Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Бала жоготкон ата-энелердин үнү өкмөткө жетти


Быйыл жыл башынан бери жоголгон 6 баланын дайыны табылбай жатат. Ноябрь айында эле жоголгон төрт наристенин экөө тирүү, экөөнүн сөөгү табылды. Бирок бул толук тизмеси эмес.

Эгер капыстан бала жоголуп кетсе, кантип издөө керек? Бул суроого 26-ноябрда өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Токон Мамытовдун жетекчилиги астында өткөн жыйында жооп изделди.

Үч жылдан бери дайынсыз

Нарын облусунун тургуну Бакыт Эгембердиев 3 жыл мурда жоголгон кичинекей кызы менен уулун издеп, алардын дайынын ушул күнгө чейин билбей келатат. Ал азыр “Дайынсыз жоголгон балдардын ата-энелери” коомдук бирикмесин жетектейт.

Бакыт Эгембердиев Кыргызстанда жоголгон балдарды издөө эрежеси эски жана өтө чабал бойдон калып жатканын кошумчалады.

- Орусияда жакшы тажрыйба колдонулуп жатат. Ал жакта шаар же айыл болобу, ар бир аймак квадратка бөлүнгөн. Мисалы, шаардагы бир квадратка бир адам жооптуу. Эгер бала жоголсо, канчалык чоң аймак болсо да ыктыярчылардын ар бири өзүнүн квадратын издеп чыгат. Ошентип шаарды бир-эки саатта бүткөрүп салат. Бак, жертөлө, бузулган имараттар, арык, канал, көлдүн жээги - баары изделет.

Ноябрь айында эле Кыргызстанда балдардын жоголгону, сууга чөгүп өлгөнү, изделип жатканы боюнча бир канча окуялар катталды. Маселен, Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылынын кичинекей тургундары 6 жаштагы Нурсултан Медербеков менен 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев 3-ноябрда жоголуп, бир аптадан соң алардын жансыз денеси айылга жакын суу каналынан чыккан.

Ошондой эле Бишкектеги №4 төрөт үйүнөн бир айлык кыз уурдалып, ал бир канча күндөн кийин Асанбай кичи районунан табылды. Жоголуп табылган ымыркайдын атасы Алмазбек Турсуналиев эми баары артта калды деп ишенет.

- Ары-бери чуркап, күнү-түнү уктаган жокпуз. Милициялар менен чогуу жүрүп, издеп жаттык. Кудайга шүгүр, табылып калды. Баары бир ата-энебиз да, эгер табылбай калса, өмүрүбүз өткүчө үмүтүбүз үзүлмөк эмес. Мындай учурда үмүттү үзбөш керек, табылат деп эле аракет кыла берүү зарыл.

Мындан тышкары, Жалал-Абаддын Ноокен районунун кичинекей тургуну, үч жашар Эсен 11-ноябрда жоголуп, эки күндөн кийин өз үйүнөн 20 чакырым алыс жерден аман-эсен табылган болчу. Бирок бул жоголгон же изделген балдардын толук тизмеси эмес. Расмий маалыматтарга таянсак, үстүбүздөгү жылы 67 бала сууга чөгүп кеткен, ал эми 1999-жылдан бери дайынсыз жоголгон балдардын саны 37ге жетти.

“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова бул расмий статистиканын так экенинен күмөнү бар.

- Аракеч, же укуктук эрежелерди жакшы билбеген үй-бүлөлөр болсо, алардын жоголгон балдары тууралуу тартип коргоо органдарына маалымат берилбей калышы мүмкүн. Анан алар изделбей да калат. Ошондуктан бул расмий статистика аз көрсөтүлгөн деп эсептейм.

ИИМ: Ата-энелер сак болсо...

Жоголгон балдар көйгөйү 26-ноябрда өкмөт үйүндө коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытовдун төрагалыгында өткөн кеңешмеде талкууланды. Ага тартип коргоо органдарынан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү, уюлдук телефон компанияларынын жетекчилери катышты. Эң башкы маселе бала жоголгондо же балага карата кылмыш жасалган учурда кантип чогуу жардам бере алабыз деген суроо болду.

Жарандык коом өкүлдөрү Жоголгон балдарды издөө борборун түзүү демилгесин көтөрүүдө. Назгүл Турдубекова борбор түзүлүп калса, балдарды издөө кыйла жеңилдемек деген ойдо.

- Жоголуп кеткен балдарды издөө борбору Кыргызстанга абдан зарыл. Ал борбор тартип коргоо органдарына балдарды издегенге жардам бермек. Коомчулукту жана ыктыярчыларды тез арада чогултууга пайдасы тиймек.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиевдин айтымында, балдардын жоголушу көпчүлүк учурда үй-бүлөдөгү социалдык маселелерге байланыштуу жана ата-энелердин кайдыгерлигинен да болот.

- Быйылкы жылы алты бала жоголсо, биз алардын бирөө гана уурдалып кеткен деп ойлоп жатабыз. Калганы баягы эле көйгөйлүү маселе, ата-энеси кароосуз калтыргандан болгон. Ошондуктан ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Өкмөт үйүндөгү жыйынга катышкан Кыргызстандагы уюлдук компаниялардын жетекчилери да бала жоголгон кезде ыкчам маалымат таратууга жардам берүүгө даярдыгын билдиришти. Жыйынтыгында тартип коргоо органдары, жарандык коом жана башка тараптар жоголгон балдарды издөө боюнча өз ара кызматташуу меморандумуна жакынкы күндөрү кол коймой болду.
XS
SM
MD
LG