Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Кытайда билим алуу мезгил талабы


Ганьсу провинциясынын борбору Ланьчжоу шаары. Бул шаардагы университетке кыргыз жаштары да окуп келген. ( Канатбек Абдиев аттуу студенттин сүрөтү)
Ганьсу провинциясынын борбору Ланьчжоу шаары. Бул шаардагы университетке кыргыз жаштары да окуп келген. ( Канатбек Абдиев аттуу студенттин сүрөтү)

Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайлары кытай тилин окуйм же Кытайдан билим алам деген чет өлкөлүк жаштарга ар түрдүү өкмөттүк, провинциялык, шаардык, университеттик, ректорлук, ишканалык, толук жана толук эмес бюджеттик негиздеги орундарды сунуш кылат. Андан сырткары акча төлөп окуганга шартың болсо, каалаган жогорку окуу жайынын эшиги сен үчүн ачык.

Кытай Эл Республикасы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн студенттерине жана мугалимдерине бюджеттик негизде билим алуучу стипендия программасын негиздеген. Бул бюджеттик орун боюнча азыркы убакта Кытайдын 279 жогорку окуу жайында ар түрдүү кесип боюнча билим алууга болот. Бул программа толук бюджеттик жана толук эмес болуп бөлүнөт.

Толук бюджеттик дегени, окуу, жатакана, жеңил ооругандар бекер дарыланат. Андан сырткары ай сайын жарым жылдык жана бир жылдык курста окугандарга быйылтан тарта стипендия көтөрүлдү. Алсак студенттерге 2500 (410 доллар) юань, бакалаврда окугандарга 2500 (410 доллар) юань, магистранттарга (эки-үч жыл) 3000 (500 доллар) юань, докторантурада окугандар 3500 юань (570 доллар) стипендия төлөнөт. Бул тамак-аш ж.б. чыгымдарың үчүн жетиштүү.

Толук эмес дегени, окуу же жатакана бекер болушу мүмкүн. Окууга тапшырууда Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги же Конфуций институту аркылуу документтерди кабыл алат.

Конфуций институтунда кантип окуса болот?

Конфуций институту 2004-жылы 21-ноябрда, Кытай тилин окутуу боюнча кеңсе тарабынан, кытай тилин жана маданиятын дүйнөгө жайылтуу максатында түзүлгөн. Биринчи болуп 2004-жылы 15-июнда Өзбекстандын борбору Ташкентте ачылган. Азыр 2014-жылдын сентябрына чейин дүйнөнүн 123 өлкөсүндө 465 Конфуций институту, 713 Конфуций классы ачылып, жаштарга кытай тилин жана маданиятын үйрөнүүгө шарттарды түзүп берген.

Бул стипендия да жарым жылдык, бир жылдык, бакалавр, магистр, докторантура жана төрт жумалык болуп бөлүнөт. Окууга тапшырып жатканда жергиликтүү Конфуций институтунун макулдугу менен документ тапшырса болот.

Калган провинциялык, шаардык стипендиялар дагы толук жана толук эмес болуп бөлүнөт. Жогоркудагы эки окуу жайга караганда буларда стипендия төмөн болушу мүмкүн, бирок баары бир акча төлөп окуганга караганда жакшы.

Кытайдагы ЖОЖдорго тапшыруу үчүн керектүү документтер

1. Чет өлкөгө чыгуучу паспорт;

2. Аттестат же диплом ( англис же кытай тилине которулуп, нотариустан тастыкталышы шарт);

3. HSK жана HSKK сертификат (HSK - бул кытай тилин жазуу түрүндө өздөштүрүү боюнча сынак тапшырып, ошол боюнча кытай тилинин билүү деңгээлин аныктоочу сертификат, HSKK - бул кытай тилин оозеки түрүндө өздөштүрүү боюнча сынак тапшырып, ошол боюнча кытай тилинин билүү деңгээлин аныктоочу сертификат. Сынакты Конфуций институтунда жыл сайын бир нече жолу тапшырууга болот жана HSK 1-2-3-4-5-6 деңгээлге бөлүнөт, ал эми HSKK төмөнкү, ортоңку, жогорку деңгээлге бөлүнөт)

4. Медициналык аныктама (ВИЧ-СПИД боюнча аныктама кошо);

5. Кытайга окуу тууралуу дил баян же план;

6. Сүрөт (6 даана);

7. Магистранттар үчүн доцент же профессордон эки даана сунуштоо каты;

8. 18 жашка толо электер үчүн ишеним каты (Кытайда окуп жүргөндө бирөө ал үчүн жоопкер болуусу керек).

Мындан сырткары көпчүлүк жогорку окуу жайларда сабак англис тилинде өтөт, бул тилди билгендерге же TOEFL сертифиткаттары барларга бюджеттик орундарды беришет.

Ал эми акча төлөп окуйм десеңиз, жылдык төлөм акысы ар кайсы окуу жайда ар түрдүү, эң төмөнкү төлөм 10 000 юань же болбосо 1640 долларды түзөт, андан башка жатакана, окуу китептери, тамак-ашка төлөмдөр ар түрдүү деңгээлде төлөнөт. Орточо эсепте бир жылга бардык чыгым 5000 долларды түзүп калышы мүмкүн.

Кытайда окуунун артыкчылыгы

Кээде кытайлык достор менен маектешип отуруп "Кытай өкмөтү неге мынча көп каражат бөлүп, чет өлкөлүктөрдү окутат, ошол акчаны өз жаштарына да бербейби" деп сурап калабыз. Алар буга “Бизде окушат, бирок акча өлкөдөн сыртка чыкпайт, студенттер стипендиясын бизде эле коротуп жатышпайбы" деп жооп беришет. Ушу тапта кытай тили жана маданияты дүйнөгө ушунчалык тездик менен жайылууда. Жада калса Африка өлкөлөрүнүн жаштары да кытай тилине ыкташууда, себеби, Кытай бул материкке аябай көп инвестиция салууда. Башкача айтканда, негизги жумуш берүүчүлөр кытай ишкерлери.

Бизде Кытайга окугусу келген жаштар көбүнчө Гуанчжоу жана Шанхайда билим алууну каалашат. Албетте, бул шаарлар кооз, өнүккөн жана иш табууга мүмкүнчүлүк бар. Ошого жараша жашоосу да аябай кымбат. Бюджеттик негизде окусаң акчаң кетпейт, бирок төлөп окусаң, бир жылдык чыгымың 10 миң долларды чапчышы мүмкүн. Эгер кытай тилин бир жылда үйрөнүп келем дегендер болсо, эң жакшысы кичинерээк, жашоосу арзан шаарларды тандаганы дурус.

Учурда жогоруда мен айткан программалар боюнча окуган мекендештердин саны аябай көп. Кытайда жашоо, билим алуу аябай кызыктуу, тынч жана жагымдуу. Ал жакта өзүңдү мекениңде жүргөндөй эле сезесиң жана мыйзамсыз иштерге аралашпасаң эч кимдин сени менен иши жок, эч ким негизсиз текшербейт.

Мен билгенден Кытайдын бардык шаарында кыргызстандык жаштар ар түрдүү кесип боюнча билим алат. Алардын социалдык абалы ар кандай, чындап билимге умтулганы же жөн эле ойноп-күлүп күн өткөргөндөрү да бар. Кытайда эс алуунун түрү ушунчалык көп, акчаң болсо күндө майрам, күндө той. Жаштар арасында окубай эле ошентип ойноп жүргөндөр да жок эмес. Бирок көпчүлүк кыргыз жаштары окууга көңүл коюп, жумуш да таап, өз келечегин кургандар. Аларды колдоп, стимул, мекен үчүн кызмат кылууга дем берүү керек.

Кытайда 10 жылдап окугандар да кездешет. Алгач бакалавр төрт же беш жыл, кийин магистратура эки-үч жыл, докторантура эки-үч жыл болуп бөлүнөт. Мен өзүм дагы магистратурага өтүп, эки ай Кытайда окуп, үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу кайра келүүгө туура келген.

Азыркы жаштар көпчүлүгү эле тилди үйрөнүп жаткандай сезилет. Биздин убакта кытай тилин эле билсең, азыр англис, түрк жана башка тилдерди жогорку деңгээлде билген жаштар дагы кытайчаны да үйрөнүүдө, бул аябай жакшы нерсе, канчалык көптү билсең, ошончолук мүмкүнчүлүгүң көп болот.

Мен азыркы жаштарга сунуштаар элем, кытай тилин үйрөнүү менен бирге, башка кесиптерди үйрөнсөңөр көп тармакта иштөөгө мүмкүнчүлүк болмок. Бизде иштеген кытайлар бир эле маалда тил билген юрист, экономист, бухгалтер, технолог, компьютер-информатика адиси, долбоор чийгендер, курулушчу, мунай боюнча адис, лаборант-технолог менен кызматташкысы келет.

Котормочу болуп жүрүп деле кытайлык инвесторлор менен же өзүнчө да ар тармакта ишкердикти баштап алганың оң. Себеби өмүр бою котормочу болуп иштөө да мүмкүн эмес. Инвестиция тартууда да көп кыйынчылыктарга туш келе турган жагдайлар бар, көпчүлүк учурда өзүңдө да акча каражат болгону жакшы, кытайлык көпчүлүк ишкерлерди биздин жергиликтүү ишкерлер мурда көп алдап кеткени үчүн, бизге көп ишене бербейт жана каржы салууда өтө этият болушат. Экинчиден, мамлекетте эки революция, түштүктөгү тополоң окуялары да аларды коркутуп койгон, стабилдүүлүк жакшы эмес деп чочулашат.

Аягында айтаарым, биздин коңшубуз ушунчалык тездик менен өнүгүп биздин жаштарга бекер билим алууга көптөгөн шарттарды түзүп жатканда, аны колдон чыгарбай пайдаланып калуубуз зарыл. Кытай менен биздин өлкөнүн кошуна болуп калуусу да биздин бактыбыз. Биздин өлкөгө эң көп карыз берген өлкө да Кытай Эл Республикасы.

Максатбек Бакиров, котормочу

"Азаттык": Максатбек Бакиров кытай тилинен котормочу болуп иштейт. Анын котормочулук кесиптин ачуу-таттуусу, кытай жарандары менен иштөөдө эмнени эске алуу керектиги тууралуу кызыктуу баянын жакынкы күндөрү жарыялайбыз.

XS
SM
MD
LG