Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Балдар лагерлерин ким көзөмөлдөйт?


Жайкы лагердеги балдар. 10-июль, 2013-жыл
Жайкы лагердеги балдар. 10-июль, 2013-жыл

Азыр жайкы лагерге барган балдарды окутуу, тарбиялоо программасы мамлекет тарабынан иштелип чыккан эмес.

Мурда бардык лагерлер мамлекетке таандык болгондуктан бир гана программа иштелип чыкчу. Азыр ар бир лагердин өзүнүн педагогдору түзгөн программасы бар. Балдардын убактысы ошого жараша өтөт. Кыргызстан боюнча 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын саны 1,5 миллионго чукул экенине карабай лагерге баргандардын саны кыйла аз.

Борбор калаадагы Балдарга мектептен сырткары билим берүү жана өнүктүрүү борборунун жайкы лагерине балдар түшкү тамакты жаңы ичип бүтүп, уктоого кам урган кезде кирип бардым. 4-жаштан 14 жашка чейинки балдар жерге салынган төшөктө жатышат, сыягы аны ар ким өз үйүнөн алып келгендей. Кыздардын бөлмөсүнөн жагымдуу музыканын үнү чыгып турду.

Бул менчик лагердин программасы боюнча балдар англис тили, психология, кол эмгек сабактарын өтүшөт. Сыртта ойношот, жумасына үч жолу шаардагы маданий же көңүл ачуучу жайларга барышат.

Жайкы лагердин көрүнүшү
Жайкы лагердин көрүнүшү
Шаар ичиндеги борбордун “Светоч” лагеринде окутуу боюнча директордун орун басары Елена Филимонова:

​- Биздин лагерде жыл сайын ар кандай программа түзүлөт. Быйыл баланын социалдык адаптациясы багытында иштеп жатабыз. Балдар бейтааныш жамааттарга барганда ар кандай мүнөзүн көрсөтөт же көнө албайт, жаңы классташтары менен сүйлөшө албайт. Аны ата-энеси ошондо гана билет. Андан сырткары психология сабагында өзүнө болгон ишенимин калыптандырууга, сезимдери менен ойлорун таанып-билүүгө үйрөтөбүз.

Жайкы лагердеги 30 баланы ушул эле борбордо иштеген эки педагог карайт.

Мектептен сырткары билим берген жайлардын канчасы ушинтип жайкы лагер уюштурары белгисиз. Кыргызстан боюнча лагерге ылайыкташкан 450 мектеп быйыл 13 миңдей окуучуну эс алууга кабыл алды. Ошондой эле өлкө боюнча профсоюздар федерациясына караган 16 лагер, мамлекеттик мекемелердин өзүнчө лагерлери бар.

Балдар лагерлеринин чачкын болуп жатышы бул системада проблема бар экенин күбөлөгөнсүйт. Билим берүү жана илим министрлиги жылына 5 миллион сомду ата-энесинин колу жука же майыптар менен жетим балдар үчүн профсоюздар федерациясына берет. Ошентип азыр балдарды каникулда тарбиялоо иши негизинен профсоюздар федерациясына жүктөлгөн. Бирок бул тармак көбүнчө уюштуруу, камсыздоо милдети менен алектенгендей.

Федерациянын төрагасы Асылбек Токтогулов:

Кыргызстанда балдардын басымдуу бөлүгү жайкы лагерге барбайт
Кыргызстанда балдардын басымдуу бөлүгү жайкы лагерге барбайт
- Негизинен балдарды тарбиялоо жагы профсоюздар федерациясына жүктөлгөн эмес. Бирок биздин ар бир жасаган ишибиздин тарбиялык мааниси болуш керек. Аларга эс алуу шартын түзүп берүүнү биздин мекеме колго алган. Анткени жумуш берүүчү кызматкердин эмгек акысынын 0,25 пайызын эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду аркылуу социалдык фондго которот. Ал эми балдарды тарбиялоо саясаты боюнча, албетте моюнга алыш керек: атайын программага ылайык быйыл гана камдана алдык. И.Арабаев атындагы университет менен бирге тарбиячыларды кыска мөөнөттүү курста окуттук.

Ал арада Кыргызстанда балдар үчүн диний лагерлер ачыла баштады. Андай жайдагы балдардын алып жаткан тарбиясын ким, кандай көзөмөлдөрүн
профсоюздар федерациясынын төрагасынан сурадым.

- Ушул багытта эс алууну уюштуруу боюнча менин да кабарым бар. Бирок бул темага биз өтө аяр мамиле кылышыбыз керек. Бардык нерсени тыюу менен эмес түшүндүрүү жолу менен чечиш керек деп ойлом. Бул багытта иштеген атайын Дин боюнча агенттик, Билим берүү жана илим министрлиги, коомчулук болуп жалпы карабасак, ар кандай агымга кирип кеткен жаштарыбыз пайда болуп жатпайбы.

Кыргызстан боюнча 5 жаштан 17 жашка чейинки 1,5 миллионго жакын өспүрүм бар. Профсоюздар федерациясы 14 миңдей баланы камсыз кылса, министрлик күндүзгү мектеп лагеринде 13 миң баланы камсыздайт. Менчик лагерлер боюнча маалымат так эмес. Балдардын басымдуу көпчүлүгү албетте лагерге бара албайт. Ал эми андагы тарбиячы же педагог тандоону болсун, лагердеги окутуу программасын, жүрүм-турум сабактарын болсун Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыкпайт.

Мырзакедеги диний лагер
Мырзакедеги диний лагер
Министрликтин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усенов:

- Мыйзам боюнча алганда, профсоюздар федерациясы токтом чыгара албайт. Министрлик токтом чыгарат, профсоюздар федерациясы аны ишке ашырат. Анткени балдардын ден соолугун чыңдоо борборлору, лагерлер ошолордун карамагында. Эс алуу иш-чараларын өздөрү өткөрөт.

Бишкекте мен барган күндүзгү менчик лагер ар бир баладан айына 6000 сом алат. Ысык-Көлгө же башка жаратылыш менен таанышууга мүмкүн болгон лагерлерде он күн үчүн орточо 8000 сом төлөйсүң.
XS
SM
MD
LG