Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Кыргызcтан аркылуу учкандар арбыды


Ош эл аралык аба майданына конгон учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр, 29-декабрь, 2011.
Ош эл аралык аба майданына конгон учактан түшүп жаткан жүргүнчүлөр, 29-декабрь, 2011.

Соңку жылдары Кыргызстандын аба майдандары аркылуу башка жактарга учкан кошуна өлкөлөрдүн жарандары көбөйдү.

Жүргүнчүлөрдүн саны боюнча акыркы маалыматка караганда, Баткен жана Исфанадан (Лейлек районунун борбору) Бишкекке учкандардын 60 пайызы Тажикстандын жарандары. Алардын көпчүлүгү андан ары Орусияга сапар тартат.


Учагың болсо Баткенге учур


Акыркы жыл ичинде эле күчөп бараткан атаандаштыктын жана авиакомпаниялардын көптүгүнөн улам, Кыргызстанда эл аралык аба каттамдардын саны 14%–30% өсүп, билеттердин орточо баасы төмөндөдү. Өлкөнүн авиакомпаниялары белгилегендей, учурда Баткен областынан Бишкекке учууга бир билетти эки адам сурайт, башкача айтканда уча тургандардын саны самолеттогу орундуктардан эки эсе көп.

Демек Баткен – Бишкек аба каттамы ички рейстердин эң эле кирешелүүсү. Суроо-талап жана пайда көп болгондуктан азыр бул аймакка аба каттамын ачкысы келген компаниялар да көбөйүүдө. Маселен, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын президенти Илгар Алтекин жакын арада аталган аймакка каттам ачышаарын кабарлады. Бирок бул Баткен аба майданынын учуу-конуу тилкесине ылайык учак алгандан кийин гана ишке ашат. “Кыргызстан” авиакомпаниясы да ал жакка учууга кызыкдар. Учурда Баткенге бир гана “Тез Жет” авиакомпаниясы 99 орундуу учак менен каттайт.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке “Дордой” базарынан арзан товар алганы соодагерлер көп келет. Өзбекстандык соодагерлер да “Дордойго” самолет аркылуу көп келе баштады.

Эл аралык "Манас" аба майданындагы учактар.
Эл аралык "Манас" аба майданындагы учактар.
Канткен менен “Манас” аэропорту аркылуу Бишкектен ары, айрыкча Орусия жана Украинага учкан тажик жүргүнчүлөрүнүн өзөгүн Согди областынан эмгек мигранттары түзөт.


Кыргызстан менен учкан кыйла арзан


Тажик жүргүнчүлөрүнүн көбөйгөнүнө бир эле нерсе себеп - жол киренин арзандыгы. Айталы, Исфана же Баткенден Бишкекке чейинки жол кирени Орусияга болгон билеттин баасы менен кошкондо дагы Хоженттен Орусия шаарларына түз учкандан алда канча арзан түшөт. Так эсеп менен айтканда, Баткенден Новосибирскке Бишкек аркылуу бир тарапка жол кире 140 долларга жетсе, Хоженттен 400 долларга жакын.

Анткен менен Оштогу жаңы эле реконструкцияланган эл аралык аэропорту Фергана өрөөнүндөгү эң көп жүргүнчү өткөн аба майдан. Ошол эле хоженттик соодагерлер Стамбулдан Ош аркылуу товар ташып жан багышат. Кыргызстандан Түркияга тажик жарандары 250 долларга учса, өз өлкөсүнөн Стамбулга билеттин баасы 1108 доллар. Ош – Стамбул аба каттамына Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана областтарынан да талап көп. Бул үч шаардан Түркиянын эң ири шаарына жол кире эки–үч эсе кымбат. Оштон Дубайга жана Үрүмчүгө да учкандардын жарымы коңшу өлкөнүн жарандары.

Оштон учкан өзбекстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштеген эмгек мигранттары. Учурда Красноярскиде иштеген Фергана областынын бир тургуну Ошко, же тетирисинче Оштон учуу салыштырмалуу өтө эле арзан экенин “Азаттыктын” өзбек кызматына минтип айтып берген:

- Мисалы, Иркутскиден Ошко билет 7,5 миң рубль; жакында эле 35 өзбекстандык адам Иркутск – Ош каттамы менен жөнөп кетти. Мен өзүм Красноярскидемин жана жада калса Ташкентке жол кире 19 миң рубль. Красноярскиден Наманганга билет 21 миң рублден. Иркутскиден Новосибирск аркылуу Ферганага жол кире дээрлик 30 миң. Анын үстүнө Ферганага бул жактан түз каттам жок.

Өзбекстандыктар үчүн Оштон Сибирдин шаарларына жана Санкт-Петербургга учуу да өз өлкөсүнөн учканга караганда үч эсе арзан. Москвага жол кире да Өзбекстандын шаарларынан эки эсе кымбат. Ушундан улам Ош аэропортун азыр болбосо да бара-бара Фергана өрөөнүндөгү жүргүнчү ташыган хабга айлантса неге болбосун деген ой келет.
Ош эл аралык аэропорту.
Ош эл аралык аэропорту.

Бирок да азыр Ош аба майданындагы кызматкерлердин тейлөө маданиятына башкалар эмес, өзүбүздүн эле жарандардын ичи чыкпай жүрөт. Андагы кызматкерлердин оройлугу, жүргүнчүлөрдү заманбап тейлей албай жатканы тууралуу буга чейин биздин сайтыбыздын окурмандары да бир канча жолу жазганы бар. Албетте бул башка маселе деңизчи, бирок да аэропорттун жетекчилиги ушул жагын да эске алып койсо ашыкча болбос эле. Канткен менен бул да заман талабы, каалайбызбы-каалабайбызбы баары бир сылык-сыпаа тейлөөгө өтүшүбүз керек.


Орусия шаарларына жаңы каттамдар ачылат


Коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстан аркылуу учкан жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн сайын каттамдардын саны да өсүүдө.

“Кыргызстан” авиакомпаниясынын өнүктүрүү боюнча вице-президенти Кайрат Итибаевдин "Азаттыкка" айтымында, жакында эле Бишкек менен Оштон Орусиянын 13 шаарына түз учуу тууралуу макулдашууга жетишилди. Анын алкагында “Кыргызстан” Орусиянын Астрахан, Белгород жана Минеральные воды шаарларына түз каттамдарды ачууну пландап жатат. Учурда өлкөдөн Орусиянын 12 шаарына учактар түз каттап турат. Кайрат Итибаев азыр авиакомпания ички жана тышкы каттамдарды аткарууга эки учак издеп жатканын да кошумчалады.




Адистердин айтымында, жакынкы 5–10 жылда Кыргызстанда аба каттамдарга талап кескин өсөт. Мисалы, август ичи эле Новосибирскке Бишкектен жүргүнчүлөрдүн саны 41%, Оштон 15% көбөйгөн. Новосибирскке КМШдан учуп келген жүргүнчүлөрдүн саны боюнча Бишкек биринчи, ал эми Ош экинчи орунда турат. Сибирдин эң ири “Толмачёво” аэропортунун коммерциялык директору Григорий Померанцев кабарлагандай, учурда “Скай Бишкек” авикомпаниясы менен Новосибирскке каттамдарды ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми Орусиянын “S7 Эйрлайнс” авиакомпаниясы Новосибирск – Бишкек – Дели каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы маалым болду.

Кыргызстанда акыркы жыл ичинде эле алты ички каттам калыбына келтирилген жана үч жаңы авиакомпания ачылган.

Союз маалында Кыргызстанда 86 аба майданы, учуп-конуу тилкелери, майда аэродромдор, айыл чарба жана спорттук тилкелер, аскерий аба майдандары жана тик учак конуучу аянтчалар бар эле. Алардын ичинен азыр 11 аба майдан гана учактарды кабыл алганга кудуреттүү. Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, азыр Кыргызстанда 19 авиакомпания жана 32 учууга жарамдуу учактар катталган. Былтыр ички каттамдар менен ташылган жүргүнчүлөрдүн саны 8% өсүп, жарым миллионго жакын (479 681) адамды түздү.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG