Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:40

Эмчек рагы жашарып баратат


Көр оокаттын айынан көпчүлүк аялдар өз убагында дарыгерлерге кайрылышпайт.
Көр оокаттын айынан көпчүлүк аялдар өз убагында дарыгерлерге кайрылышпайт.

Кыргызстанда акыркы мезгилде көкүрөк бездеринин залалдуу шишиктери менен ооруган аялдардын саны барган сайын арбып барат. Күн сайын адистер жүздөгөн аялды текшерип, ай сайын 400гө чукул аялга операция жасалып, эмчеги алынууда.

Аялдын саламаттыгына чоң сокку урган бул илдетке чалдыккандардын 43% каза болот. Алардын ичинен 11% 40 жашка чыга электер. Кыргыз кыз-келиндеринин арасында бул илдеттин өрчүп, рак ооруларынын ичинен биринчи орунга чыгуусунун себеби аялдардын өз саламаттыгына кайдыгер карап, күнүмдүк тиричиликти биринчи орунга коюп жатканында дешет адистер.

Жашы элүүгө чыга элек таластык Айымкүл айым оорусу өтө күчөп кеткенде дарыгерлерге кайрылып, көкүрөгүн алдырган операциядан чыкканына бир нече гана күн болуптур. Ал 1987-жылдан бери эле эмчегинде шишикти сезип келсе да, шишик улам өрчүп, ириңдеп, жыттанып кеткенче ооруканага келе албай жүргөн:

Дүйнө жүзүндө эмчек рагы илдетине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында түрдүү акциялар өтүп турат. Сүрөттө: Косоводо өткөн акциядан бир көрүнүш
Дүйнө жүзүндө эмчек рагы илдетине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында түрдүү акциялар өтүп турат. Сүрөттө: Косоводо өткөн акциядан бир көрүнүш

- Бир жыл мурун келейин деп жатканда күйөөм кайтыш болуп калды. Анан быйыл сентябрь айында келип, эки күндөн кийин операция кылабыз деп жатканда Таластан мени менен учурашканы Бишкекке келип, кайра кайтып бараткан жеринен Төө-Ашуудан 15 жаштагы кызым жол кырсыгына кабылып каза болуп калды. Анын кырк ашын жыйырма күндө берип келгиче эмчегим шишип, ириӊдеп, колтугума батпай, жаман жыт чыгып кетти. Азыр эми операция болгонума 3-4 күндөй болду. Эмчегимди алып салышты, колтугумдун алдына без толуп кеткен экен.

Азыркы тапта Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүнө күн сайын 200дөй аял маммолог-врачка кезек күтүп, көрүнгөнү барышат. Ал эми ай сайын эмчек бездеринде залалдуу шишик бар экени аныкталгандардын саны 300-400 болууда дешет адистер. Алардын көбүнө көкүрөгүн алып салуу боюнча оор операция жасалат.

Текшерткенден коркпогула!

Маммологиялык борбордун директору Дамир Абдылдаевдин айтымында, акыркы мезгилде чет элдик грант аркылуу эмчек безинин залалдуу шишигин баштапкы стадияда аныктай турган маммограф аппарат келип, алардын иши бир топ жеңилдегени менен бул дартка кабылгандардын жана андан каза тапкандардын саны азайбай келет:

- Ооругандардын ичинен өтүшүп кеткендердин саны 43% түзөт. Алардын көбү эмчек рагынын экинчи, үчүнчү, атүгүл төртүнчү стадиясына кабылгандар. Жалпы ооругандардын 11% 40 жашка чыга электер. Муну менен көкүрөк рагы барган сайын жашарып баратат деп айткым келет. Азыр биз ушул ооруну алдын алыш үчүн аялдарды текшере турган маммограф аппаратын чет элдик грант аркылуу алдык. Ушул аппаратка текшерилип турушса, ракты баштапкы стадиясында аныктап, дарылоо да оңой болор эле.

Маммограф аппараты: оӊ жактагы сүрөт соо, сол жактагы залалдуу шишик менен ооруган аялдын көкүрөгү
Маммограф аппараты: оӊ жактагы сүрөт соо, сол жактагы залалдуу шишик менен ооруган аялдын көкүрөгү

Акыркы мезгилде элдин маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейгенден улам эмчек безинин залалдуу шишигине кабылбаса да алдын ала текшерткендер арбыды дешет адистер. Бирок элет жериндеги аялдардын көпчүлүгү турмуш-тиричилик менен алек болуп жүрүп, өтүшүп кеткенде гана адиске кайрылып, аларга ооруну айыктыруучу эмес, тескерисинче терминалдык абалын жеңилдетүүгө гана жардам берип калып жатабыз деп кейиди врач-онколог, маммолог Яна Карабаева:

- Залалдуу шишиктин эмнеси жаман? Ал эч качан оорутпайт. Көбүнчө бизге кайрылгандардын эмчеги деформация болуп, башкача формага келип калганда, шишиги колуна урунуп калганда эле келишет. Ушундай абал менен келгендердики көкүрөгүндөгү шишик беш сантиметрден жогору болуп калат. Беш сантиметрден ашканда рактын үчүнчү стадиясына кирет. Кээ бир аялдар болсо шишиген, канаган, кызарган жаралары менен келишет. Аялдардын көбү "картошкам, малым, балдарым" деп эле жүрө беришет. Же болбосо той-топурлар менен алек болуп, баласын үйлөнтүп, же башка дагы ушундай шылтоолорду айтып эле өздөрүнө кайдыгер карашат.

Аялдарды алдаган элдик табыптар

Мындан тышкары залалдуу шишикке кабылган аялдардын көбү маммолог же онколог сыяктуу адистерге кайрылбай, ар кандай элдик дарыгерлерге, табыптарга барышып, же биологиялык активдүү кошумчаларды кымбат баада сатып алып ичишип, шишиктери өтүшүп кеткенде гана ооруканага келет деп кошумчалады Карабаева:

- Оорулуулардын көбү, айрыкча биздин аялдарыбыз элдик дарыгерлерге, табыптарга барышат. Бизге алар шишиктери аябай чоӊоюп, ириӊдеп, канап, биз жардам бере албай калганда анан келишет. Табыптар болсо аялдарды "шишигиӊ чоӊойсо эч нерсе болбойт, жарылып, айыгып кетет" деп алдап, убакытты созо беришет. Биз үчүн убакыт өтө маанилүү. Мындан тышкары тармактык маркетингден дары алып ичкендер бар. Биологиялык активдүү кошулмаларды байкуш ооруган аялдар 30-40 миӊ сомго алып ичип алданышат.

Өзгөчө элеттик аялдардын эмчек рагын текшертүүгө шарты жок
Өзгөчө элеттик аялдардын эмчек рагын текшертүүгө шарты жок

Залалдуу шишикти аныктоонун жеке жана адистик түрү бар экенин адистер айтышууда. Батышта жыл сайын аялдардын көкүрөгүн атайын текшерүүдөн өткөрүп, маммограф аппарат менен карап турушат. Рак шишигин башталгыч эле учурунда аныктап, аны дарылоо да ийгиликтүү жүрүүдө. Ал эми Кыргызстанда болсо аялдар жеке саламаттыкка кайдыгер карабай, жок дегенде айына бир жолу көкүрөгүн өзү текшерип турууну сунуштайт адис:

- Ар бир аял ай сайын этек кири келгенден кийин беш-алты күн өткөндө жуунуп жатканда колун самындап алып, колтугунан эмчегинин учуна чейин сыйпалап текшериши керек. Эмчек жылмакай, эч кандай тоголоктошкон, катуу нерселери болбой жумшак болушу шарт. Эгерде тоголок же катуу без колуна тийсе үй-бүлөлүк врачка кайрылып, маммолог-догдурларга көрүнүшү шарт. Мындан тышкары аял киши ар бир алты ай сайын маммограф аппаратка түшүп, эмчегин текшертип турса жакшы болот эле.

Кээ бир аялдар шишиген, канаган, кызарган жаралары менен келишет. Аялдардын көбү "картошкам, малым, балдарым" деп эле жүрө беришет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалымдоосу боюнча 2011-жылы көкүрөк безинин рагынан дүйнөдө 508 миң аял каза тапкан. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бул илдетке чалдыккандардын 58% көз жумууда. Ал арада бул дарттан айыккандардын саны Түндүк Америкада 80%, Швеция менен Жапонияда 60% болсо, Азия жана Африка өлкөлөрүндө 30 проценттен аз.

Эң эле өкүнүчтүүсү, бул оору барган сайын жашарып, эмгекке жарамдуу жана төрөт жашындагы аялдарды жабыркатууда. Жакында эле Оксфорд университетинин окумуштуулары эмчек рагынан коргонуунун беш жолун сунушташты. Алар: маалыматка ээ болуу, баланы эмизүү, алкоголдук ичимдикти азайтуу, майлуу тамак-аштан оолак болуу, ар дайым салмакты көзөмөлдөп, ашыкча салмактан арылуу.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG