Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Сөз дайра: 06.09.2011.


Бул ирет "аш" деген сөздү талдайбыз.

Кыргызда “аш” деген сөз бар. Эми ушул сөздүн маанисин чечмелейли. Аштын биринчи мааниси – тамак.

Буга карата “ашың калса калсын, ишиң калбасын” деген ылакап бар.

“Аш тарт” дейт. “Тамак апкелгиле? Тамак тарткыла!” дегенди билдирет.

“Алдыңа аш тартса, атаңдын кунунан кеч” , “Таш менен урганды аш менен ур (сыйла)” деген кеп айтылып келатканы белгилүү.

“Баш улук, баштан аш улук” деген да бар.

“Атабыз аш-суудан калды” дейт. “Тамакка табити тартпай калды, шайы бошоп, начарлап калды” дегенди билдирет.

“Ичкеним аш болбой олтурат” дейт. Бир мааниси ден соолугунун начарлап калганын билдирсе, дагы бир мааниси бир нерседен кооптонуп, коркуп, чочулап олтурганын билдирет. Буга байланыштуу “Ичкеним ирим, жегеним желим болду” деген сөз да бар.

Дагы бир мааниси тамактын түрүн билдирет: кескен аш, суюк аш же умач аш, аракты билдирген арак-аш ж.б.

Мисалы: “Ичпеймин, балам, кыстаба, арак деген ашыңды” дейт.

Аштын экинчи мааниси: четиндин ашы, ит мурундун ашы, чычырканактын ашы, сары жыгачтын ашы же бөрү карагат ж.б.

Үчүнчү мааниси: Аш берүү каада-салты. Буга Манастагы Көкөтөйдүн ашын, Шабдан баатырга берилген ашты мисалга тартсак болот.

“Маркумдун кара ашы болду” дейт. Кара аш маркумдун өлгөн күнкү зыйнатына жасалган ырым-жырым, мал союп, куран окутканы келгендерге тамак берүү жөрөлгөсү.

Чоң аш – муркумдун бир жылдан кийинки зыйнаты.

Төртүнчү мааниси: Түштүктө күрүчтөн жасалган тамакты - аш деп коёт.

Дагы бир мааниси: “Аш болсун!” дейт. Тамагың сиңимдүү болсун деген тилек, ниет, сый-урмат.

“Жемелей берип, ичип-жегенимди да аш кылбай койду” дейт.

Каргыш иретинде “Бергеним аш болбосун, таш болсун!” деп да коет.

Аштын дагы бир мааниси: “Ашуу аш, бел аш” дейт.

“Эрден ашмак бар, элден ашмак жок” дейт.

“Ашкан” деген сөз уланып, “мыкты” дегенди түшүндүргөн да сөздөр бар. Мисалы: “Самарбүбү ашкан комузчу!” десе, мыкты, баарынан кыйын комузчу” дегенди түшүндүрөт.

Ушундай эле мааниде: ашкан сулуу, ашкан күлүк, ашкан сүрөтчү, ашкан ырчы ж.б.

“Жаандан ашкан жазуучу” дейт. Бул сөздү улуу Чыңгыз Айтматовго айтсак жарашат, “жаандан” деген “ааламдан ашкан...” дегенди билгизет.

“Убакыт таңкы 8ден аша элек” дейт, “саат ондон ашты” дейт.

Жана бир мааниси: “Эркек ашып, катын тууйт, бул өңдөнгөн көкжалды” дейт. Же: “Кадырман күлүк Торуну, айгыр ашып, бээ тууган” дейт.

“Күн ашкан сайын күчөдү”, “Ал айткандарын турмушка ашыра баштады” деп да коет.

“Ал андан аша алган жок” дейт.

“Ашып-ташып турган заман эле” дейт.

“Чынарбек катындан аша кечкен жан болду” дейт.

“Аттар таңашсын” дейт.

“Жанынан аша кечкендер экен” дейт.
XS
SM
MD
LG