Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Кытай жарандарына патент бергендерге иш козголду


Кыргызстанда иштеген кытай жарандары
Кыргызстанда иштеген кытай жарандары

Башкы прокуратура былтыр 40ка чукул кытай жараны жасалма документ менен ишке орношкону, натыйжада бюджетке миллиондогон сом зыян келгенин аныктады.

Башкы прокуратура кытай жарандарына патенттин мыйзамсыз берилиши боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иш козгоду. Аталган министрлик болсо патент мыйзамсыз берилген деген дооматты четке кагып жатат.

Башкы прокуратура Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин милиция менен кошо текшерген. Анда былтыр 39 кытай жараны Кыргызстанда жумушка мыйзамсыз орношкону аныкталган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун “Азаттыкка” билдиришинче, мунун айынан өлкө казынасы 3,5 миллион сомдой чыгым тартты:

- Иликтөөнүн жүрүшүндө Эмгек министрлигинин жооптуу кызматкерлери мыйзамда көрсөтүлгөн жобо бузулуп, 39 кытай жаранына Кыргызстандын аймагында ишкерлик кылууга уруксат бергени аныкталды. Муну менен алар кытай жарандарынын биздин өлкөдө мыйзамсыз жүрүшүнө шыкак беришти жана салык, башка төлөмдөр төлөнбөй, ири суммада зыян келтиришти.

Куршабдагы мигранттар
Куршабдагы мигранттар

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин былтыр Алиясбек Алымкулов жетектеп турган болчу. Мурунку министр кызматтан кеткенин айтып, прокуратуранын дооматы боюнча толугураак комментарий берүүдөн баш тартты:

- Кызматтан кеткенден кийин комментарий бергеним туура эмес болот. Министрликте азыр иштеп аткан балдардан тактап алыңыздар. Бирок мындай дооматтардын далили жок.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Башкы прокуратуранын айыптарын негизсиз деп билдирип жатат. Министрликтин Миграциялык саясат башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Сартбаев патент мыйзамсыз берилген деген дооматты жокко чыгарды:

- Биз ишке уруксат кагаздарын бизге келген документтердин негизинде гана беребиз. Документтердин арасында Салык кызматынан берилген патент болот, визасы, тиешелүү медициналык маалымдамалары жана башка документтери болушу керек. Биз ушулардын негизинде гана уруксат кагазын беребиз. Былтыр эки миңдей кытай жараны патент алган. Анткени бир топ мамлекеттик долбоорлор кытай грантынын негизинде ишке ашып жатат.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмеси 2013-жылдан тарта мамлекеттик органдар менен бирге кытай жарандары иштеген ишканаларды текшерип, мыйзамсыз жүргөндөрүн аныктап келет. Аталган бирикменин төрагасы Замир Көчөрбаев чет өлкөлүк жарандарга ишке уруксат берүүдө башаламандык көп деп сынга алууда:

- Биз жалпысынан чет өлкөлүктөр иштеген 27 ишкананы текшердик. Бирөөнөн да мыйзамдын баары сакталган жагдайды көрө алган жокпуз. Көбүнесе туристтик виза менен келип иштешет, жумушка уруксат алган эмес болуп чыгат. Мунун баары көз жаздымда калып жатат. Биз укук коргоо органдары менен бирге рейд өткөргөн учурда деле мыйзамсыз иштеп жүргөн кытай жарандарын депортация кылуу аракети да болгон жок. Мыйзамга ылайык, аларга миң сомдон айып салып коёт экен. Бул аларга проблема деле эмес да, кытай жараныбы, же дагы башка чет өлкөлүк болобу, бул алардын бир күндүк тамагына кеткен эле акча да.

Кыргызстанда расмий иштеп жүргөн чет өлкөлүктөрдүн дээрлик 80 пайызын кытай жарандары түзөт. Буга байланыштуу жергиликтүүлөр арасында маал-маалы менен нааразылык чыгат, атүгүл митингдер да болгон. Анда негизинен "кытай жарандары берилген квотадан алда канча көп келет, күч органдары алардын мыйзамсыз иштешине шарт түзүп, толук көзөмөлдөбөйт" деген дооматтар айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG