Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Кабыргасы ката электе ишке салынгандар саны артууда


Бойго жете элек балдар көбүнчө базарларда араба тартып, жүк ташып иштешет..
Бойго жете элек балдар көбүнчө базарларда араба тартып, жүк ташып иштешет..

12-июнь - балдардын эмгегин колдонууга каршы эл аралык күн. Кыргызстанда бойго жете электе ишке тартылган балдардын саны 20 миңден ашат.

Баланын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова ушул маселенин тегерегинде ой бөлүштү.

- Назгүл айым, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бойго жете элек канча бала ишке чегерилип жатат?

- Так изилдөөлөр жүргүзүлө элек. Бирок Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20 миңден ашуун бала жумушка тартылууда. Болгондо да эмгектин эң начар түрүнө тартылат. Көпчүлүгү 6 жашынан тарта эле жумушка аралашууда.


- Балдар эмгегин көбүнчө кайсы тармакта колдонушат?

- Базарларда. Жүк ташуу, суу, балмуздак сатуу менен алпурушуп жатышат. Анан ар кайсы көзгө көрүнбөгөн иш орундарында, мисалы, кийим тигүүчү, ден соолукка зыян келтирген цехтерде иштешет.

Дүйнө жүзүндө мындай жагдайлар көп кездешет. Жаш балдар өздөрүнүн укуктарын коргой алышпайт жана эмгек акысына көп каражат сурай алышпайт. Колдору кичинекей, эптүү балдар бир ишти чоңдорго караганда тез аткарышкандыктан аларды эксплуатация кылышууда. Кыргызстанда да ушундай жайлар бар.

- Сиздин оюңузча балтыр эти толо элек балдарды ишке чегерүүгө эмне түрткү болууда?

- Биринчиден, ал балдар билим берүүдөн тыш калышкан. ЮНИСЕФтин статистикасы боюнча, Кыргызстанда 40 миң бала мектепке барбайт. Буга мисалы, китеп, окуу куралдары жана кийимге акчасы жок болгондугу, дегеле күнүмдүк тамакка каражатынын тартыштыгы себеп. Булардын көпчүлүгү ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары.

- Баланы башынан дегендей, башынан кара жумушка машыктырса кийин чоңойгондо турмушка бышык болот дешет. Сиз буга кандай карайсыз?

- Бул өзүнчө эле жомок. Бала кичинесинен мектепке барбай, жүк ташып өмүрүн өткөрсө, анда 18-20га чыкпай эле оорукчан болуп калат.

- Сөзүңүзгө аралжы, ошол өспүрүмдөрдү ишке чегерүү алардын психологиясына, ден соолугуна кандай таасир этет?

- Алгач эле аң-сезими, мүмкүнчүлүктөрү чектелип калат. Көбү оорулуу адамга айланат. Дүйнө таанымы тарыйт.

- Маселени чечүү үчүн, жагдайдан арылуу үчүн кандай кылуу керек деп ойлойсуз?

- Жер-жерлерде, айыл округдарында үй-бүлөлөрдүн баарын иликтеп, балдар эмне себептен мектепке барбай калганын тактап, аларга жардам берүү боюнча аракет көргөндө биз мынчалык балдарды базарларда, жолдордо көрбөйт болчубуз.

Анан да өкмөт маселени системалуу түрдө баалап турбайт. Мисалы, бир жылда үч-төрт жолу мониторинг өткөрүп, ким күнөөлүү экенин такташ керек. Өкмөт ар бир баланын тагдырына жоопкер болушу абзел. Бирок бүгүнкү күнү мониторингге каражат бөлүнбөйт, кызыкчылык да жок. Мен ойлойм, коомчулук да көбүрөөк талап коюшу керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун балдарды жумушка кабыл алуу боюнча документтерин Кыргызстан ратификациялаган. Ага ылайык, балдарды 15 жаштан жумушка кабыл алса болот деген норма бар. Биздин кыргыз мыйзамдары боюнча, балдар жумушка 14 жаштан кабыл алынат.

- А ошол 14 жашынан иштей баштагандарына жараша жеңилдиктер каралганбы?

- Сөзсүз түрдө. Жеңилирээк жумуштар бар. Мисалы гезит сатуу. Бирок кайсы гана жумуш болбосун балдар 4 саат гана иштегенге уруксат. Жумуш берүүчүлөр мындан ашык саат иштетпеш керек. Бирок биз көрүп жатабыз, балдар кээде чоң кишилерден да көп иштешет. Таң азанда турушуп, кечки сегиз-тогуздарга чейин. Ошол учурда чаңы көп жумуштарда, күндүк ысыгында чоңдор менен бирдей эмгектенишет.

Биздеги маалыматтар боюнча жаш, өспүрүм кыздар сексуалдык эксплуатацияга да учурап жатышат. Ата-энеси көп көңүл бурбагандыктан алар алданып ушул ишке өтүп кетишүүдө. Мен ойлойм, так изилдөө жүргүзсөк 20 миңден да ашык болот. Себеби, 40 миң бала мектепке барбайт деген ЮНИСЕФтин маалыматы бар. Демек, булар сөзсүз түрдө эмгекке тартылат.

Мисалы, айылда сентябрда көбү окушпай, талааларда жүрүшөт. Буга өкмөт тараптан окуу жылын сентябрда эмес, октябрда баштайлы деген да сунуш болгон. Балдар баары бир сентябрда мектепке келбей эле талаада жүрүшөт депчи. Менимче, бул абдан туура эмес. Мыйзамга жана эл аралык талаптарга каршы. Себеби биз, балдардын укугун коргоо стандарттарын көтөрбөй кайра төмөнгө кетип атабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG