Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Ош: кыш ызгаарындагы жылуулук


Ошто ата-энесиз калган балдарды колдоо акциясы өттү. Балдар үйлөрүндөгү 100гө жакын жетим наристелер 6 лимузинге түшүп шаарды кыдырып чыгышты. Көрктүү жерлерди көргөндөн кийин балдар оюн аянтчаларында болушту. Биринчи жолу болуп жаткан мындай акцияны жеке ишкерлер соопчулук үчүн уюштурушканын айтышты.

Шыңгыр күлкүгө бөлөнгөн балдар ата-энелери жок экенин бир азга болсо да унута түшкөндөй. Шаардагы жетим балдар үйлөрүндөгү бардык наристелер мында чогулуп көптөн бери көрүшпөгөн достордой ойношту.

«Алтын уя» балдар үйүндө турган Жусуп Муканов өз достору тууралуу айтып берүүдө:

- Биз балдар үйдөгүлөр баарыбыз доспуз, бир тууганбыз. Күндө эрте менен чогуу тамактанабыз да сабакка бирге барабыз. Ар дайым бири-бирибизге жардам берип турабыз. Анан шаардагы бардык жетим балдар дагы бири-бирибизге боор тартып турабыз.

Жусуп азыр 8-класстын окуучусу. Жакшы окугандыктан «Сема» лицейине кабыл алынган экен. 3 жыл аралыгында бул жактан көп нерселерди үйрөнгөнүн кошумчалайт:

- Ата-энем таштап кеткен. «Алтын уя» балдар үйүнө келгениме 3 жылча болуп калды. Бул жактан баян черткенди өздөштүрдүм. Лицейден англис, орус жана түрк тилдерин үйрөндүм. Эми буюрса алдыда чоң максаттарым бар.

«Манас» айтып, ыр ырдаганча «Достук халал» ашкана-кафесинде балдар курсактарын жакшылап тойгозушту. Бул жерге шаардагы «Боорукердик», «Дом ребенка», «Алтын уя» жана «Лотос» сыяктуу 4 жетим балдар үйлөрүнөн 100гө жакын наристелер чогулду.

«Боорукердик» интернатында тарбияланып жаткан Жаркынайдын да маанайы көтөрүңкү экени байкалып турду:

- Балдардын бардыгынын маанайы абдан жакшы. Дасторконду жайнатып коюшуптур. Шириндиктер, суусундуктар, конфеттер, шоколаддар, алма жана банан дегендер аябай көп экен. Мына азыр биринчи тамакты да бергени турушат. Мунун баары бизге аябай жагып атат.

Андан ары балдар 6 лимузинге чыгып шаардын көрүнүктүү жерлерине кыдырып келишти. Манастын, Барсбектин жана Алымбек датканын эстеликтери менен таанышкандан кийин кичинекей саякатчылар атайын аянтчаларында оюн курушту. «Бул нерсе балдарга үмүт жана боорукердик тартуулайт» дейт акциянын уюштуруучусу Абдышүкүр ажы Жураев:

- Ош шаарында аз эле жетим балдар бар экен. Буларга шаардыктар 1 сомдон берсек да бапестеп багып алсак болот. Бирок тилекке каршы колунда бар кишилер, бизнесмендер керексиз нерселерге акча жумшаганды жакшы көрүшөт. Бир эле улак өткөзүп машинелерди, миңдеген сомдорду чачышат, анан кароосуз балдарга жардам бергени келгенде жок. Бул нерсе жакшы эмес. Балдар биздин мамилебизге муктаж.

Ишкердин белгилешинче, балдарды колдоо акцияларын салтка айландырганы турушат. Ар бир ай сайын бирден ресторан-кафе же, бир ишкана ээлери шаардагы ата-энесиз балдарды чогултуп көңүлдөрүн көтөрүүнү көздөп жатышат.

Бирок мындан да балдарын таштап кеткен ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өзгөчө зарыл экенин балдар үйлөрүнүн жетекчилери белгилешет:

- Чын айтыш керек, акыркы кездери балдарын таштап кетип жаткан ата-энелер көбөйдү. Айрыкча жарым жетим балдардын саны күндөн-күнгө өскөнү өскөн. Азыр жаштар баш кошуп бир-эки балалуу болуп анан ажырашып кетишет. Же бирөөсү ичип кетип, түрмөгө түшүп калып, же бири-бирин карабай койгон учурлар да арбын. Жыйынтыгында алардын баласы талаада калат. Анан бизге окшоп балдар үйлөрүнө кайрылууга аргасыз болушат, - дейт «Боорукердик» балдар үйүнүн жетекчиси Бермет Токтосунова.

Адистер белгилегендей, чет өлкөгө иштеп кеткен мигранттардын балдары кароосуз калып, балдар үйлөрүнө кайрылган фактылар соңку мезгилде көп катталууда.

Акциядан сүрөтбаян

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG