Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Чек арада мал уурулугун токтотуу талап кылынды


Бишкектеги мал базары.
Бишкектеги мал базары.

Эки күн мурда Ноокендин Кызыл-Туу айылынын тургундары райакимчиликтин алдына күчөгөн мал уурулукту токтотуу талабы менен келди.

Ушул тапта жергиликтүү бийлик райондук жана облустук ички иштер кызматкерлери менен бирдикте мал уурулукту азайтуу, колдон келсе жоюунун үстүндө иш алып барып жатканын Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев “Азаттыкка” айтып берди.

- Мал уурулук негизинен кайсы айыл өкмөттөрдө болуп жатат?

- Быйылкы он бир ай ичинде 43 мал уурулук катталды. Негизинен Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Сакалды, Ноокен, Момбеков, Достук жана Масы айыл округдарында катталып атат. Мунун ичинен тартип коргоо органдары, жергиликтүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, райондук акимчилик тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 29 учур боюнча уурулар кармалды. Алардын арасынан 10 киши азыр райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турат.

- Эл "уурдалган мал чек арадан Өзбекстанга өтүп кетүүдө" деп нааразы болуп атат, муну токтотуу, алдын алуу чаралары көрүлүп атабы?

- Биз бул маселе боюнча жогоруда аты аталган айылдарда ички иштер жана чек ара кызматкерлери менен чогуу элдик жыйындарды өткөрүп, ошол айылдардагы активдүү адамдардын жардамы менен жергиликтүү элден атайын күзөт коюуга жетишкенбиз.

Ноокен району Өзбекстан менен 42 чакырымга чектешет, эки чек ара заставасы, 1 чек ара отряды бар. Мына ушул чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилерин чакырып, эл менен жолугуштуруп, жалпы чек арада мал уурулукка жол бербөө маселесин талкуулаганбыз.

Акыркы эки аптада облустун губернатору Бектур Асановдун кийлигишүүсү менен облустук ички иштер башкармалыгындагы кайгуул-күзөт кызматынан отуздан ашуун кызматкер алып келип, тиешелүү жерлерге бекеттерди койгондон кийин мал уурулук токтоду.

- Өзбекстан менен чектешкен аймактардан алысыраак жерге мал жаюу тууралуу элге да түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп атабы? Анткени өткөн айда чектеш жерге жакын мал жайып жүргөн кыргызстандык жаран өзбек чек арачыларынын огуна кабылып, малы коңшу мамлекетке айдалып кеткени айтылып атты эле?

- Сиз айткан факты Сузак районунда катталган. Бирок бизде дагы бир жолу уурулар түн ичинде эки жүздөн ашуун койду чек араны көздөй айдап бараткан жеринен милиция кызматкерлери малды алып калышты, ал эми уурулар качып кетишкен. Бул маселени биз Өзбекстандын чек ара отрядынын кызматкерлери менен да жолугушуп, элдин талабын толук айтып, жеткирүүдөбүз.

Чындыгында оор маселе болуп атат. Эл менен чогуу жыйын өткөргөндө да айтып атабыз, кыргызда “Өзүңө сак бол да, кошунаңды ууру тутпа” деген. Ошол сыңары эл өзү мүмкүнчүлүгүнө жараша өз мүлкүн өзү сактабаса, четтен келип бирөө сактап бербесин эскертип атабыз.

- Өзбекстандын сиздердин район менен чектешкен аймактарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен буга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери болдубу?

- Ачык айтып коюу керек, июнь коогалаңынан кийин эки мамлекеттин жергиликтүү бийлик ээлеринин бири-бири менен карым-катышы азайды, мурдагыдай жолугуп, айрым маселелерди чечүү мүмкүн болбой калды. Биз тараптан бир нече жолу аракеттер болгону менен коңшулар кабыл алышкан жок. Ушундай эле маселе ички иштер тармагында да бар.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG