Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Матрезервдеги былыктар ачыкка чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Өкмөткө караштуу Материалдык резервдер фондундагы жаңжал ачыкка чыкты. Мекеменин Коомдук байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү фонддун жетекчиси боюнча арызданып коомчулукка кайрылуу жолдоду.

Анда Жоомарт Жумабеков башчы болуп келгенден тарта коррупция күчөгөнү, интрига көбөйүп, бир топ кызматкерлер негизсиз жумуштан алынганы, алардын ордуна тууган-уругу, тааныш-билиши келип жатканы айтылат.

Жумабеков болсо мындай дооматты четке какты жана ал кайрылууда айрым жашыруун мамлекеттик сыр деп эсептелген маалыматтардын чыгып кеткени боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Материалдык резервдер фондунун Коомдук байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү жөнөткөн көлөмдүү кайрылууда фонддун жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзам бузган делген бир топ факт айтылган. Мунун айынан жамаатта нааразылык, тирешүү күчөгөнү жазылган.

Ал жакта материалдар сатылып-алынып жаткандан кийин ар тараптан көзөмөл болушу керек.

Коомдук байкоочу кеңештин төрага орун басары Ренат Самудинов “Азаттыкка” мындай дооматтар негиздүү деп билдирди. Анын айтымында, Жоомарт Жумабеков келгенден бери 20дан ашык адамды негизсиз кызматтан кетирди. Ал Коомдук байкоочу кеңеш менен иштешүүдөн караманча баш тартып жатат жана фонддун кеңсесинде кеңеш үчүн бөлүнгөн бөлмөнү да ар кандай шылтоолор менен алып койду дейт Самудинов:

- Биздин маалымат боюнча сегиз миллиондон ашык дебитордук карызы бар. Ошол карызды жоюу боюнча иштебей, кадрларга тийишип жамааттын ичинде абдан эле чоң чыңалуу бар. Мисалы, бир топ тендерлерди маалымат бербей эле өткөрүшөт. Маалымат сурасаң эле биз жабык объектпиз дешет. Маалымат бербей иштешет. Матрезервдин ишин оңдош үчүн адегенде кадрларды алмаштырбай, колдонулуп жаткан коррупциялык айла-амалдарды жоюп, жок кылуу керек эле.

Ренат Самудинов Жумабековду коррупциялык айла-амалдардан арылгысы келбей жатат деп айыптады. Мисалы, материалдык резервде сөзсүз кармалып турушу керек деген буюм-тайымдардын тизмеси жедеп эскирип бүткөнүн, аны жаңылоого барбай жатканын кошумчалады:

- Матрезервде айрыкча чукул кырдаал убагында керектелчү маанилүү товардык-материалдык баалуулуктар сакталбайт экен. Алардын ордуна Советтер союзунан калган, керексиз, эски, мөөнөтү өткөн буюм-тайымдар сакталат экен. Чогуу иштейли десек эч кандай маалымат беришпейт. Ушуну менен эле кармашып келатабыз. Жумабеков жетекчи болуп келгенден бери бул маселе аябай курчуп кетти. Ага чейинки жетекчилер менен деле көп учурда конфликт болуп келген. Биздики жашыруун деп эле эч кандай маалымат беришпейт. Эми биз жашыруун экенин түшүнөбүз. Бирок фонддун ишин жакшыртуу жолдорун табышыбыз керек да. Жашыруунбуз деп такыр эле жабынып-бекинип алышса, биз анда кантип өзгөртөбүз?

Биз мындай доомат боюнча Материалдык резервдер фондунун жетекчиси Жоомарт Жумабековдун өзүнө кайрылдык. Ал иштен бошотту деген кызматкерлер жумуштан өз эрки менен кеткенин билдирди. Жашыруун деген шылтоо менен маалымат бербей жатат деген дооматты четке какты. Анын айтымында, Коомдук байкоочу кеңеш тараткан кайрылууда айрым ачыкка чыккан жашыруун маалыматтар болгон жана алар териштирилип жатат:

- Жамаатта андай деле чуу жок. Ошол жерде кимдир бирөөлөр жөндөн жөн эле каралап жатат. Ал жерде айрым бир жашыруун маалыматтар кетиптир дейт. Аны күч органдары текшерип жатат. Коомдук кеңештегилер "биз жазган эмеспиз, биздин атыбыздан эле жөнөтүп жиберишиптир" деп жатат. Жумуштан кеткендер өз арыздары менен кеткен, айрымдары башка ишке которулган. Мен да мыйзамды билем, мыйзамды сыйлайм. Негизи жашыруун деген маалыматтарга уруксатты мен бербейм. Андай маалыматты кимдер ала алары тууралуу тизме бар жана уруксатты УКМК берет. Бул маселени мен чече албайм. Мен ал жакка өтүнүч жөнөткөндө алар макул болбой коюшкан.

Бир топ тендерлерди маалымат бербей эле өткөрүшөт. Маалымат сурасаң эле биз жабык объектпиз дешет.

Шералы Абдылдаев Материалдык резерв фондунун мурунку төрагасы. Анын айтымында, аталган мекеме айтылган коррупцияга байланышкан дооматтардан арылышы үчүн жарандык коом менен тыгыз иштеши керек:

- Ал жерде айрым бир маалыматтар сыртка чыкпашы керек. Ошондой жобо бар. Бирок ошол эле убакта бүгүнкү күндө коомчулукка ачыктык керек болуп турат. Бул жерде кээ бир маселелер бар. Ал жерде баары эле жашыруун эмес. Жашыруун эмес материалдар боюнча коомчулук менен иштеши керек. Ал жакта материалдар сатылып-алынып жаткандан кийин ар тараптан көзөмөл болушу керек.

Байкоочулардын баамында, Материалдык резервдер фонду "майлуу-сүттүү" мекеме деп саналат жана көп акча көмүскө айланат, бир канча жылдан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар бар. Жоомарт Жумабеков фондго башчы болуп былтыр ноябрь айында дайындалган. Ага чейин өкмөттүн аппаратында Агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүн башкарган.

XS
SM
MD
LG