Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:37

Улутташтырган мүлктөрдүн уу-дуусу


Бакиевдерге таандык, курулушу бүтпөй калган пансионат
Бакиевдерге таандык, курулушу бүтпөй калган пансионат

2010-жылкы бийлик алмашуудан соң улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу натыйжасыз жана күмөндүү жагдайда жүргүзүлгөн.

“Аврора+”, “Аврора-Грин” жана “Витязь” сыяктуу эс алуу жайларынын жер тилкелери жана коттедждери улутташтыруунун тизмесинен чыгарылып, үчүнчү бир тараптарга сатылып кеткен. Бул тууралуу “Республика” фракциясында улутташтырылган объекттердин тагдырына байланыштуу талкууда белгилүү болду.

Кесилген жер тилкелери, кемиген коттедждер

Максим Бакиевге таандык делген “Аврора+” пансионатынын он гектар жер аянты жана 82 коттедж сот органдарынын чечими менен “Ала-Арча” деген аталыштагы ишканага берилип кеткен. Марат Бакиев ээлик кылган “Витязь” жана “Аврора-Грин” эс алуу жайларынын курулуп бүтө элек объекттери менен жер тилкелери дагы мына ушундай тагдырга туш болгон. Бул мүлктүн көпчүлүгү кезинде коммерциялык банктарга күрөөгө коюлган болчу.

Улуттук банктын төрага орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин муну мамлекеттик мүлк фондунун ишинин жыйынтыгы катары сынга алды:

- “Ысык-Көл инвест" банкына коюлган төрт, “Кыргызкредит” банкына коюлган 11 коттедж, “Манас” банкындагы 5 коттедж түп-орду менен үчүнчү бир тараптарга өтүп кеткен. Бардыгы болуп жыйырма коттедж. Бул үчүн азыр ким жооп берет? Мамлекеттик мүлк фонду бул боюнча бизге же коммерциялык банктарга маалымат бербейт. Сот жараяндары качан өткөнү белгисиз. Анан эле мамлекеттик каттоодон күрөөгө коюлган мүлк башка бир тараптарга өтүп кеткенин билип калып жатабыз. Бул туура эмес. Декреттин негизинде улутташтырылган мүлктөргө мамлекеттик орган жооп бериши керек эле. Биз болсо бул боюнча кандайча чечим кабыл алынганын билбей отурабыз.

Улутташтырууга чейинки чечим

Ошол эле кезде Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчилиги Улуттук банкты "коммерциялык банктардын кызыкчылыгын ашкере коргойт" деп айыптады. Анын алдындагы Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондунун төрайымы Назира Үсөналиева коюлган дооматты мындайча четке какты:

Бакиевдердин күйгөн үйү, 2010-жыл
Бакиевдердин күйгөн үйү, 2010-жыл
- "Аврора+" боюнча айтсак, анын 74 коттеджи “Ала-Арча” ишканасына өтөт деген Жогорку Соттун акыркы чечими бар. Биз соттун бул акыркы чечимин аткарышыбыз керек эле. Анткени убактылуу өкмөттүн декрети чыга электе эле бул маселе жергиликтүү соттун чечими менен мына ошондой шартта чечилген. Бул боюнча декрет 20-майда чыкса, биринчи инстанциядагы соттун чечими 10 - майда эле чыккан экен. Ошондуктан мына ошол коттедждер улутташтырууга кирген эмес.

Ошол эле кезде Жаныш Бакиевге, Марат Бакиевге жана бул үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө таандык делген көптөгөн турак-үйлөр, автоунаалар жана мекеме-ишканалардын дайын-дареги жок болуп жатканы айтылды. Анткени убактылуу өкмөттүн декрети менен 47 объект гана мурдагы президент Бакиевдин жакындарына караштуу деген негизде улутташтырылган. Кийин өкмөт чечими менен ал объекттердин ичинен он жетиси тиешелүү министрликтердин карамагына өткөрүлүп берилген. Калган 23 мүлктүн ичинен сегизи аукцион менен сатылган. Андан бюджетке 200 миллион сомдон ашыгыраак каражат түшкөн.

“Республика” фракциясынын жетекчисинин орун басары Максат Сабиров бул маселе арсар абалда калганын белгиледи:

- Биз мына ушундай көп маселелер боюнча айла кеткенден, өкмөт мына ошол маселени чече албагандан улам комиссия түзөлү деп жатпайбызбы. Бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев келсе, бир топ суроолор берилип, айрым бир маселелердин башы ачылат эле. Мына үч жыл болду. Ошондон бери улутташтырылган мүлктүн тагдыры эмне болуп жатканын аягына чейин түшүнбөй жатабыз.

“Республика” фракциясы палатанын кароосуна бул боюнча атайын депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүү чечимине келди. Бирок айрым фракция мүчөлөрү буга чейин эле парламенттин фискалдык саясат комитетине бул маселени иликтөө жагы тапшырылганы менен андан тиешелүү жыйынтык болбогонун сынга алышты.
XS
SM
MD
LG