Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Бишкекте прокурорго кол салышты


Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында жарылуудан жараат алган прокурор Эркин Курманалиевдин абалы оор бойдон калууда. Анын өмүрүнө кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.

Окуя 29-июлда эртең менен Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ички иликтөө бөлүмүнүн ага прокурору Эркин Курманалиев жашаган төрт кабаттуу үйдүн алдында болгон. Ал жумушка баруу үчүн үйүнөн чыгып, машинесин ачкан кезде жарылуу болду деген божомол бар.

Бул мезгилде жабырлануучунун жанында эч ким болгон эмес. Анын коңшулары, жакындары жарылуунун добушун угуп чуркап келишкенде бир колу үзүлүп, катуу жараат алган Эркин Курманалиевди көрүшкөн. Атын атагысы келбеген күбөлөрдүн бири ага алгачкы жардам көрсөтүлгөнүн, Тез жардам менен милиция бир сааттан кийин келгенин “Азаттык” радиосуна маалымдады:

- Уктап жатканбыз. Саат 8:45те катуу добуш чыккандыктан алгач газ баллон жарылса керек деп ойлогом. Сыртка чыксак Эркин кансырап, бир колу жок жатыптыр. Ооруга чыдабай кыйкырып жаткан экен. Бети-башы кан болуп, таанылбай калыптыр. Коңшулар болуп жардам берип, колун таңдык. Дарыгерлер кечиккендиктен, өзүбүз машинеге салып жибергенбиз. Тез жардам кызматы жолдон, Түштүк магистралдан салып кетишиптир.

Бул көп кабаттуу турак жайдын көпчүлүгүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ардагерлери жашайт экен. Жергиликтүү жашоочулардын бири Умарбай окуяга таң калып жатканын жашырбады:

- Жабырлануучу менен кошуна турабыз. Аны менен саламыбыз түз болчу. Мындай тагдырга кабылары ойго да келген эмес.

Сабырбек Жумабеков
Сабырбек Жумабеков

Катуу жараат алган прокурор Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна жеткирилген. Ага эки сааттай операция жасалып, бирок манжаларын кошуп тигүүгө мүмкүн болбогонун аталган борбордун директору Сабырбек Жумабеков кабарлады. Анын айтымында, Курманалиев бир колу менен көзүнөн айрылды.

- Көп кан жоготуп, гемоглобини 70ке чейин түшүп кеткен абалда алып келишти. Кан басымы такыр жок болчу. Андан кийин биз дароо кан басымын жогорулатып, операция жасадык. Бети-башы күйгөн, денесине, көзүнө жардыргыч заттын сыныктары тийген. Сол көзү агып калган экен. Ал көзүнө да операция жасалды. Мындан тышкары өпкөсү да тешилген. Азыр абалы оор, өмүрүн сактап калууга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.

Жарылуунун чоо-жайы прокурордун кесиптик ишмердигине байланыштуу экени жоромолдонуп жатат. Анын досу Ислан Турганбаев муну бышыктап, Курманалиев бир катар прокурорлорго байланышкан ишти иликтегенин “Азаттыкка” билдирди:

- Көптөгөн прокурорлордун үстүнөн иштеп калды. Душмандарды топтоду. Мисалы, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев, Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басарынын кызматтан алынганы жана башка иштерди иликтеген. Социалдык тармактарда эл көп түшүнбөй эле, прокурор десе эле пара алган деп жазып жатышпайбы. Ал прокуратура кызматкерлерине байланышкан иштерди гана карачу.

Ислан Турганбаев жабырлануучу буга чейин өз дарегине карата коркутуп-үркүтүүлөр тууралуу айтпаганын кошумчалады.

Курманалиевдин жакындары
Курманалиевдин жакындары

Ал тапта окуя боюнча Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү "укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча иш козгоду. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов учурда ыкчам топ жеринде иштеп жатканын, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин кеңири маалымат берилерин айтты:

- Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Автоунаа эмне болуп жарылганы ушул иликтөөнүн жыйынтыгында гана белгилүү болот.

Башкы прокуратура да Кылмыш кодексинин 28-340-беренеси боюнча иш козгоп, иликтөөнү улантууда.

Президент Алмазбек Атамбаев Эркин Курманалиевге кол салууну тыкыр текшерип, кылмышкерлерди табууну тапшырды. Президент УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тиешелүү чара көрүүнү тапшырган. Ал эми башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго бул ишти жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле Эркин Курманалиевдин дарылануусу үчүн материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.

34 жаштагы Эркин Курманалиев аталган мекеменин ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору кызматында соңку беш жылдан бери иштеп келаткан. Ал прокуратура тармагындагы коррупция, кызматтык тартипти сактабоо сыяктуу мыйзам бузууларды иликтеп келген.

Прокурордун машинасы жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

XS
SM
MD
LG