик кошуун тобунун аракетинен майнап чыкпай атат, себеби алар мал өтүп кеткен Өзбекстандын аймагына кире алышпайт.

Айыл башчы Жолчубай Рахманов Чарбакта өзбек тектүү жетимиш кожолук жашаарын билдирди. Уурулук жайлоодон мал кайтканда ого бетер көбөйүүсү ыктымал. Анткени мурунку жылдары отуз-кырктай бодо мал жоголгон учурлар болгон. Ал эки мамлекеттин тартип сакчыларынын бир тилге келе албаганына таң калууда:

- Түнү менен уктабай, малды карап олтуруу мүмкүн эмес да. Арабыздан кимдир бирөөлөр кимдин үйүндө мал бар экенин тымызын айтып коюусу да мүмкүн. Пахта-Абад району менен байланышайын десек алар кабыл албаса эмне кылуу керек? Мал чек арадан өтөт. Артынан чуркап барып, аны кармап алайын десең аскеринен коркосуң. Чек арадан өткөн адамдарды атып коюшуп атат го. Кечээги уурулук да ошондой болду. Мал ээсинин баласы чек арага зым тартылган жерге чейин барып, аскерден коркуп кайткан.

Чарбактык Абдалим Жороев уурулар анын үйүнө да киргип, кур кол кетишкенин айтат:

- Малды уурдаткан жокпуз, бирок ууруну узап кеткенде көрүп калдык да. Аны кармай албадык. Колго түшүрүп алсак, өзүбүз билет элек...

Айыл курамына кирген Сакалды айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Жусупбек Закиров чек ара түнкүсүн дайыма кайтарылбагандыктан уурулук болуп жаткандыгын айтууда. Уурдалган малды кайтарып алуу үчүн телефон аркылуу алдын ала макулдашкан чек арадагы сүйлөшүүгө Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү келбей жатышат:

- Чек арачыларыбыздын саны аз. Биздин кызматкерлер да эсептелүү. Мурун уурдалган уйларды кайтарып алышкан экен. Мен кызматка жаңы келдим. Элдик кошуун иштеп атат. Уурулук болгон күнү Пахта-Абад каналынын боюнда биз, чек арачылар, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орунбасары, малын уурдаткан адамдар болуп, Өзбекстандан келчү тиешелүү кишилерди кечке күтүп отурдук...

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтү Өзбекстан менен жыйырма чакырым аралыкта чектешет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG