Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Авиакырсык: жоопсуз суроолор көп


Кырсык 16-январда болгон
Кырсык 16-январда болгон

Түркиялык учактын кыйроо себептерин иликтөө алты айга чейин созулушу мүмкүн.

Жетиштүү материалдар чогулганына карабастан, азыр анын алдын ала жыйынтыктары ачык жарыяланбай турганы белгиленди.

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссия төрагасы Леонид Каширский кулаган учактын “кара кутуларынан” өтө көп маалыматтар алынганын жалпылап айтуу менен гана чектелди. Коомчулукта анын бул аракети көп жагдайлар жашырылып жатат деген түкшүмөл ойлорго түртүүдө.

“Кара кутулар” каткан сыр

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы авиакырсыкка себепчи катары бир дагы версияга өзгөчө басым жасай албастыгын билдирди.

Комиссия “учак туура эмес алынган эсептен улам экинчи жолу көтөрүлгөндө кулаган” деп мурда айтылган өкмөттүн божомолун да төгүндөдү. Ошондой эле борттук жабдуулардын оң абалда болгону жана окуяга чейин аварияга алып келчү техникалык мүчүлүштүктөр катталбаганы айтылды. Экипаж менен диспетчердин акыркы байланышы аба ырайы туурасында гана болгону белгиленди.

Ошол эле кезде иликтөө комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский анан кайра "кара кутулардан” көптөгөн маалымат алынганын белгилеп, бирок алардын мазмуну туурасында эч нерсе айткан жок:

- Маалымат көп. Биз анын бардыгын көңүл коюп изилдеп жатабыз. Учактын техникалык абалын жазган “кара куту” бузулган экен. Бирок калыбына келтирилип, маалыматтар алынды. Ошондой эле экипаждын кабинасындагы үн жазгычтардагы маалыматтар да көчүрүлүп алынды. Анын сапаты жакшы абалда экен. Диспетчер менен экипаждын ортосундагы сүйлөшүүлөр да алынды. Анда борттон техникалык мүчүлүштүктөр тууралуу айтылган эмес. Учактын бардык техникалык тутуму оң абалда болгон. Борттук кондуруу жабдуусу азыр изилденип жатат.

"Көзүр карта" кимдин колунда?

Учак кыйроосунун себептерин иликтөөдө комиссия төрагасы Леонид Каширский бир топ урунттуу жагдайларды ачык айтпай жатканы талдоочулар арасында сөз болууда.

Иликтөө комиссиясы кыйраган учактын конуу тилкесинен чыгып кетүүсүнүн себебин дагы айта алган жок. Буга чейин версиялардын бири катары айтылган “мында экипаждын күнөөсү болушу мүмкүнбү?” деген суроо да жоопсуз калды.

Учак жүгүнүн чиеленген түйүнү

Учак жүгүнүн чиеленген түйүнү

Түркиялык MyСargо авиакомпаниясынын жетекчи орун басары Хамза Тыглай кыйраган учак “Манас” аба майданына жүк таштоого эмес, май куюп, экипажды алмаштырууга келгенин билдирди.

Комиссиянын төрагасы Леонид Каширский учурда бардык версиялар изилденип жатканын айтуу менен гана чектелип, бирок алардын арасынан кайсынысы негизгилерден болушу мүмкүн экенин белгилеген жок.

Саясатчы Равшан Жээнбеков бул жерде тымызын “соодалашуу” жүрүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Комиссия төрагасы Леонид Каширский табышмактатып айтпай жатса, анда биздин бийлик коркконунан убадаларды бериши мүмкүн. Биздин бийликтин кызыкчылыгына крашы келген кандайдыр бир баалуу маалыматтары болсо, анда ал биздин улуттук кызыкчылыкка каршы пайдаланыла турган "көзүр" болуп бериши дагы ыктымал. Каширский буга байланыштуу маанилүү маалыматтарды таап чыкса, анда ал аны биздин бийликке каршы колдонуп, “шантаж” кылбайт деп ким кепилдик бере алат? Анткени ал деле Орусиядан келген, коррупциялашкан мамлекеттин өкүлү болуп жатпайбы. Ал жакта бийликтин мамлекеттер аралык авиациялык комитетке таасири аябагандай эле чоң. Биздин бийликти шантаж кыла турган коркунучтуу абал болуп калышы дагы мүмкүн.

Комиссия авиа жүктү Түркияга “байлады”

Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин иликтөө комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский өзүнүн ыйгарым укугуна кирбесе да, кыйраган учактагы жүктүн Түркияга багытталганы тууралуу кеңири маалымат берди. Анткени бул комиссия учакты кыйроого алып келген техникалык жагдайларды гана иликтеши керек экени авиациялык комитеттин жобосунда көрсөтүлгөн.

Жүк тууралуу документтер табылганын айткан Леонид Каширский бирок Түркиядагы жүктү ала турган тараптын анык тизмесин ачык атап бере албады:

- Биз жүккө тиешелүү бардык документтерди таптык. Учактагы жүктүн бардыгы Стамбулдагы алуучуга багытталганын ишенимдүү айта алам. Бирок мен Түркиядагы жүктү алуучу компаниялардын атын атай албайм. Анткени ал компаниялардын аттары шарттуу белгилер менен белгиленген экен. Бизди жүктү алуучулар тууралуу маалыматтар анча деле кызыктырбайт. Биз документтерден жүктү күтүп алуучу тарап Стамбул аэропорту экенин көрдүк.

Өкмөттүк комиссиянын төрага орун басары, транспорт министри Жамшитбек Калилов авиакырсыкты иликтөө комиссиясынын ишинен күмөн саноого эч кандай негиз жок экенин айтты. Анан калса комиссия азыр материалдарды гана топтоо менен алек болуп жатканын айткан министр алдын ала жыйынтыктарды чыгарып, ачык жарыялоого азырынча эрте экенин белгиледи. Бирок иликтөө комиссиясынын маалымат жыйыны “авиакырсыкты иликтөөнүн жүрүшү тууралуу” деп аталган эле.

Транспорт министри Жамшитбек Калилов авиакырсыктын чыныгы себептерин бурмалоого жол берилбей турганын билдирди:

- Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы 2008-жылы Ирандын учагы кулаганда келип иликтеген экен. Андан мурун “Кумтөрдө” тик учактын кыйрашын изилдептир. Эми ал комиссия көз карандысыз да. Анын чыгарган корутундусу кандай чыкканда дагы аны кабыл алышыбыз керек. Мен ал комиссия Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген корутунду чыгарат деп ойлобойм. Бул жерде Түркиянын да, АКШнын да авиациялык коопсуздук боюнча адистери өз-өзүнчө иликтөө жүргүзүп жатышат. Бул жерде үч комиссия иштеп жатат. Аягында бардыгы бири-биринин отчетторун салыштырып, ошого жараша жыйынтык чыгарышса керек. Тараптар бири-биринин отчетторун салыштырып, көзөмөлдөбөсө анда бир жактуу болуп калбайбы.

16-январь күнү таңга маал Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учкан “Боинг-747” жүк учагы Дача конушуна кулап, 23 үйдү талкалап кеткен. Бул кыйроодон экипаж менен кошкондо 39 адамдын өмүрү кыйылып, ондон ашуун адам жаракат алган.

Бул кырсыкты Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы иликтей баштаган. Мындан сырткары иликтөө ишине Кыргызстандын, АКШнын жана Түркиянын авиациялык коопсуздук органдарынын өкүлдөрү тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG