Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Ош: абактан арачалаган "кызмат"


Ош шаары
Ош шаары

400 миң сом пара менен кармалган Ош шаардык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын жетекчиси Рысбек Нурдинов үй камагына бошотулду.

Ош шаардык сотунун судьясы Темирбек Курманбеков кылмышка шектүүнүн саламаттыгына байланыштуу анын бөгөт чарасы катары үй камагы тандалганын белгиледи. Ички иштер министрлиги Нурдинов тендер аркылуу жабдуу ташып келүүчү компаниядан 675 миң сом пара талап кылган учурда кылтакка илингенин билдирди. Талдоочулар арасында мурда Ош шаардык шайлоо комиссиясын жетектеген Рысбек Нурдинов бийлик партиясына ыңгайлуу чечим кабыл алууга кошкон салымы үчүн аталган кызматты ээлеп келгени белгиленди.

Алкымдын чоңдугу

Быйыл март айында Оштогу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасы баасы 2 миллион сомго чукул жабдууларды сатып алууга тендер жарыялаган. Тендерден утуп чыккан компанияга көмөктөшкөнүн колко кылган ишкана жетекчиси Нурдинов жакында бир лоттун наркына барабар пара талап кылганы тууралуу милицияга арыз түшкөн.

Буга чейин ичип алып, чыр салганы жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлгөн. Бирок колдоосу күчтүү экен, андан дагы кутулуп кеткен.
Эркин Абдразаков

Паранын өлчөмү 675 миң сомду түзүп, тендерде өткөрүлгөн үч лоттун бир бөлүгүнө барабар болгон. Мына ошондон соң Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесиндеги ири өлчөмдө пара талап кылуу кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.

Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев сот ири өлчөмдө пара менен кармалган жетекчини токтоосуз түрдө кайра үй камагына бошотуп жиберген жагдайды мындайча белгиледи:

- Бул ири өлчөмдөгү пара талап кылууга байланыштуу коррупциялык кылмыш деп эсептелинет. Талап кылынган паранын жарымынан көбүн алып жаткан учурда аталган жетекчи кармалган. Бирок Ош шаардык сотунун судьясы Курманбеков шектүү адам оор кылмышка айыпталганына карабастан үй камагына бошотуп жибергени тууралуу маалымат келип түштү.

Рысбек Нурдинов Оштогу таасирдүү жетекчилерден болгондуктан Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте өткөзгөн атайын иш-чаранын негизинде кармалган.

Үй камагына чыгартуунун "үйрөнчүк амалы”

Анын бөгөт чарасын караган Ош шаардык сотунун судьясы Темирбек Курманбеков Рысбек Нурдиновду үй камагына бошотууга негиз берген жагдайды анын саламаттыгы менен байланыштырды:

- Ал өзү негизи ооруйт экен. Анан анын жаш курагын дагы эске алдык. Буга байланыштуу жүйө катары келтирилген далилдер иштин ичине тиркелген. Тиешелүү документтеринин бардыгы бар экен. Убактылуу кармоо жайында отурган учурда ага бир нече курдай тез жардам чакырышып, анын саламаттыгы начарлаганы тууралуу мекеме жетекчисинин тастыктама каты дагы соттук кароого киргизилди. Андан соң гана анын бөгөт чарасы чечилди. Биз мэрияны же башка жакты уккан жокпуз. Бул жерде бардыгы мыйзам чегинде гана жүргүзүлдү.

“КСДП – кимдин ишенимдүү тиреги?”

Азыр эми паракорлор арасында “пара алып, кармалсаң деле соттон чыгып кетсе болот экен” дегендей пикир калыптанып калды. Анан эле ооруканага жата калышат.
Жанар Акаев

Бирок Оштогу аталган муниципалдык ишкана жетекчиси ири өлчөмдө пара менен кармалса да, анын токтоосуз түрдө үй камагына чыгарылышына анын бийликтеги ири байланыштары таасир этти дегендер да бар. Анткени Рысбек Нурдинов Ош шаардык шайлоо комиссиясын жетектеп турганда Оштун ошол кездеги мэрин шайлоодон “оодарып” түшүп, КСДПнын талапкерине опол-тоодой кызмат көрсөткөнү тууралуу сөздөрдүн аягы азыркыга чейин басыла элек дешет саясат талдоочулар.

Жергиликтүү эксперт Эркин Абдразаков бул жагдай боюнча төмөндөгүдөй пикирин бөлүштү:

- Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду бийликтен жыгып түшүү боюнча “булганыч” иштерди мэр шайлоодо илгиртпей аткарган салымы үчүн ага мына ушул кызмат берилген эле. Мына ошол мэр шайлоодон кийин аз өтпөй эле бул киши Ош шаардык “Жылуулук камсыздоо” ишканасын жетектөөгө жөнөтүлдү. Буга чейин ичип алып, чыр салганы жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлгөн. Бирок колдоосу күчтүү экен, андан дагы кутулуп кеткен. Бул киши мына ошондой КСДПнын “куйруктарынан” болчу.

Анткен менен КСДП партиясынын жергиликтүү өкүлдөрү Нурдиновду бийлик партиясынын колдоосу менен аталган кызматка келген деген дооматты четке кагышууда. Бирок анын мэр шайлоодогу ролу туурасында ачык комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ошол эле кезде парламенттин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев ири өлчөмдө пара менен кармалган жетекчинин үй камагына бошотулушун бийлик бутактарындагы терс көрүнүш катары сыпаттады: ​

- Азыр эми паракорлор арасында “пара алып, кармалсаң деле соттон чыгып кетсе болот экен” дегендей пикир калыптанып калды. Анан эле ооруканага жата калышат. Ошол жактан ишин жаптыруунун жол-жобосун чечишет экен. Азыр коррупция менен күрөштүн аты эле калды. Бирөө-жарымы кармалды дешип, аябай дүңкүлдөтүшөт. Анан эле бир аздан соң ал коррупционер бошонуп кеткен болот. Азыр эми карапайым эл деле жемкорлукка каршы күрөш жүрүп жатканына ишенбей калды.

Оштогу “Жылуулук камсыздоо” мамлекеттик ишканасынын кезектеги ремонт иштерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каралган. Ош облустук прокуратурасы ишкана жетекчиси Рысбек Нурдиновду үй камагына чыгарган Ош шаардык сотунун чечимин бузуу өтүнүчү менен облустук сотко кайрылганы кабарланды. Козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын атайын бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

XS
SM
MD
LG