Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Жардам сураган ырчы орой мамилеге кабылды


Клара Алибекова
Клара Алибекова

Белгилүү ырчы Клара Алибекованы милиция кызматкерлери түн маалда автоунаанын ичинде суракка алып жаткан видео соцтармактарга тарап, чоң талкууну жаратты. Видеодо милиция кызматкерлерине ырчы белгисиз бирөө зордуктоого аракет кылгандыктан аларга жардам сурап кайрылганын айтып жатат. Бирок бул учурда тартип сакчылары ага орой мамиле жасап мазактаган.

Укук коргоочулар жана коомчулук өкүлдөрү милиция кызматкерлер мыйзам алдында жооп беришин талап кылышууда.

Чуу жараткан видеотасма боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө баштаганын билдирди. Ырчы милиция кызматкерлеринин мамилеси боюнча тиешелүү тараптарга арызданарын айтты.

"Кыргызымдын жигиттери", "Классташым" деген ырлары менен кыргыз элине кеңири таанылган Клара Алибекова тууралуу 5-октябрда интернетке тараган тасмада болгон сүйлөшүүдөн үзүндү:

- Мени эки-үч жолу муунтту. Муунтканда дагы...

- Урган жокпу анан?

- Урду, меничи...

- Сен аты-жөнүңдү айтчы.

- Айнектен сиздердин машинанын номерин көрүп калып түшүп калып чуркадым. Артымдан бул чуркады...

- Хорошо, фамилияңды айтчы? Аты-жөнүң ким сенин?

- Алибекова Клара Токтосуновна...

- Кайсы жылкысың?

-Мен буга чейин мындай окуяга кабылган эмесмин. Биринчи жолу кабылдым...

- Сенин крышаң кетип калган жок беле?

- Мен бүт нерсени билем. Бардык нерсени билем...

Тасмадан бир көрүнүш
Тасмадан бир көрүнүш

Клара Алибекова өзү "Азаттык" үналгысына билдиргени боюнча окуя 27-сентябрдын түнүндө Бишкек шаарында болгон, ошол күнү милиция кызматкерлери ага эч кандай жардам көрсөтпөй автоунаадан түшүрүп салышкан:

- Эч кандай чара көрүшкөн жок. Алар мени калп эле суракка алышып, билдирбей аны видеого тартып, мага орой мамиле жасашып, машинадан түшүрүп салып, эми минтип аны интернетке таратып жиберишиптир. Мен ошол учурда коркуу сезими менен аларга кайрылгам. Ошондой абалда кайрылсам алар кайра мени шылдыңдап, "крышаң кетип калганбы?" деген суроолорду беришиптир.

Клара интернет булактарына тараган тасма боюнча тийиштүү органдарга арыз жазарын, бул учурда айрымдар болжогондой мас абалында болбогонун кошумчалады.

Милиция кызматкерлеринин түн ичинде жабыркап кайрылган ырчыга жардам бербей, мазактаганы интернет колдонуучулардын кескин сынына кабылды. Ар бир адамды коргоо милициянын милдети экенин эске салган адамдар аларды жазалоо талабын коюп жатышат.

Акын Бурул Карагулова бул окуяга күйүп-бышып, биринчилерден болуп ырчынын талабын талашып чыкты:

- Негизги маселе - Кларанын кордолуп жатканы. Эгер милициялар чындап эле тааныбаса, эмне үчүн ушинтип кордошту деген маселе турат. Сөзсүз эле тааныш максат эмес да. Тааныбаса деле кыз бала жардам сурап жатса эмне үчүн, кимден качып келатканын сурап коюшпайбы. Өзүнөн сурасам мага тааныгандар эле кол салды деп божомолдойт. Мен ага кол салган адам акчасына тийбей, өзүн муунтуп өлтүрүүгө аракет жасаган окшойт деп ойлоп жатам.

"Клара азыр да өзүнө келе элек, коомчулук билбесе укугун коргоп чыгары деле күмөн болчу, ал түнү тойго барып ырдап келаткан экен", дейт Карагулова.

Клара Алибековага байланыштуу тараган видеотасманын айынан өспүрүм кезинде сахнага чыгып, "Кыргызымдын жигиттери" аттуу ырды аткарып аты чыккан ырчынын жеке турмушу жана уулунун атасы Байыш Момунов да талкууга түштү. Соцтармактарга тааныш-билиштеринин жазгандарына караганда Клара ажырашкандан бери чыгармачылыгы аксап, моралдык, материалдык колдоого муктаж болуп жүргөн экен.

Ырчы Байыш Момунов өзүн социалдык тармактарда күнөөлөгөндөргө жооп кайтарып, Кларага байланышкан акыркы окуяга эч кандай тиешеси жоктугун, уулунун энеси кырсыктан тышкары болушун тилей турганын айтты:

- Экөөбүздүн ажырашып кеткенибизге он жылдан ашты. Учурда үй-бүлөм бар. Мен деле анын соцтармактарга чыгып кеткен тасмасын көрүп алып, нес болуп, аябай таң калдым. Клара Алибекова кичинекей кезинен элге таанымал болгон кыздардын бири. Мен азыркыга чейин аны сыйлайм, урматтайм. Мүмкүн тегерегинде көрө албагандар кылганбы деп калдым. Элге айтарым, менин бул окуяга эч кандай тиешем жок. Кларанын жеке турмушуна киришкенге акым да жок.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, бул окуяда милиция кызматкерлери жана тасманы интернетке тараткандар Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренесин бузган:

- Биринчиден, мында милиция кызматкерлери өзүнүн кызматтык милдетин так аткарган эмес. Экинчиден, ал тууралуу видео, сүрөттөр уруксатсыз таркатылган. Үчүнчүдөн, аны мазактап, кемсинтүү кыйноонун түрүнө жатат. Өзүнүн кызмат абалынан аша чапкандык да бар. Бул жерде ал ишти жасаган милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин үч-төрт беренеси менен жоопко тартылышы керек.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов тасма интернетке тарай баштаганда эле андагы окуяларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрө баштаганын, жетекчилик кабардар экенин, учурда бул иш министрликтин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан иликтенип жатканын, сөзсүз жообу болорун билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG