Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Эмгек кодекси өзгөрсө, ким кодуланат?


Кыргызстанда Эмгек кодексинин коомчулукка сунушталган жаңы долбоору талаш-тартыш жаратууда.

Кесиптик кошуундар федерациясы мыйзам жумушчулардын укугун кескин чектейт деп билдирди. Өкмөт дооматтарды четке кагып, иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо пайдалуурак экенин далилдөөдө.

Кесиптик кошуундар федерациясы 22-мартта кодексти өзгөртүүгө каршылыгын айтып, калайман нааразылык акцияларды өткөрүүгө даяр экенин эскертти.

Уюмдун төрага орун басары Ормонбек Жайлообаевдин билдиришинче, анда аялдар, өспүрүмдөр, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өңдүү социалдык топтор үчүн каралган нормалар алынып салынган:

- Мыйзам долбоордо эмгек укугу одоно бузулуп жатат. Майыптарды, аялдарды, өспүрүм балдарды жумушка алууда жана иштөөдө укуктары такыр сакталган эмес. Каалаган учурда каалагандай кылып алып, иш берүүчү өзү каалаган маянаны койот экен. Мисалы, аял кош бойлуу кезинде, же отпускада болгондо кайра чакырып, каалаган учурда кайта кетирген укуктарды алат экен. Балдарды, өспүрүмдөрдү иштетүү мындан да күчөйт экен.

Эмгек кодексин өзгөртүү демилгесин өкмөт көтөрүүдө. Анын жүйөсүнө ылайык, мыйзам өзгөрсө, өлкөгө инвестиция тартуу кыйла жакшырат, көмүскөдө иштегендер ачыкка чыгат.

Жаштар, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин бөлүм башчысы Гүлмира Касымалиеванын айтымында, азыркы мыйзамга караганда бул долбоордун көлөмү азайды. Башка мыйзамдарда көрсөтүлгөн, бири-бирин кайталаган жоболор алынып салды:

- Иш берүүчүлөр балдары бар аялдарды жумушка албай жатат. Анткени кокус кыскартуу болсо, алар балалуу аялды жумуштан бошото албайт. Анткени андай кылууга тыюу бар. Ошон үчүн жумушка алып жатканда да аял келсе аны албай, эркекти алат. Аялды алып алсам, кийин кыскартуу болсо, жумуштан алалбай калам дешет. Аял, же эркек деп карабай кесипкөй адис калышы керек да. Эмгек кодексинин көлөмү чоң болгондон кийин аны инвесторлор карап, аялдар, майыптар боюнча нормаларды карап, "эгер иштеп калсам ушулардын баарын аткара аламбы, же жокпу" деп коркушат.

Анткен менен Эмгек кодексинин жаңы долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коомунун да нааразы кылууда. Мындай коомдун өкүлү Үкөй Мураталиеванын баамында, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөө зарыл:

- Маселени бирөөлөрдүн эсебинен чечкенге болбойт. Демек буга чейин инвесторлор келбей, кодекстен жанагы нормаларды эле алып койсо инвесторлор көбөйүп кетет бекен? Жок. Бул такыр туура эмес, кандай болсо да биз инвесторлорду чакырышыбыз керек. Мисалы, бизге “Майкрасофт” компаниясын мисал кылышкан. Ушундай укмуштуудай, чоң компанияда иштеген адамдардын элүү пайыздан ашыгы мүмкүнчүлүгү чектелгендер экен. Кайсы бир нерсени алып койсо эле маселе чечилбейт. Мындай болбошу керек.

Айрым иш берүүчүлөр долбоордун жакшы жактарын белгилешүүдө. “Кыргыз концепт” компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев Эмгек кодекси жаңырса, жумушчу орунда көбөйөрүн белгиледи:

- Сөзсүз түрдө жаңы долбоорду колдош керек. Бул долбоор адам укугун эч бузбайт. Жумушчулардын саны эмес, ишканалардын, иш берүүчүлөрдүн санын көбөйтүшүбүз керек. Ошол жумушчулардын бардыгы тең ишкана ачканга мүмкүнчүлүктөрү болуш керек. Чакан ишканаларды ачуу үчүн ишкана ачкан адамдардын шартын жеңилдетишибиз керек.

Ырасмий маалыматка ылайык, Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы 23-мартта экономика жана монополияга каршы саясат министри менен жолугуп, Эмгек кодекстин долбоорун талкуулап, талаш-тартыштуу жерлерин тактаганы жатат. Андан мурдарак федерация бул күнү өкмөт үйүнүн алдына беш миңдей адам топтоп, митингге чыгарын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG