- «Азаттыктанбы»? Анда чакырайын, - деп, телефондун тигил башынан дайыма элпек жооп берген бул адам айтылуу укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын күйөөсү деп ойлочумун. Бирок ал кадимки мен тааныган журналист, адабиятчы Асылбек Исмаилов (А. Смаил) экенин көзү өтүп кеткенден кийин араң билгем.
Эгемендиктен кийин нечен курдай толкуган кыргыз турмушту чынчыл чагылдырат элек, элге так маалымат берет элек деп кезинде «Азаттыктын» кабарчылары канча телефондун кулагын бураган жок, канча саясатчынын, коомдук ишмердин, укук коргоочунун, деги койчу канча адамдын уйкусун бузган жок… Андайлардын бири - ушу Исмаиловдор. Эл жаткан маалбы, таң заарбы, айтор, чала калганда Асылбек агай телефондогу шашкалактаган кабарчынын демин кебездей жумшак үнү менен акыры-ын басып, «…анда чакырайын» деп, жубайына кезек берчү. Мындай учурга тушуккан кесиптештерим да «ал киши психолог болчу» деп калышат.
Асылбек агайды сыртынан көп көрсөм да, баарлашкан эмес экемин. Азыр ал ырга айланткан бүгүнкүнүн көйгөйүн окуп, ичинде калчаган ойлорун укпай калганыма өкүнүп отурам. Көп жыл редакцияларда иштеп, сөз, ой багып, сатира жазган бул адам арабыздан күтүүсүз кетти. Канча жылдан кийин эми минтип аны кол жазмалары аркылуу эскерип отурабыз.
Сиз алдыда окуй турган бул эки ырдын кол жазмасын «Азаттыкка» кызы Лира алып келди. «Атам «Азаттык» менен уктап, ойгончу эле, азык алчу эле» дейт.
Агайды билгендер анын окумалдыгына, жупунулугуна, баладай тазалыгына алигиче тан беришет экен. Элди, жерди, тилди жанынан артык сүйчү дешет. Ашкере жердешчилдерге, жасакерлерге каңырыгы түтөгөнүн айтышат. Ушундай адамдарга бүгүнкү заман таңсык болуп турганы төгүнбү?
Тил башат
Тил - энеси улуттун
Улут тилден төрөлгөн.
Тилдер жайнап ар түркүн
Дүйнө шаңга бөлөнгөн.
Кошула бер дүйнө эли
Ага-тууган болушуп.
Бирок кошпо тилиңди
Дүйнө кенчин коротуп.
Эл бириксе - өскөнү.
Тил бириксе - өлгөнү.
Тилге кошуп бир улут
Өзүн көргө көмгөнү.
Сатсаң саткын өзүңдү,
Сендей кыргыз табылат.
Сатпа кыргыз тилимди,
Мендей кыргыз табылбайт.
Замандаштарга
Кеп эмес сенин мага туугандыгың,
Жетишээр бир көрүшкөн тааныштыгың.
Сени маа, мени сага тууган кылат,
Бир тилек, бир максатта тургандыгың.
Кеп эмес сенин мага алыстыгың,
Жетишээр бир көрүшкөн тааныштыгың.
Сени маа, мени сага тууган кылат
Тең көрүп, тең санаган калыстыгың.
Кай жерде акыйкаттык өмүр сүрөт,
Ал жерде туугандык бар, достук күлөт.
Сүйгүлө, адамзатты, акыйкатты
Ар кимге узу-ун өмүр, бакыт тилеп.