Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Табалдиев: Тарыхый эстеликтер талкаланууда


Студент-археологдор Кочкор-Башы шаарчасынын урандылары калган жерди казуу учурунда.1-июль, 2011.
Студент-археологдор Кочкор-Башы шаарчасынын урандылары калган жерди казуу учурунда.1-июль, 2011.

5-мартта археолог, профессор Кубат Табалдиевдин “Тянь-Шандын байыркы эстеликтери” деген китебинин бет ачары болду. Мындагы илимий иштерди илимпоздор кыргыз тарыхындагы жаңылык катары баалашууда.

“Тянь-Шандын байыркы эстеликтери” деген китепте Ысык-Көл, Нарын, Кочкор, Ат-Башы өрөөндөрүндө профессор Кубат Табалдиев тарабынан уюштурулган археологиялык казууларда табылган таш доорундагы, коло доорундагы тарыхый буюм-теримдер, таштагы жазуулар илимий негизде басылган.

Анын өзгөчөлүктөрү тууралуу улуттук университеттин доценти, археолог Асан Абетеков буларды айтат:

- Бул китептин эң мыкты өзгөчөлүгү - биздин мурдагы тарых илимине белгисиз жаңы археологиялык рун жазууларынын ачылышы. Бул Кочкор өрөөнүндө биринчи жолу табылган жазуу. Андан тышкары рун жазуусунун жанында кадимкидей иконография деп коёбуз, аңчылык кылып жаткан сүрөттөр тууралуу сонун тарыхый эстелик. Дагы бир нерсеси ошол жерде түрк доорунда табылган планка деп коёбуз, сөөктүн бетине сүрөт тартылган. Мына ошол планкада кадимкидей эки тараптын кагылышуулары, согушуп жаткандагы сюжеттер тартылган. (сөөктүн туурасы 3,5 см., туурасы 7,5 см.)

Асан Абетеков белгилегендей, мурда кыргыз тарыхында Талас, Баткен, Алай өрөөнүндөгү ташка жазылган жыйырмадан ашуун тарыхый эстеликтер белгилүү болсо, шакирти Кубат Табалдиев 1998-жылдан бери отузга чукул ташка жазылган тарыхый эстеликтерди тапкан.

Ал эми Кубат Табалдиевдин айтымында, дагы бир катар илимий иштери китепке батпай калган. Бул китепти жаза баштаганда жалпысынан жыйырма эки бөлүккө бөлүнгөн.

- Мен өзүмдүн илимий изилдөөм менен тыгыз байланыштуу орто кылымдагы көчмөндөрдүн мезгилин, орто кылымдагы Эне-Сайдан келген кыргыздардын издерин белгилөөгө аракеттендим. Мына ошону менен бирге Кочкор жергесинде табылган отуз руникалык жазууну белгилегим келди. Мына ушул эстеликтер биздин тарыхка жаңылык киргизди. Биздин тарыхтагы жаңы сөз болду.

Кубат Табалдиев учурда Кыргызстандагы тарыхый эстеликтердин абалы абдан кейиштүү экенин да кошумчалай кетти:

- Азыр миңдеген тарыхый эстеликтер жылда бузулуп атат. Ошолорго бир дагы орган, уюм, мекеме жооп бербейт. Тарыхый эстеликтерди бузгандарга укук коргоо органдары көңүл бурбайт, эч кимиси жоопкерчиликке тартылбайт. Бул өзүнчө унутулуп калган биздин тарыхыбыздын бир бөлүгүнүн абалы өтө кейиштүү. Бул маселени чукул арада чечип, мыйзамдарды дагы оңдобосо кийин кеч болуп калат. Азыр жылына бир же эки археологиялык экспедиция чыкса чыгат, чыкпаса жок. Ал эми жүздөгөн эстеликтерди талап-тоноочулар жылдан-жылга көбөйүп баратат. Мени ушул өкүндүрөт.

2008-жылы июль айында ошол кездеги кыргыз бийлиги Таластагы касиеттүү айкөл Манастын күмбөзүнүн жанындагы Кароол Чокуда 400 миң алтын катылган деген ойго келбеген маалыматка ишенип алышып, грузиялык белгисиз адамдарга каздырышкан. Аны ошол кездеги президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев казуу иштери мыйзамдын чегинде жүргүзүлуп жатат деп коргоп чыккан. Коомчулуктун кийлигишүүсү менен Кароол Чокуну казуу токтотулган.

Биз Грузиянын илимдер Академиясы менен байланышканыбызда алар Кароол Чокуну казып жатышкан археологбуз дегендерге тарыхый эстеликтерди бүлгүнгө учураткандыгы үчүн Тбилисиде кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Өткөн жылы эле Кочкордогу Ак-Жар айылындагы жергиликтүү тургун дагы алтын издеп, караханид доорундагы күмбөздү казып, тарыхый эстеликти бузганы маалымдалган.

Кубат Табалдиев ошондой эле байыркы Кочкор-Башы шаарчасынын урандылары жайгашкан жердеги топурактан жергиликтүү тургундар кыш куюшуп, тарыхый эстелик жок болуп кетүү коркунучунда экенин белгиледи. Анын айтымында, тарыхый эстеликтер жайгашкан жерлерди совет доорунда айдоо аянтына айлантып жиберишсе, азыр жергиликтүү эл казына издеп пайда көрүүнү көздөп, талап-тоноп, абдан кайдыгер мамиле кылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламент комитетинде археологиялык казууларга каражат бөлүү маселеси каралып жатканын айтты.

- Археологиялык экспедицияларды уюштуруу үчүн Бюджет комитети жылына 10 миллион сом бөлүү тууралуу токтом кабыл алдык. Мисалы, Нарын, Ош, Таластагы обьектиге деп 2-3 миллион сомдун тегерегинде бөлүп берүү керек. Ошондо натыйжалуу падаланылат. Менимче, өкмөт менен чогуу ушул маселени чечебиз.

Археологдордун маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин тарыхый эстеликтерди изилдөө үчүн өкмөттөн атайын каражат бөлүнбөй калган. Айрым археологдор демөөрчүлөрдүн же эл аралык уюмдардын каржылоосунда илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүп келишкен.

"Манас" кыргыз-түрк университетинин профессору Кубат Табалдиевдин “Тянь-Шандын байыркы эстеликтери” деген китеби дагы Борбор Азия университетинин каржылоосунда жарык көрүп отурат.

Борбор Азия университети буга чейин чебер комузчу Асан Кайбылда уулунун “Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер” деген эки томдугун чыгарган. Анда күү кыргыз элинин улуттук руханий дүйнөсү катары бааланып, салттуу музыкалык аспаптардын түрлөрү, үч кыл комуздун бүтпөс сырлары, күү тарыхы камтылган.

Аталган университеттин миссиясы - Борбор Азиядагы тоолуу аймактарда жашаган адамдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана алардын тарыхый-маданий мурастарын сактап, өнүктүрүү экенин Борбордук Азия университетинин башкы мүдүрү Богдан Кравченко билдирди.
XS
SM
MD
LG