Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Кризис эпкини Кыргызстанды кыйгап өтпөйт


Кыргызстан дүйнөлүк каржы базарлары менен тыгыз байланышта болбосо да, эгер АКШ дефолтко учураса, анын кесепеттери кыргыз экономикасына тийбей койбойт. Ал эми алтын менен чийки мунайдын баалары акыркы жума ичи арзандады. Аны менен бирге башка валюталар кыргыз сомуна карата бир аз арзандай түштү.

Америка парламенти бюджетти 17-октябрга чейин бекитпесе, бүт дүйнөгө кесепети тиет. АКШнын Конгресси учурдагы 16.7 миллиард доллар карыз чегин көтөрүүнү макулдаша албаса, Америка дефолтко учурайт. Анын терс таасири Кошмо Штаттарга гана эмес, доллар менен иштеген бардык өлкөлөргө жана тармактарга тиет.

Буга байланыштуу, Эл аралык валюта корунун төрайымы Кристин Лагард Америка парламентин берилген убакытка чейин орток пикир табууга үндөдү.

– АКШ экономикасында ушунча үзгүлтүк болсо, бул – өлкөгө болгон ишенимдин жоктугу бүт дүйнөнү солк эттирет. Биз кайра тескери кетебиз.

Дүйнөнүн Кытай, Жапония жана Орусия өңдүү ири өлкөлөрү валюта резервдерин доллар түрүндө сактайт. Ошондой эле алар АКШ өкмөтүнүн баалуу кагаздарын эң көп сатып алгандардын катарына кирет. Көптөгөн мамлекеттер АКШнын облигацияларынын үстөгүнөн киреше табат. Андан сырткары, дүйнөдө эң көп талап кылынган акча бирдиги – АКШ доллары. Жер жүзүндөгү валюта боюнча операциялардын 87 пайызы доллар менен жүргүзүлөт. Демек Америка Конгресси карыз чегин көтөрбөсө, ааламдашкан глобалдык экономика кайрадан рецессияга, же төмөндөөгө кабылат.

Бирок айрым кыргыз экономисттери АКШдагы тиреш жараткан кырдаал Кыргызстанга таасир эте албайт деген ойдо. Алардын бири Айылчы Сарыбаев "Азаттыкка" буларды айтты.

– Америка кризисинин Кыргызстанга эч кандай тиешеси жок. Америка менен дээрлик экономикалык мамилебиз жок. Американын бюджетинин дефицитинин тарыхы жана себептери Кыргызстандыкына эч окшобойт. Бюджет дефицитин – эки партиянын бири-бирине кычаштык кылуусу деп эле түшүнүш керек. Мындай дефицит Америкада жыл сайын эле болуп келген.

Андай болгону менен, АКШ Конгресси бюджетти бекитпесе, доллар менен соода кылган Кыргызстандын өндүрүш ишканалары жана чет жакка каттап товар ташыган жеке ишкерлери Американын дефолтунан чоң зыян тартат. Ал тургай, доллар жана алтын менен кармалган валюта резервине, Кыргызстандын кен өндүрүү жана банк тармактарына, транспортко жана соодага кесепети тиет. Учурда доллардын наркы туруктуу.

Кен тармагы демекчи, айрым кыргыз саясатчыларынын "Центерра Голддун" акциялары май айындагы Жети-Өгүздөгү тополоңдо 2 долларга түшкөн дегени чындыкка жатпайт. Баалуу үлүш кагаздарынын 2013-жылдагы эң төмөн көрсөткүчү 3 канада долларына гана түшкөн. Торонто фондулук биржасына ылайык, акыркы жума ичи "Центерранын" бир баалуу үлүш кагазы 54 центке арзандап, 4 канада доллары 37 центти түздү. Сом менен эсептесек, 205 сом 35 тыйын.

Ал эми Кыргызстандын негизги экспорту болуп саналган алтындын дүйнөлүк баасы кайра арзандай баштады. Алтындын 100 унциясынын эл аралык базардагы баасы 8 долларга түшүп, 1280 долларды түздү.

Дүйнөлүк базарларда чийки мунайдын арзандоосу уланып жатат. Акыркы ай ичи мунайдын баррели 4 долларга чейин арзандаган. Нью-Йорк биржасында мунайдын баасы соңку аптада 1 доллар 87 центке төмөндөп, бир баррел – 101 доллар 75 цент болду. Бирок Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы түшкөн жок.

Валюталар базарында, же форекс рыногунда, кыргыз сомунун наркы башка валюталарга салыштырмалуу бир аз көтөрүлдү. Британия фунтунун сомго карата арзандоосу уланып жатат. Акыркы апта ичи британ акча бирдиги 71 тыйынга түшүп, бир фунт – 77 сом 78 тыйынды түздү.

Валюталардын куну, 15.10.2013.
Валюталардын куну, 15.10.2013.

Дүйнөлүк форекс базарларында, "Оанда" корпорациясы маалымдагандай, акыркы жума ичинде Швейцариянын валютасынын куну сомго карата түштү. Бир франк 54 тыйынга арзандап, 53 сом 50 тыйынды түздү. Евробиримдиктин акча бирдиги 31 тыйынга түшүп, бир евро – 66 сомду түздү. АКШ доллары 21 тыйынга арзандап, 48 сом 66 тыйындан сатылууда.

Глобалдык базарлардан Кыргызстанга келсек, өлкөдөгү баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы жумада жети эсе көтөрүлдү. Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасынын сайтына ылайык, соңку аптада соода көлөмү көбөйүп, жалпысынан 28 миллион 63 миң сомду түзгөн. Кыргыз инвестиция-кредит банкынын 25 миллион 815 миң сомдон ашык облигациялары сатылды. Ал эми акциялар ичинен, "Кыргызгаз" ишканасынын 2 миллион 445 миң сомго барабар баалуу үлүш кагаздары соодаланган.

Жергиликтүү финансы кабарларына келсек, Азия өнүктүрүү банкы Бишкек – Кара-Балта жолунун 52 чакырымдык жерин оңдоого 65 миллион доллар насыя жана 35 миллион доллар грант берет. Ал эми Жапония Кыргызстанга урук, жер семирткич жана айыл чарба шаймандарын камдоого 2.8 миллион доллар грант бөлмөй болду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG