Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Өзбекстан аскер техникасын киргизген аймак көзөмөлдө


Талаштуу аймакта турган өзбек танкы
Талаштуу аймакта турган өзбек танкы

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалган кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ал ортодо бийлик чек арага кошумча күч жөнөткөнү айтылууда.

20-мартта “Азаттыктын” Ак үйдөгү ишенимдүү булактарынын кабарлашынча, бийлик кыргыз-өзбек чек арасына кошумча аскердик күч жөнөттү. Маалыматка ылайык, 200дөй аскер жана аскердик техника чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн бүгүн таңда жөнөтүлгөн.

Бул маалыматты Чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев тастыктаган жок. Анын айтымында, такталбаган Чала-Сарт чек ара тилкесинде эки өлкөнүн экиден БТРи жана 60 чакты аскери турат. Чек ара кызматынын аскерлеринен тышкары кошумча күчтөр тартылган эмес.

Раимберди Дүйшөнбиевдин 20-мартта эртең менен "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал өзгөрүүсүз бойдон калууда, бирок туруктуу.

Дүйшөнбиев өзбек чек арачыларынын аракети Нооруз майрамына байланыштуу эместигин “Азаттыкка” билдирди.

"Нооруз майрамы мурдатан эле майрамдалып келген. Чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууга негиз жок болчу. Өзбек чек арачылары эмнеге мындай аракетке барды түшүнүксүз болуп жатат", - деди чек ара башчысы.

Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев бүгүн, 19-мартта талаштуу тилкеге барды.

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары өтүшөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бейтарап аймактын Аксы районундагы тилкесине 18-мартта эртең менен коңшу өлкөнүн чек арачылары аскер техникасын киргизди. Мындай аракет жергиликтүү калк арасында тынчсыздануу жаратып, Кербен - Ала-Бука аркылуу каттоочулардын саны азайды.

Чек араны бекемдөө маселеси боюнча ушул эле күнү премьер-министр Темир Сариев Коргоо кеңеши баштаган тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилери менен жыйын курду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкентке нота жолдогонун Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшембиев “Азаттыкка” берген маегинде айтты:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

"Эми паспорт менен өтөсүңөр"

Аксы районунун Чала-Сарт участкасындагы Кербен - Ала-Бука жолуна 18-мартта эртең мененки саат жети жарымдарда Өзбекстандын кыркка чукул аскери техникалары менен кирип алышкан. Алар жол жээгине блок-постторду орнотуп, жолдон каттаган кыргыз жарандарынын паспортторун текшерип өткөрө баштаган. Облустун борборуна келе жаткан Ала-Бука районунун тургуну Нурия Боромбаева мындай деди:

- Биз апам экөөбүз таңында жолго чыкканбыз. Бир убакта жолдо унаалар үйүлүп турганына күбө болдук. Жакындаганда өзбек чек арачылары жолго таш тизип, унааларды токтотуп жатышканын көрдүк. Алар кадимкидей курал-жарагы жана техникасы менен чыгып, тоо-таштан бери жайгашып алыптыр. Биз эмне болгонун билбей калдык. Анан ар бир унаадагы жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип өткөрүп жатышты. Менде паспорт жок болчу, эмне себептен мындай кылып жатасыңар деп сурасам, алар "бул биздин жер, эми паспорт менен гана өтөсүңөр, эскертип жатабыз силерге", деп жооп берди. Жолду казууга техникаларын да даярдап коюшкан экен. Анан биз жол тартып баса бердик.

Тасмада: Аксы тилкесинде эки өлкөнүн күчтөрү турат

Аксы тилкесинде эки өлкөнүн күчтөрү турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Чек арадагы бейтарап аймак катары саналып, талашта келаткан бул тилке 38 гектарды түзөт.

Анын ичинде 1 километр 800 метринде Кербен-Ала-Бука жолу жайгашкан. Район акими Медет Айдаралиев өзбек чек арачыларынын талаштуу аймактагы жолго туруп алганы эл арасында суроо жаратып жатканын айтып, бул аймакка өзбек тараптын кирип алууга укугу жок экенин айтты:

- Бул жер талаштуу аймакты аралай өткөн авто жол болуп саналат. Бирок ал жерди факт боюнча биз пайдаланып келебиз. Мыйзам боюнча ким пайдаланса ошонун жери болуп саналат да. Ошол себептүү, азыр эми тиешелүү министрликтер сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатат. Район боюнча 11 талаштуу аймак бар, алар Өзбекстандын Чартак району менен чектешет.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, мындан тышкары өзбек тарап саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына "Баймак-автодорожный", "Кен-Сай-автодорожный", "Кадамжай-автодорожный" өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салды. Өкмөттүн басма сөз катчысы Бакыт Асанов премьер-министр Темир Сариев да күч түзүмдөрү менен бүгүн чек араны бекемдөө чараларын талкуулаганын билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен чек араларды бекемдөө чараларын талкуулады. Ал чек ара кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органдар өз милдетин так аткарышы керектигин билдирди.

Ушул тапта эки тараптын чек ара кызматкерлери чек арадагы соңку аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал эми жергиликтүү тургундар болсо чек ара маселелери чечилиши керектигин айтышат. Алардын бири Надырбек Жанарбеков мындай деди:

- Эртең менен адамдарды токтотуп алып, паспорт ж.б. документтериңерди көрсөткүлө деп текшерип, өткөрүп жатышыптыр. Базарда азыр эл арасында ушундай дуу-дуу сөздөр тарап кетти. Чек араны жылдырганы аз келгенсип, бүгүн алар Кыргызстанга ачык эле кирип кетишти. Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Жол, Үч-Коргон жана Кербен айыл өкмөттөрүнүн баары Өзбекстан менен ачык чек аралаш аймакта орун алган. Чек ара кароосуз калгандыктан бүгүнкү күндө мал ууру сыяктуу майда-барат окуялар катталып, конфликттер орун алып эле келатат. Бул маселени мамлекет башчысы кийлигишип чечүү керек.

Жергиликтүү бийлик тургундар арасында түшүндүрүү иштерин алып барып, тынчсызданууга негиз жок экенин билдиришет. Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан менен талаш жараткан 24 участок бар. Алардын көпчүлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG