Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Ички аба каттамдар өзүн актайбы?


Кыргызстанда ички учак каттамдары жандана баштады. Региондорго ачылып жаткан учак каттамдары өзүн актайбы, келечеги барбы?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Кыргызстан” аба компаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов, “Эсен эйр” аба компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бегалы Наргозуев жана "Манас" аэропортунун жетекчисинин кеңешчиси Илим Карыпбеков катышты.

“Азаттык”: Эл аралык маанидеги "Манас", Ош аэропортторунан тышкары Кыргызстанда канча аэропорт бар?

Карыпбеков: Азыр Кыргызстанда он төрт аэропорт бар. Мунун көпчүлүгү иштебейт, дотацияда турат. Азыр киреше алып келип жаткан аэропорттор - “Манас” жана Ош аэропорттору. Ош аэропорту азыр абдан жакшы өнүгүү абалында, буйруса, аталган аба майданынын мүмкүнчүлүгү чоң, ошондуктан Ош аэропорту “Манастан” да ашып кетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Баткен, Исфана шаарларына алыс болгону жана жолдо Өзбекстан, Тажикстандын чек аралары болгону үчүн учак менен учууну каалоочулардын саны арбын болсо керек. Эмне үчүн Жалал-Абадга учак аз учуп жатат?

Бектурганов: Азыркы учурда Баткен менен Исфана каттамдары өзүн актаган каттам болуп эсептелет. Ал эми Жалал-Абадга аптасына төрт жолу каттайт, бирок кээде Ошко билеттин баасы арзан болгон учурда жүргүнчүлөр Ошко учууну артык көрүшөт. Андай мезгилдерде рейсти алып салууга туура келет. Нарынга кайрадан жанданган учак каттамы да буйруса өзүн актайт деп ойлойм. Келечеги бар ички каттамдардын бири деп айта алам. Нарын тоолуу аймак, каттам тынымсыз каттап турса эле эл көнөт деп ойлойм.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:17 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Бегалы мырза, сиз ишенесизби, ички каттамдар, мисалы Кербенге, Нарынга учак менен жүргүнчү ташуу өзүн актайбы? 20 жылда кайра жанданган Бишкек-Нарын каттамынын мисалында.

Наргозуев: Бишкек-Нарын каттамынын жанданышы мени да кубандырат. Бирок Нарын, Казарман, Кербен ж.б. аэропорттору мамлекеттин дотациясында турат. Ал жакка каттоодон аба компаниялары пайда көрүшпөйт.

Бишкек-Нарын каттамын жандантып жаткан “Скай Бишкек” аба компаниясы февраль айында Кербенге аба каттамы ачылганын жар салган эле, азыр жок. Мына, Нарынды да транспорт министри баш болуп, кайра-кайра жар салып, мактанып атышат. Бирок бүгүн эле айрым гезиттер Бишкек-Нарын каттамындагы учактар бош барып келип атышканын, “Скай Бишкек” жакынкы арада бул каттамды токтотууга мажбур болуп жатканын компаниянын өзүнө шилтеме берип жазып чыгышты.

Бизде ушундай бир практика бар: кайсы бир коммерциялык компанияга пайдалуу каттамды берерде пайдасы аз, көптөн бери токтоп турган ички каттамды да иштетүүнү тапшырышат. Бишкек-Кербендин тагдыры да дал ушундай эле болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG