Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Турганбаев: Москвада кармалгандар алынып келет


Ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев Кыргызстан издеп жүргөн адамдардын Москвада кармалышы тууралуу кеп салды.

“Азаттык”: Максим Бакиевдин шакирти делген Сергей Костюк баш болгон он чакты адам Москвада кармалды деп маалымдап атасыздар. Ушул тууралуу учкай айтып өтөсүзбү?

Мелис Турганбаев: Орусиянын ИИМи менен чогуу сүйлөшүп туруп, биздин Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө боюнча кызматкерлерин июндун 2синен 15ине чейин атайын Москвага иш сапар менен жибергенбиз. Алардын жардамы менен мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн он киши кармалды. Кармалгандардын арасында Ош, Жалал-Абадда июнь коогалаңы боюнча айыпталып жаткандардын экөө колго түштү. Бакиевдердин үй-бүлөсүнө тиешелүү экономикалык кылмышка шектелип жүргөн Костюк жана Константинова деген эки адам Москвада кармалып, бирок экөө тең Орусиянын жараны болгондуктан алар үй камагына чыгарылды.

Бүгүнкү күндө биздин Башкы прокуратура Орусиянын Башкы прокуратурасы менен кылмышкерлерди кайтарып берүү боюнча Минск келишиминин негизинде иштерди жүргүзүп жатат.

“Азаттык”: Бул аракеттерден майнап чыгабы? Буга чейин четте кармалгандарды Кыргызстанга өткөрүп берген учурлар дээрлик болгон эмес эле.

Мелис Турганбаев: Менимче жанагы орус жарандыгын алгандар боюнча анча-мынча кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ал эми биздин жарандар болгон калган сегиз киши 40 күндүн ичинде чечилет жана бул жакка алып келебиз.

“Азаттык”: Издөөдө жүргөн айрым мурунку аткаминерлер алыс кетпей ушул тегеректе эле жүрөт деп жатышат. Аларды эмнеге алып келе албай жатасыздар? Маселен Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин мурунку жетекчиси Мурат Суталинов адвокаты аркылуу эгер шарттар болсо келет элем дегендей кыйыткан экен. Алар шарт сурай алышабы?

Мелис Турганбаев: Эми мындай сөздөр имиш боюнча эле калып жатат. Конкреттүү түрдө, бизге расмий түрдө кагаз менен кайрылгандар жок. Ошондуктан менимче, бул жөн эле сөздөр болуш керек.

“Азаттык”: Эгерде шарттарын айтса сиздер аткарасыздарбы?

Мелис Турганбаев: Эгерде алардын адвокаттары келсе, шарттарын окуп көрүп туруп, аткарылчу шарттар болсо карап көрөбүз. Булардын баары эле биздин кошуна мамлекеттерде качып жүрүп жатышпайбы. Себеби биздин көп мамлекеттер менен кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча келишимдерибиз жок. Ошонун негизинде кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок издөө иштери жүрүп жатат. Мисалы Казакстанда, Орусияда. Орусияда жүргөндөр мына кармалып жатат. Качып жүргөндөр кайсы жерлерде экени аныкталганда эле кармап, жардам берип жатышат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG