Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Өзгөндө кытайлар менен мушташ чыкты


Куршабдагы кытайлык жумушчулар, Өзгөн району, Ош облусу, 9-январь, 2013.
Куршабдагы кытайлык жумушчулар, Өзгөн району, Ош облусу, 9-январь, 2013.

Куршабда Датка-Кемин долбоорунда иштеп жаткан кытайлык жумушчулар менен жергиликтүүлөр мушташа кетти.

Уюлдук телефон талашынан чыккан чатак жергиликтүүлөрдү барымтага алуу, кафени талкалоо жана милицияны уруп-сабоо менен аяктаган. Чырдан жалпысы 20дай адам жабыркап, учурда Кытай жарандарынан 7 киши, жергиликтүү тургундардан 4 адам жана укук коргоо кызматкерлеринен 5 киши ооруканада жатат.

8-январь кечке жуук болгон окуя Куршаб айылындагы “Астан-Ата” кафесинде чыккан. Жолдон өтүп бараткан жергиликтүү тургун Мураталы Сасыковду кытайлар өздөрү жашаган кафеге алып кирип кетип, “уюлдук телефонду уурдадың” деп уруп сабай баштаган. Аны куткарууга келген адамдар дагы, бир нече милициялар дагы ур-тепкиге алынган.

Мураталынын атасы Камал Сасыков окуя мындайча башталганын айтты:

- Кечки саат 6:30дарда балам телефон чалды. «Кытайлар мени жатаканасына тартып кирип кетти, коё бербей жатат» деди. Барсам кытайлар укпайт, же түшүнбөйт. Баардыгы мас экен. Темирлерди, арматураларды кармап алып ары-бери чуркап жүрүшөт. Менимче, элүүдөн ашыгыраак кытай болсо керек эле. Бир ай мурда жоголгон телефонун менин баламдан көрүп жатышыптыр. Мени, менин баламды, аялымды, дагы бир аялды, 2-3 милиция барды эле аларды кошо камап алып, тим эле сабады. Темир-тезек менен дагы, кол менен дагы уруп, тыптыйпылыбызды чыгарып, башы-көзүбүздү жарып, колумду сындырып, кыскасы акмак кылды. Эсиме келсем колум сынып, аркага кайрылып жатыптыр.

Бир нече тургун жана милицияларды кытайлар барымтадан коё бербей койгондо, жергиликтүүлөрдөн жүздөйү чогулуп келип, кытайлардын өздөрүн да сабап, кафе-жатаканасын талкалап салган:

- Саат онго жакын атайын кызматтын кызматкерлери, чогулган кыргыздар “Астан-Ата” кафесине бастырып киришип, эшиктерин талкалап кирип, бизди куткарып чыгышты. Эки тарап жардамдашып, кошулуп атып араң чыктык, эй. Болбогон акыбалда, темселеп басып, ооруканага келдим. Денемдин баарында темирдин издери турат. Өз элибизде өзүбүз кордолуп, карапайым эл минтип жүрөбүз, ал эми бийлик азыраак акчага алданып кытайларды минтип тайраңдатып жатат, - дейт жабыр тарткандардын бири Камал Сасыков

Дарыгерлер Сасыковдун абалы орточо оор экенин, баш мээси чайкалып, оң колунун баш бармагы сынганын жана денесинде эзилген, көгөргөн жерлери көп экенин айтышат. Сасыковдун уулу, аялы жана дагы бир аял Өзгөн райондук ооруканасында дарыланууда. Кытай жарандарынан, милиция кызматкерлеринен дагы ооруканада жаткандар бар.

Райондун акими Аттокур Тажибаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Датка-Кемин электр зымын тартуу боюнча иштеп жаткан кытайлар арак ичип алышып, ушундай катачылыктарды кетирип коюшуптур. Ушундай бейбаштыктын айынан бир аз тополоң болду. Бирок тополоңду күч органдарынын жардамы менен жеринде эле бастык. Жабырлангандар эки жактан тең бар. Кытай жарандары тарабынан азыр 7 адам, жергиликтүү элден 4 адам жана милициядан 5 адам ооруканада дарыланып жатат. Арасында абалы оорлору да бар.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Кытай жарандарына нааразылыктар айылда буга чейин да чыгып келген экен. Так ушул “Астан-Ата” кафесинде жашап турган жүздөй тургун Датка-Кемин долбоору боюнча иштеп жаткан Кытайдын ТВЕА фирмасынын жумушчулары:

- Бул кытайлар күн жааган күндөрү иштешпейт. Ошол күндөрү ичип алышып, мушташып эле кечке ызы-чуу болушчу. Жанагы ала канат деген чымчыктан да өтүп кетет, кысталак. Бизче айтканда өтө балит келет экен. Даараткана деген жок. Жашаган жеринде эле сууга, арыктарга “коё” беришет. Анын этегинен адамдар суу ичип атканы менен иши жок. Канча эскерттим, тилмеч балага да эскертип айттым. Минте берсеңер жергиликтүү эл менен чырдашасыңар деп. Болушпады. Мына ушундай уруш баары бир болмок, -дейт куршабдык Манап Кошуев.

Канткен менен аймакта кырдаал туруктуу экенин күч органдары кабарлоодо. Ош областтык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Шатманов мындай дейт:

- Чатак өз убагында токтотулду. Бүгүнкү күндө иликтөө-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Барымтага алгандар дагы, үйдү талкалагандар дагы эки тараптан тең айыптуулар жоопко тартылат. Баарын чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда, Ош облусунда кырдаал тынч.

Учурда Куршаб айылында көчөлөрдөн ар бир онунчу кадамда милиция кызматкерлерин жолуктурууга болот. Бирок дүкөндөр, ишканалар жана башка социалдык жайлардын баары үзгүлтүксүз иш алып барууда.

Окуя боюнча Кытай жарандарын сөзгө тартуу максатыбыз ишке ашкан жок.

Сүрөт баян: Куршаб айылы, 9-январь, 2013.


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG