Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Өзүбүз өзгөрөлү


Ошентип Кыргызстан эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын белгилеп жаткан кези. 20 жыл бизге эмне жаңылык берди, эмне өзгөрүүлөр болду жана эмне утуп, эмнени уттурдук деген суроо ар бир эле жаранда пайда болсо керек.

Албетте биз коңшубуз Казакстандай болуп өз өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, өнүктүрө албадык. Грузин туугандардай криминалды жана коррупцияны түп тамырынан жок кыла албадык.

Бизде, тескерисинче, элдин жашоо-шарты бир кыйла начарлады, коррупция менен криминал күчөгөнү күчөп, ого бетер өсүүдө. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Ушунун айынан биздин 100 миңдеген мекендештерибиз алды океандын ары жагында, арты Орусия, Казакстанда иштеп, жанын багышууда. Бул сан күндөн күнгө өсүүдө.

Азыркы учурда ташты каякка ыргытпайлы, мейли мектеп, жогорку окуу жайлары, медицина, сот, жада калса бала-бакчага чейин коррупцияга белчесинен батып бүттү. 20 жылда саясатта да бир топ өзгөрүүлөр болду. Эки ажону кубаладык, Баш мыйзамды алмаштырдык, кан төгүлдү.

Утушубуз – биринчилерден болуп Борбор Азияда парламенттик башкаруу формасын тандап алдык. Албетте көптөр сын айтты, ичтери күйгөндөр да болду. Бирок, менин оюмча, бул эң туура кадам. Кудайым буйруса 2-3 шайлоодон кийин бул система оң жыйынтык берип, элдин көз-карашы өзгөрөт. Келечекте Кыргызстан да демократиялуу, эркин, экономикасы өнүккөн, адам укуктарын коргогон өлкөгө айланарына мен терең ишенем!

20 жылдык тарыхыбызда биз ата-бабаларыбыз ыйык тутуп келген, идеологиябыздын негизин түзгөн ыйман, улууга урмат, кичүүгө ызат, ар-намыс, акылдуулук, айкөлдүк, чынчылдык жана мекенчилдик сапаттарыбызды унутуп баратабыз. Азыр биз ал сапаттарды акча жана бийлик деген ураанга алмаштырдык. Бул идеологияга айланып бараткансыйт.

Азыркы учурда акча менен бийлик үчүн адамдар эмнеге гана барышпайт! Акча менен бийликке жетүү үчүн тууган, бала атасын, жада калса мекенин сатууга даяр болуп калды. Буга далил – Үзөңгү-Кууш менен Каркыра. Бирок бул көрүнүш эч качан жакшылык алып келбейт, буга качкан ажолорубуз далил. Руханий жактан бир топ аксап калдык.

7-апрелден кийин келгендер да көп нерседен сабак албады көрүнөт. Бир тарыхчы айтмакчы: “адамдар качан гана өткөндөн сабак алып, келечекке кадам таштаганда коом өзгөрөт, антпесек тарых бизди жазалайт”. Биз бул сөзгө маани берсек. Биз эки жолу жазаландык, эми үчүнчүсүнө жол бербейли.

Биздин башкаруучулардын негизги милдети – бир айылдын арыгын оңдоо эмес, бүт коомдун аң-сезимин оңдоо, жакшы жакка буруу, ошондо турмуш да оңолот. Албетте бул оор иш, буга биз да салым кошушубуз керек. Кантип? Жөн гана ошол коомдо жашаган ар бир жаран өзгөрүшү керек. Ал ким? Ал сен жана мен, мугалим менен студент, дарыгер менен оорулуу, депутат менен министр, МАИ кызматкери жана айдоочу, сот менен прокурор. Мына ушул коомдун бир эле бөлүгү акча албай, чын дили менен иштесе, бул өзгөрүү үчүн чоң өбөлгө болот, келечегибиз кең болот. Мындан кийинки иш-аракет ушул багыт боюнча болсо дейм.

Албетте көптөгөн кемчиликтер, каталар болду, бир топ оор күндөрдү башыбыздан өткөрдүк, бирок биз бир өлкө, Кыргызстан деген атыбызды сактап кала алдык! Бул 20 жылдагы эн чоң жеңиш болду! Мындан ары урушпай достошолу, төгүлбөй куюлалы, түндүк-түштүккө бөлүнбөй, Кыргызстанга биригели!

Мен терең ишенем, жакынкы жылдары да Кыргызстандын атын алыска чыгарчу билимдүү жаштар чыгаарына. Ким билет, Сүймөнкул Чокморовдой таланттуу актер чыгар, Чыңгыз атабыздай дүйнөнү дүңгүрөткөн жазуучу чыгар, же Стив Жобс, Марк Цукенберге окшогон мыкты адистер чыгар. “Жакшы тилек – жарым ырыс” демекчи, жакшы тилектерди тилейли.

Кыргызстан мародерлордун эмес, билимдүүлөрдүн өлкөсүнө айланат! Чыңгыз хандын айтканы бар: “коркосуңбу – баштаба, баштадыңбы – коркпо”. Биз өзүбүз үчүн демократия деген жолду тандадык, эми коркпой, алдыга гана карай кадам таштообуз туура болот. Анткени келечек биздики, Кыргызстандыкы! Ишенели жана эмгектенели! Алга, Кыргызстан!

"Азаттыктын" окурманы Oskar Kyrgyz
XS
SM
MD
LG