Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Москва: кыргыз ишкерлерге кысым күчөдү


Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Жогорку Кеңеште Орусиядагы кыргыз ишкерлерин “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин тобу кысымга ала баштаганы сөз болду.

Бул тууралуу айтып чыккан “Республика” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов Батукаевди бошотуунун кесепеттери үчүн эми ким жооп берет деген суроо койду. Ички иштер министри Абдылда Суранчиев болсо Батукаевдин эле эмес, ал жакта Алманбет Анапияевдин уюшкан тобу да бар экенин билдирип, аларды кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын айтты.

Москвадан даттанган ишкерлер

Москвадагы базарларда соода кылган жана ишкердик менен алектенген кыргызстандыктарга карата кысым күчөгөнү айтылууда. Бул тууралуу Москвадагы ишкерлерден купуя маалымат алганын айткан депутат Алтынбек Сулайманов алар бул тууралуу ачык айтуудан коркуп жатышканын белгиледи.

“Республика” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов кыргызстандык ишкерлерге жасалган кысымды Батукаевдин бошотулушу менен байланыштырды:

- Силер Азиз Батукаевди бошоткондон кийин анын тобу Москвада чогулуп, жандана баштады. Ал жерде кыргыздар соода кылган "Строгино" деген базар бар. Азыр ошол базарда соода кылган ар бир кыргыз Азиз Батукаевдин уюшкан тобуна салык төлөп калды. Мындан сырткары кафе-ресторан иштеткен кыргызстандык жеке ишкерлерге ири алык-салыктар илинип жатыптыр. Жакындан бери Литвадан машина ташып келип саткан кыргыз балдарды да салыкка олтургузуп жатышат. Силер Батукаевди бошотуп, кыргызга кылган жакшылыгыңар ушул болдубу? Мунуңарды тарых кечирбейт.

2011-жылы август айында да Москвадагы кыргызстандык соодагерлерди коркутуп-үркүтүп салык алган факты катталган. Анда бул иштин башында чечен тектүү Кыргызстандын жараны Казбек Билалов турганы кабарланган. Ал Батукаевдин уюшкан тобунун мүчөсү катары Кыргызстанда 1993-жылы каттоого алынган. Кылмыш дүйнөсүндө “Кара Казбек” деген каймана ат менен белгилүү ал адам 1994-жылы Бишкектеги карактоого шектүү деп кармалып, бирок бат эле коё берилген. Бирок 2000-жылы кайрадан каракчылык боюнча темир торго киргизилип, 2007-жылга чейин абакта отурган. 2007-жылы гезиттерге Феликс Кулов камералаштары менен түрмөдө жаткан учурда түшкөн сүрөт жарыяланып, фотодо кримавторитет Казбек Билаловдун да бар экени жазылган эле.

Кадимки Казбек кайтарылып келе элек

Алтынбек Сулайманов Москвадан кармалган Казбек Билалов эмне себептен Кыргызстанга алынып келбей жатканын сурады:

- Билбесеңиз айтып койойун, Казбек деген Батукаевдин оң колу. Москвадагы кыргыздарды токойго алып барып кордоп, коркутуп видеого тартып, салык салып, акча алгандыгы үчүн кармалган. Ал кыргыз жараны. Бирок ал бир жылдан ашуун убактан бери Москванын абагында отурат. А силер бир жарым жылдан бери ошону да Кыргызстанга алып келе албай жатасыңар...

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Орусиянын баш калаасы Москвада эки жүздөн ашуун уюшкан кылмыш топтору бар. Алар негизинен этникалык өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүнүп, криминалдык тартипке ылайык, өздөрүнө таандык таасир көрсөтүү тилкесинде аракеттенишет.

Москвадагы уюшкан эки топ

Ички иштер министри Абдылда Суранчиев Орусияда Батукаевдин гана эмес Анапияевдин уюшкан тобу да бар экенине токтолду:

- Маалымат боюнча ал Казбек деген Москвада отурат. Аны жакында бул жакка экстрадиция кылабыз. Анын жанында бул жактан барган эки шерик киллери да бар. Бирок Москвада жалаң эле Батукаевдин тобу эмес, Анапияевдин тобу көбүрөөк иштеп жатат.

Жакында Кыргызстандын ички иштер органдары Москвадагы кесиптештери менен биргеликте Анапияевдин уюшкан тобуна таандык делген кыргызстандык төрт жарандын кармалганын жарыялаган болчу.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев бул чечим менен бийлик чоң жаңылыштык кетиргенин белгиледи:

- 2006-жылы Бакиев менен Кулов чыгарып бербей койгон. А Рысалиев болсо “аны эмне үчүн чыгардым, анткени Көлбаев менен атышып кетет дедим” , - дейт. Азыр ал эркиндикке чыгып алып, эс алып жатыптыр. Алардын ортосундагы согуш эми башталат. Азыр Көлдө да, Ошто да, Жалал-Абадда дагы кыймылдар башталды. Бул мына ушул силердин саясатыңардын үзүрү.

Айрым маалыматтарга караганда “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев учурда Орусиянын Краснодар шаарына саламаттыгын чыңдоого кеткен. Экинчи бир ыкчам маалыматтарга боюнча, ал Грозныйдан Москвага келип жайгашкан.

Азиз Батукаев абактагы тополоңго жана Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу 2006-жылы он алты жылга эркинен ажыратылган. Ал жакында Нарындагы тергөө абагында "оорусуна байланыштуу" деген негиз менен жаза мөөнөтүн өтөөдөн тогуз жыл эрте бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG