Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 19-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:13

Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрүн ачкан китеп


СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрү жеткиликтүү изилденбей келет. Чокморов жалпысынан төрт жүздөн ашык чыгарма жараткан. Учурда ал эмгектердин 70тен ашыгы көркөм сүрөт музейинин алтын фондунда сакталуу.

Калган эмгектери актёрдун үй-бүлө менчигинде жана чет элдик жыйнактарда турат.

30-октябрда КРдин эл сүрөтчүсү, атактуу актёр Сүймөнкул Чокморовдун музейинде ал тууралуу чыккан китептин бет ачары өттү. Китеп кыргыз, англис, орус тилдеринде чыкты. Китепте Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрү, көркөм мурасы тууралуу баяндалган.

Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрүн иликтеген "Сүймөнкул Чокморов" аттуу китепт мындай сөздөр менен башталат.

"Сүймөнкул Чокморов... Анын ысымы XX кылымдын 60-жылдарынын аягында кыргыз жана көп улуттуу советтик кино искусствосунун күйөрмандарына белгилүү боло баштайт. Бирок актёрдун күйөрмандарынын кээ бири анын актёрлук чеберчилигинен дагы сүрөт өнөрү биринчи орунду ээлегенин тана алышкан эмес".

Аталган китепти искусство таануучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Байыш Буудайчиев жазган. Автордун айтымында, кыргыз маданиятында Чокморов таланттуу кыл калем чебери болгону анчалык элес алынбай жүргөнү өкүнүчтүү.

- Чокморовдун көбүнчө портреттери жагымдуу. Түшүнсө болот, бир жагынан ал өзү көп адамдар менен аралашып жүргөн киши. Кино жаатында да көптөгөн кесиптештери болгон. Кинооператор, режиссёр, актёрлор, жалпы эле искусство адамдары менен жакын мамиледе жүрүп, айрымдарын сүрөткө тарткан. Кинону жакшы билгени үчүн бул киши сүрөт тартууда адамдардын сырткы көрүнүшүн ички дүйнөсүнө байланыштырып берүүдө өзгөчөлөнгөн.


Буудайчиев Чокморовдун 1962-жылы Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинин алтын фондуна кабыл алынган "Түш маалы", "Жайлоо кечтери", "Тоолор" аттуу эмгектери кадимки турмуштагыдай жандуу пейзаж болсо, 1967-жылы алтын фондго кабыл алынган "Эне" полотносунда балалык жана энелик мээрим, ага сыймыктануу кадимкидей билинип турарын кеп кылып, андан кийинки ар бир эмгегине токтолуп, өзүнүн жогорку баасын берген.

Адистер сүрөтчү Чокморов чыгармачылыгында тандап алган темасын жаратуу аркылуу жаңы образдарды ойлоп таап, өзгөчө таасирдүү көркөм боёктор менен образ, идеяны бере билгенин айтышат. Китепте анын иштери ар дайым республикалык, бүткүл союздук жана чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлуп, жакшы баага татып келгени баяндалган.

Чокморов менен 1954-жылы сүрөтчүлөр окуу жайына киргенден баштап чыгармачылык байланышта болуп келген Кыргыз Эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов таанымал актёр айрыкча ден соолугунан улам киного тартыла албай калган жылдары сүрөт өнөрүндө жемиштүү иштегенин кеп кылды.

- Ден соолугу чың кезде он жыл киного тартылды. Калган жылдары аны оору торой баштады. Өнөрканабыз кошуна турчу эле. Бир күнү кире калсам үстөлүнүн үстүндө толтура папка туруптур. "Ай, Сүймөнкул, бул эмне?", десем алардын баары ар кайсы өлкөдөн, атактуу режиссёрлордон келген сценарийлер экенин айтты. Проба кылбай эле киного тартабыз деген сунуштар экен. Бирок Сүймөнкул башында эки күндө бирден, андан кийин күн сайын диализде дарыланып калган эле. Мүмкүнчүлүгү жеткен жок.

Осмонов Чокморов экөө алгач мурдагы Фрунзеден Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, кийин азыркы Санкт-Петербургдагы Репин атындагы мамлекеттик сүрөт, скульптура жана архитектура институтунда чогуу окуганын, бир топ жыл батирде чогуу жашаган жылдарын эскерди.

Таанымал актёр тууралуу "Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй" аттуу очерк жазган Абдиламит Матисаков кезинде каарманы менен бир топ күн чогуу жүрүп, Чокморов сүрөтчүлүк өнөргө өзгөчө мамиле жасаарына күбө болгонун кеп кылды.

- Бир ийнинен сүрөтчүнүн этюднигин түшүрчү эмес. Бошой калганда анысын орното калып сүрөт тартууга киришер эле. Мен билгенден ал айылдаштарынын баарынын портретин тарткан. Мен бул китептен карап отуруп, автор Чокморовдун сүрөтчүлүк өнөрүнө туура баа берген деп ойлодум. Сүймөнкул агабыз өзү "мен Саякбай Каралаевди өмүр бою тартып бүтпөйм" деген. Чын эле ал Каралаевди өмүрүнүн соңуна чейин тартты.

Замандаштарынын айтымында, Чокморов өз өмүрүндө төрт жүздөн ашык сүрөт тарткан. Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын жетекчиси, Сүймөнкул Чокморов музейин негиздеген Арман Момаханова учурда ал эмгектер кайда экени тууралуу буларды билдирди.

- Чындыгында бул кишинин сүрөттөрү абдан көп. Азырынча алардын көбү баласынын колунда. Элге көп чыга элек. Жеке менчик коллекцияларда жүрөт. Көркөм сүрөт музейинде да көптөгөн сүрөттөрү бар. Китепте анын артында калган сүрөттөрү төрт жүздөй деп айтылыптыр. Менимче андан да көп. Чынын айтканда баласынан музей түзүп жатканда сүрөттөрүн сурадык. Бирок алар сатып алгыла деген шарт койду. Ага кайдагы акча? Бюджетте ал эмгектерди сатып алганга мүмкүнчүлүк аз. Мэрия болгону төрт-бештей гана эмгегин сатып беришкен. Алар азыр ушул музейде турат.

Момаханова мамлекет Чокморовдун бардык эмгектерин сатып алып, улуттук маданий байлык катары сактоого тийиш экенин кошумчалады.

Китепте искусство таануучу Буудайчиев Чокморовду өз чыгармачылыгы менен чектелбеген сүрөтчүлөрдүн катарына кошсо болорун, себеби анын ар бир ишинде табияттан берилген талантынын күчү, ойлорунун тереңдиги, чебер байкагычтыгы чагылышып турарын белгилеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG