Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Чет элдиктер аралашкан кылмыштар көбөйдү


Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар менен байланышкан мыйзам бузуулардын саны өстү. Кылмыш иштери көбүнчө чек арадагы аткезчилик жана талап-тоноочулукка байланыштуу болууда. Коңшу өлкөлөр менен чек ара маселеси татаалдашкандан бери кылмыштуулуктун саны өскөн.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы берген маалымат боюнча, чет өлкөлүк жарандар катышкан мыйзам бузуулардын сап башында чек араны жашыруун кесип өтүү жана аткезчилик кылууга байланыштуу аракеттер турат. Мушташ, талаш-тартыш сыяктуу мүнөзү оор окуяларга көп учурда кытай жарандары аралашат.

Чет өлкөлүктөр катышкан кылмыштар экиге бөлүнөт. Биринчиси - башка өлкө жаранына карата кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштар, экинчиси - өлкө аймагындагы башка мамлекеттин атуулдары жол берген мыйзам бузуулар.

Чет өлкөлүктөрдү тоноо күч

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдыраимов “Азаттыкка” билдиргендей, мыйзамга каршы аракеттердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталат:

- Өткөн жылы биздин өлкөдө чет өлкөлүк жарандарга карата жасалган кылмыштардын саны 120га жетти. Бул сан өткөн жылдарга салыштырмалуу көп. Анын 92синин бети ачылды. Кылмыштардын 93ү Бишкекте катталган. Чүй облусунда 8, Ош облусунда 5, Ысык-Көлдө 4, Баткенде 4, Нарында 2, Жалал-Абадда 1 кылмыш болгон.

Жоробай Абдыраимовдун айтымында, кыргызстандыктар тарабынан чет өлкөлүктөргө карата жасалган мыйзам бузуулардын көбүн талап-тоноо, маскаралоо жана сабап кетүү фактылары түзөт. Андай абалга 35 жолу Кытай тургундары кабылган. Түркия, Корея, Орусия, Пакистан сыяктуу мамлекеттердин жарандары да саптын баш жагында.

ИИМ чет өлкөлүктөргө байланыштуу кылмыштардын саны боюнча берген маалымат - катталган гана кылмыш иштери. Каттоого алынбаган окуяларды кошсо, бул сан дагы өсөт.

Чет өлкөлүктөрдү сабап коюу, тоноп кетүү сыяктуу фактылар көбүнчө көчөдө ээн-эркин басып жүргөн башка мамлекеттин жаранын жактырбагандар тарабынан жасалат.

Өткөн жылы Кыргызстандын аймагында 4 чет өлкөлүк өлтүрүлгөн. Анын баарынын бети ачылып, иштер сотко өткөн.

Чек араны бузгандар арбын

Чет өлкөлүктөргө каршы массалык мушташтар көбүнчө ири компаниялардын жумушчулары менен болгон. Алардын бири январда Өзгөн районунун Куршаб айылында катталган. Анда TBEA компаниясында иштеген кытай жарандары менен жергиликтүү тургундар ортосундагы чатактан улам ондогон адамдар ооруканага жаткырылган. Кен казуучу ишканаларда да жергиликтүүлөр менен чет элдик жумушчулар арасында чатактар арбын болуп турат.

Кыргызстандын аймагында мыйзам бузган чет элдиктердин саны да жогорулап жатат. Өткөн жылы андай 400гө чамалуу факт катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын чет элдик жарандарга карата кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыргал Шабралиев төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Өткөн 2013-жылы Кыргызстандын аймагында мыйзам бузган 378 чет өлкөлүк жаран кармалган. Алардын көч башында өзбекстандыктар турат. Тагыраак айтканда, коңшу өлкөнүнүн жарандарынын катышуусунда 188 жолу мыйзамсыз аракеттер болгон. Дээрлик баары чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш дептерине каттоого алынган. Андан кийинки эле орундарда Казакстан менен Тажикстандын жарандары турат. Алар деле көбүнчө чек арага байланыштуу маселелер менен каттоого алынат. Ал эми кытайлык жарандар катышкан мыйзам бузуулардын саны 12. Булар көбүнчө бейбаштык кылганы, жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн кармалат.

Жыргал Шабралиевдин айтымында, башка мамлекеттин жарандары катышкан мыйзам бузуулардын бардыгынын бети ачылып, сотко өткөрүлгөн. Алардын айрымдары дагы эле каралып жаткандыктан, кайсы өлкөнүн жаранына кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу маалыматтар азырынча так эмес.

Мыйзам бузуулар жеке жарандар гана эмес, ири компаниялар тарабынан болуп турат. 2013-жылы Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз жолдор менен алып келген 30 чакты ишкана Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан аныкталган.

XS
SM
MD
LG