Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

КМШ өзүн реформалоону ойлоно баштады


КМШга мүчө мамлекеттин премьер-министрлеринин Бишкек саммити, 7-июнь, 2016-жыл
КМШга мүчө мамлекеттин премьер-министрлеринин Бишкек саммити, 7-июнь, 2016-жыл

КМШнын өкмөт башчыларынын Бишкектеги саммитинде уюмду реформалоо тууралуу сөз болду. Аны Кыргызстан да колдоду.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги уюмун реформалоодо аша чаап кетпөөгө чакырды.

Бишкек саммитинде негизинен бул уюмду заман шартына ылайык келтирүү тууралуу сөз болду. Жалпысынан 20дан ашык маселе каралып, энергетика, медицина, химиялык өнөр жай жана башка тармактарга тиешелүү 16 документке кол коюлду.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин Бишкек саммитине Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын, Беларустун премьер-министрлери, Азербайжан менен Өзбекстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басарлары, Армениянын биринчи вице-премьер-министри, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрага орун басары катышты.

КМШга мүчө мамлекеттердин саммити
КМШга мүчө мамлекеттердин саммити

Саммит алдында аларды президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Ал өз сөзүндө КМШны реформалоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Бирок аша чаап кетпөө керектигин эскертти:

- Кыргызстан бул уюмду трансформациялоо зарылдыгы жана КМШнын тармактык органдарын реформалоо тууралуу сунушту колдогонун билесиз. Бирок реформа маселесине тең салмактуулук жана прагматикалык мамиле керек деп эсептейбиз. Бардыгы ойлонуштурулуп, акылга салынып, эсепке алынышы керек.

Саммитте жалпысынан 20дан ашык маселе талкууланды. Экономика, өнөр жай, энергетика, инновация жана медицина тармагына тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 16 документке кол коюлду. Күн тартибине киргизилген маселелердин басымдуу бөлүгү гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча болду. Уюм ичинде эркин соода аймагы тууралуу келишимдин протоколу кабыл алынды.

Уюмду өзгөртүү тууралуу Казакстандын сунушун бардык мүчө мамлекеттер колдоду. Ким заман менен кошо кадам шилтебесе ал ошол замандан артта калат, ийгилик болбойт.
Сергей Лебедев

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков саммиттен кийин журналисттерге маалымат берип жатып, уюмду сактап калуу тууралуу орток пикир табылганын билдирди:

- Бүгүнкү күндө бул маселе боюнча айрым бир жыйынтык бар. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин аймактык, мамлекеттер аралык уюм катары сактап калуу зарыл экенин белгиледик. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жана премьер-министрлеринин жыйынынын күн тартибин жеңилдетүү боюнча тил табыштык. Уюмдун органдарынын жана аткаруу комитетинин иши боюнча сунуштар берилди. Ошондой эле уюмдун келишимдик-укуктук базасын инвентеризациялоо боюнча ойлор айтылды.

Саммиттин катышуучулары
Саммиттин катышуучулары

​КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев аталган уюмдун мындан аркы кадамдары тууралуу күзүндө өлкө башчыларынын саммитинде кеңири талкууланарын маалымдады:

- Бул бардык эле эл аралык уюмдарга тиешелүү табыгый жараян. Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун 70 жылдык тарыхында бул же тигил инновацияны киргизүү тууралуу талкуу такай эле болуп келген. Ушундай эле талкуулар Европа коопсуздук келишими уюмунун тегерегинде да болот. Уюмду өзгөртүү тууралуу Казакстандын сунушун бардык мүчө мамлекеттер колдоду. Ким заман менен кошо кадам шилтебесе, ал ошол замандан артта калат, ийгилик болбойт.

КМШга 11 мамлекет мүчө. Ушул жылдын сентябрь айында бул уюмга мүчө мамлекеттин башчыларынын 25-мааракелик саммити Бишкекте өтмөкчү.

"Арай көз чарай": КМШ келечеги туманда. 07.06.2016

КМШ келечеги тумандуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:50 0:00

XS
SM
MD
LG