Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Милицияга ок аткандар изделүүдө


Окуя ушул үйдө болгон.
Окуя ушул үйдө болгон.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети милиция кызматкерлерине кол салуу окуясы боюнча жергиликтүү төрт жаранга издөө жарыялады.

Ошону менен катар аталган мекеме алты жарандын сүрөттөрүн таратып, бардыгын диний экстремисттик топтун лидерлери жана активдүү мүчөлөрү деп атады. Сүрөттөрүн жарыялаган текстте алар “жихадчылар” деп айтылган.

Маалыматка ылайык, чукул иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлерине кол салгандар мурда жасаган кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн төмөнкү жарандар экени болжонууда:

1. Данияр Кадыралиев (жашыруун аты Абдувахаб). 1976-жылы 9-ноябрда Нарын облусунда төрөлгөн. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт. 2. Советбек Исламов (жашыруун аттары Баро, Шура). 1972-жылы 25-майда төрөлгөн. Чүй облусунун Токмок шаарынан. 3. Эдил Абдрахманов. 1986-жылы туулган. Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан. 4. Кайрат Салиев (жашыруун аты Абусалман). 1981-жылы 11-июнда туулган. Бишкек шаарынын тургуну. 5. Руслан Дооткулов. 1982-жылы туулган. Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт. 6. Азим Султанкулов (1985-жылкы). Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда жашайт.

УКМК тараткан маалыматка караганда, кечээ сегиз жарымдар чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 8/1 үйдүн үчүнчү батиринде Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери иликтөө иштери менен барган маалда, аларга кол салуу болгон. Натыйжада автоматтык куралдардын огунан милициянын капитаны Самат Жээнбеков (1980-жылы төрөлгөн), милициянын ага лейтенанты Алмазбек Сулайманов (1973-жылы төрөлгөн), милициянын лейтенанты Пиридинбай Исманов (1965-жылкы) каза болушту.

Милициянын жана атайын кызматтардын маалыматы боюнча, тартип коргоо кызматкерлерине кол салгандар 2010-жылы Сокулукта АКШ атуулуна кол салып, андан тартып алган автомашинаны башкалаанын милиция имаратынын жанында жардырууга аракеттенишкен, ошондой эле 2010-жылы 30-ноябрда Бишкектеги Спорт сарайынын жанында жардырууга катышы бар деген шек бар.

Милицияга ок аткандар изделүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00

XS
SM
MD
LG