Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Сокулуктагы "элдик сот", мыйзамдын алсыздыгы


7-январдан 8ине караган түнү Сокулук районунун тургундары өздөрүнүн Нурлан аттуу айылдашын ур-токмокко алышкан. Катуу сабалган Нурлан ооруканага жетпей көз жумду.

Кылмышка шектелгендер бул кадамга маркум айыл тургундарына тынчтык бербей, зордук-зомбулук көрсөткөндөн улам барышканын айтууда.

Нурландын жубайы Гүлнара Шаршенованын айтымында, ал түнү үй-бүлө адаттагыдай эле бейкапар уктап жаткан. Саат түнкү үчтөр чамасында айылдаштары кирип келип эле жолдошу Нурланды ур-токмокко алып киришет.

- Кирип келип эле башына темир менен чаап башташты. Бир эле жолу чапса бир жөн, кайра-кайра чабышты. Тура калып жардам берейин десем, мени бирөө ары түртүп жиберди. Эсиме келип, телефонумду таппай калдым. Эшикке алып чыгып кетип, чечинтип алышып 15 адам жолдошумду уруп жатты.

Окуя тууралуу айтып берген Гүлнара Шаршенова жардамга келбеген кошуналарына нааразы.

- Сыртка чыга калып, "кыргызда мындай нерсе жок эле го, эгер күнөөсү болсо милицияны чакырып, салып бергиле. Ата-энеси да ушул айылдан, аларды чакыргыла" деп кыйкыра баштадым. Мен жардам сурап кыйкыра берсем, кошуналардан бирөө-жарым угуп, жардам берет деп ойлодум эле. Эч ким үйүнөн чыккан жок. Бир убакта кошуналардын бирининин үйүнө жардам сурап, кирип бардым. Ал кичинекей баласы жаткан төшөктүн астына телефонун катып койгон экен. Ага жалбарып, жардам сурап, телефон чалышын өтүнө баштадым. Бирок сыртта терезенин түбүндө жолдошумду уруп жаткандардан экөө аны угуп калып, "чалсаңар силерди да өлтүрөбүз" деп коркута башташты. Биз жашаган Конуш айылында эч ким жардам бербесин билип, качып, райондун борбору Сокулукка жөнөдүм. Жолдон бир баладан "милицияга телефон чалып бер" деп өтүнсөм, ал да коркуп, макул болгон жок. Акыры суранып жатып, эжеме чалып: “Бизди өлтүрүп жатат, милиция чакырыңыз”,-деп айтканга араң үлгүрдүм.

Бирок Гүлнара айым күткөн милиция ал күнү эмнегедир дароо келген эмес.

Ал бир нече убакыттан кийин үйүнө келсе, короонун алдында тамтыгы калбай сабалган жолдошу жаткан экен. Катуу сабалган күйөөсү ооруканага жетпей бул дүйнө менен кош айтышат.

Нурлан Сокулук районунун Конуш айылынын тургуну болгон. Мындан эки жыл мурун Орусиядан үй-бүлөсү менен көчүп келип, анда-санда Бишкекте, кээде айылда жашачу.

Бул каргашалуу окуя тууралуу маалымат туурасында укук коргоо органдары эртең менен саат 9дар чамасында кабардар болгон. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелген Конуш айылынын алты тургуну камакка алынган.

Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурбек Токтосуновдун айтымында, кылмышка шектелгендер маркумду айылдаштарына карата буга чейин көрсөтүп келген зордук-зомбулугу үчүн ур-токмокко алышкан:

- Кылмышка шектелгендер Нурлан аттуу жаран Конуш айылынын тургундарына тынчтык бербей, зордук-зомбулук көрсөтүп келген деп көрсөтмө беришти. Учурда аны канча адам жана эмне үчүн сабагандыгын иликтөө үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тартип сакчылары
Тартип сакчылары

​Аталган окуя боюнча айыпталып жаткандар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Маркумдун айылдашы Таалай Абылабеков буга чейин айыл тургундары бир нече ирет Нурландын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазышканын, бирок ага мыйзамдык эч кандай чара көрүлбөй келгенин айтты.

- Буга дейре ал кээ бир адамдар менен урушуп, анын үстүнөн жазылган арыздар болгон. Бирок ал эч кимдин денесин жаралатып, же буту-башын сындырган эмес. Андай ар бир кылган кылмышы үчүн айыппул төлөө менен жоопкерчиликке тартылып келген.

Кылмышка шектелген алты жаран тең бир нече сааттан кийин эле үй камагына бошотулган. Бул маркумдун жакындарын дагы бир ирет ызалантып, нааразы кылууда. Нурландын бир тууган карындашы Сагина Аманованын айтымында, агасынын өлүмүнө буга чейин классташы менен болгон уруш себеп болгон:

- Агамдын өлүмүнө күнөөлүү деп шектелгендер камалган жок. Алты сааттан кийин аларды бошотуп салышты. Мусаев деген сот экспертиза толук бүтө элек деп, камактан чыгарып салган. Бирок экспертиза аяктап калган эле. Мен агамды сабагандардын бирөө менен гана анын пикир келишпестиктери болгонун билем. Ал Рысбек деген киши болчу. Буга чейин экөө урушуп кетип, Рысбек агама каршы күч органдарына арыз жазат. Бирок эч бир далил жок болгондуктан, арызын кайрып алган. Менин билишимче, ал агамдан өч алыш үчүн айылдын жарымын топтоп келип, "өчүбүздү ушинтип алабыз, муну токтотуш керек" деп келип, кызылдай сабап кеткен.

Кыргызстанда кайсы бир кылмыш кылган адамды мыйзамдан тышкары жазалоо буга чейин да орун алган. Адистердин пикиринде, буга укук коргоо органдарына жана сот системасына карата элдин ишеничинин жоктугу себеп болууда.

Ал эми маркум Нурландын үй-бүлөсү кылмышка шектүүлөрдү бошотуп жиберген райондук соттун чечими менен макул болбой, облустук сотко арыз жазып кайрылды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG