Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Айдоочусуна алты жолу ок аткан ишкер


Бишкекте Болот Мамбеткаримов аттуу ишкер 30-декабрдын түнүндө айдоочусун травматикалык тапанчадан алты ирет атканы бүгүн ачыкка чыкты.


Ок жеген Рустам Саманчиев ушул тапта 4-шаардык ооруканада оор абалда жатат. Аны аткан ишкер да ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калганы айтылууда. Муну жабырлануучу тарап ишкердин жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалап жаткандыгын 9-январда маалымат жыйынында билдирди.


Жаңы жылдык “белек”


Бул окуя 30-декабрдын түнүндө Бишкектеги “Байсал” кафесинде болгон. Жабырлануучу тараптын айтымында, ишкер Болот Мамбеткаримов өз жамааты менен майрамдап жаткан жаңы жылдык кечеде мас болуп алып чатак чыгарат. Аны тынчтандырууга аракет кылган айдоочусу Рустам Саманчиевди сабап, травматикалык тапанчадан алты жолу аткан. Акыркы ок башына тийгени айтылууда.

Саманчиевдин жубайы Гүлүкан Айтбаева күйөөсүнө жардам көрсөтүлбөй, бир күн жумушунда жаткан дейт.

- Мени балдар тепкилеп кетти деп телефондон араң эле сүйлөдү. Токмоктон Бишкекке келип жумушуна барсам, төшөктө жатыптыр. Аябай кан кетиптир. Сүйлөгөнгө алы жок. Такси чакырып алып, 4-шаардык ооруканага алып бардым. Алты жерине ок тийиптир. Жеңилирээктерин алып, беркилерин ала албайбыз деп, реанимация бөлүмүнө алып кирип кетти. Ал жакта эки күн жатты.

Рустам Саманчиевдин жакындарынын айтымында, аны мурдагы жетекчиси Кыргызстанда сейрек кездешүүчү 9 мм “Гранд пауэр” үлгүсүндөгү трамватикалык тапанчадан аткан. Учурда үч ок дагы эле анын денесинде, анын бири жүлүнүнө жакын болгондуктан, алып салуудан дарыгелер чочулап жатат.

Бул иш боюнча 3-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, ишкерди камакка алуу чечими чыгарылган. Бирок ал учурда саламаттыгы начарлап кеткен деген негиз менен ооруканада жатканына Саманчиевдин жубайы Гүлүкан Айтбаева нааразы:

- Таппай жатабыз деп 3-январда гана саунадан кармашты. Ал ушунчалык бай адам экен. Менин күйөөм ага чымчык аткандай эле болду. Атып салып, жыргап саунада жүргөнүн карагыла. Сот тергөө абагында болсун деп чечим чыгарды. Бирок эмне үчүн сот тергөө абагына чечим чыгаргандан кийин кадимки ооруканада жатат?


Шаардык милиция: Ишкер кайтарууда


Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Болот Мамбеткаримов ооруканада кайтарууда экендигин билдирди. Аталган окуя боюнча Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматынын өкүлү Айгүл Давлетбаева мындай дейт:

- 3-январда Кылмыш-жаза кодексине ылайык иш козголгон. Ыкчам иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында ошол эле күнү Болот Мамбеткаримов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалагынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Анын камакка алынышы боюнча чечим чыгарылган. Ал эми 8-январда убактылуу кармоо жайында туруп, ал өзүн начар сезе баштаган жана тез жардам чакыртылган. Дарыгер карап көрүп, анын ооруканада дарыланышы керектигин айткан. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде тартип коргоо органдарынын кайтаруусунда жатат. Дарыгерлер чыгаргандан кийин аны тергөө абагына алып кетишет.

Болот Мамбеткаримовдун өзү жана жакындары менен байланышуу аркакетибизден майнап чыккан жок. Маалыматтарга караганда, ал Бишкек жана Токмок шаарларындагы ШНОС май куйуучу бекеттерине ээлик кылат жана темир бизнеси менен шугулданат.

XS
SM
MD
LG