Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Кытай лидери Кыргызстанга келет


Си Цзинпин Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырууда
Си Цзинпин Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырууда

Бүгүн кечке жуук Кытайдын лидери Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сапар учурунда Кыргызстан менен Кытайдын айрым бир документтерге кол коюшу белгиленген. Эки тарап кызматташуу деңгээлин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирүү алдында экенин билдирүүдө.

Бул маалыматты тастыктаган президенттин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов Кыргызстанда негизги жолугушуулар 11-сентябрда болорун кошумчалады:

- Программа боюнча негизги жолугушуулардын баары 11-сентябрда болот.

Токтогуловдун айтымында, эки президенттин сүйлөшүүсүнөн кийин кол коюла турган документтердин үстүнөн иштер уланып жатат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдирүүсүнө караганда, эки лидердин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча онго чукул документке кол коюлушу күтүлүүдө. Ал эми мамлекеттердин мамилеси стратегиялык деңгээлге жетүү алдында экенин Исаков белгиледи:

- Эки тараптуу мамилелерибиз стратегиялык деңгээлге баратат. Жакшы кадамдар жасалып жатат. Кол коюла турган документтердин баары даярдалууда. Андан сырткары саясий документке кол коюлат. Си Цзинпин мырзанын сапарынын соңунда маанилүү документке кол коюлат.

Саясий документ Бишкек декларациясы болмокчу. Андан сырткары эки тарап энергетика, транспорт багытында келишимдерге кол коюуга камданууда.

Кытай лидери Түркмөнстанга жасаган сапары учурунда түркмөн газын экспорттоо боюнча макулдашкан. Ал газды алып өтүү үчүн Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу газ түтүгү курулушу ыктымал. Бул маселе да Бишкектеги сүйлөшүүлөрдө талкууланары маалым болду.

Си Цзинпиндин сапары учурунда альтернативдүү түндүк-түштүк жолун каржылоо боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Келдибек Ибраев ал тууралуу буларды билдирди:

-11-сентябрда түндүк-түштүк альтернативдүү жолу боюнча келишимге кол койууга даярданып жатабыз. Ошого кол коюлушу мүмкүн.

Ибраевдин айтымында, жолдун биринчи фазасы үчүн 400 млн. доллар насыя алынат. Биринчи фазада Жалал-Абаддан Тогуз-Торого чейин 142 чакырым жол, Ак-Чийден Аралга чейин 12 чакырым жол оңдолот.

Белгилеп кете турган нерсе, Кытай буга чейин эле Кыргызстанга ири насыяларды берген. Маселен, "Датка" көмөкчү чордонун курууга, "Датка-Кемин" электр линиясын тартууга, жолдорду оңдоого жүз миллиондогон долларларды бөлгөн. Андан сырткары Токмокто, Кара-Балтада мунайды иштетүүчү заводдорду куруп бүтүү алдында турат.

Кытай лидери Си Цзинпин интервьюсунда Кытай Кыргызстанга инвестиция салуу жана соода жүгүртүү боюнча экинчи орунга чыкканын билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG