Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Талантты даңктап, өнөрдү сыйлап өттү


Белгилүү тележурналист жана жазуучу Бөкөнбай Боркеев 70 жашында каза болду. Ал өзүнүн чыгармачылыгын жазуучулук менен баштап, отуз жылга чукул телекөрсөтүү тармагында иштеген.

Котормо, макала, аңгеме, сатира, юмор, очерктери республикалык басма сөзгө байма-бай чыгып, бир нече китептери басылган. Тележурналист катары таланттуу өнөрпоздор тууралуу тарткан жүздөгөн даректүү теле берүүлөрү Коомдук телерадио корпорациясынын алтын фондуна кабыл алынган.

Бөкөнбай Боркеев журналисттерге берген акыркы маегинде обончу Рыспай Абдыкадыровдун өмүр жолу, чыгармачылыгы, кыргыз музыкасына кошкон салымы тууралуу алты томдук китеп чыгарганын, учурда анын жетинчи томун "Рыспайдын акыркы чындыгы" деген ат менен жазып жатканын кошумчалаган экен. Тилекке каршы, маркум ошол китеби соңуна чыга электе өзү да 10-майда бул дүйнө менен коштошту.

Негизи эле журналисттер кыргыз маданиятына өз салымын кошкон таланттуу обончулар, акындар, аткаруучулар тууралуу эскерүү жасоодо сөзсүз түрдө Бөкөнбай Боркеевге кайрылар эле. Себеби, замандаштары Боркеев кыргыз маданиятына өз салымын кошкон чыныгы таланттардын берилген күйөрманы, алардын "чачылганын жыйнап, үзүлгөнүн улап", өзүнүн жеке видеоархивин түзүп аны сактап жүргөн тележурналист болгонун эскеришет.

1995-жылдан бери Боркеев менен кеңседе бир бөлмөдө отуруп, чогуу иштеген кесиптеши, шакирти Канымжан Жаманбаева устатынын артында калган архиви өтө бай экенин айтууда:

- Агайдын жасаган иштери Алтын фондго калды. Казынасы толтура. Өзү тарткан теле берүүлөрүнүн баарын сары майдай сактап, фондго өткөрүп койгон экен. Кечээ мен агай тууралуу атайын сюжет жасайын деп анын жасаган ишин казып бүтө албай койдум. Эфирге агайдын бир топ материалдарын алып жатабыз. Маркумдун архивин казып жатып, ал жерде биз билбеген да далай баалуу видеолор бар экенин көрдүк. Азыр алардын баары алтын фонддо турат. Мен КТРКнын бул фонддун байыткан Бөкөнбай Боркеев деп эсептейм.

Кезинде тележурналисттин “Шерине”, “Кадыр түн”, "Ыр кесе”, “Манастын эли-жери”, “Манас-1000” мааракеси", “Ысык-Көл” жана “Талас таңшыйт” эл аралык эстрада жана фольклор телефестивалдары элге кеңири белгилүү көрсөтүүлөр болгон.

Боркеевди кыргыз телесине өзүнүн чоң жолун салып кеткен киши десек болот. Анын өзүнүн нугу, өзүнүн изи бар.
Бакыт Зарлыков

15 жылдан ашуун Боркеев менен чогуу иштеген режиссер-оператор Бакыт Зарлыковдун айтымында, маркум журналист ар бир көрсөтүүсүндө чыныгы таланттарга басым жасап келген:

- Боркеевди кыргыз телесине өзүнүн чоң жолун салып кеткен киши десек болот. Анын өзүнүн нугу, өзүнүн изи бар. Айта кетсек ал көзү өтүп кеткен залкар ырчы, аткаруучу, обончулар тууралуу көптөгөн теле берүүлөрдү жасады. Менимче, Рыспай Абдыкадыровду ушундай атакка жеткирген Боркеев болду окшойт. Ал тууралуу ар кандай теле берүүлөрдү тартып, ал тургай китебин да жазды.

Зарлыков Боркеев, экинчи жагынан, мыкты таланттарды чагылдырып жатып элдин көркөм табитин калыптандырууга, чыгармачылыктагы халтурага жол бербөөгө умтулган деген пикирде.

Бөкөнбай Боркеевдин чыгармачылык жолу өткөн кылымдын 70-жылдары чакан этюд, аңгеме, очерк, сатира жазуу менен башталган. Кийин "Эптекей", “Ырга айланган өмүр”, “Утуш” аттуу юмор, макалалар, аңгеме повесттерден турган китептери жарык көргөн. Гривунд Жеймс, Лев Толстой, Пришвин сыяктуу бир нече чет элдик жазуучулардын прозалык чыгармаларын которгон.

Көзү жеткен ишке баш-оту менен берилип кетер эле. Эгер ал кайсы бир жумуштун артынан түшсө, анын акырына чыкмайын эс алчу эмес.
Мырзакул Мамбеталиев

Коомдук телерадио корпорациясынын котормо студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев Бөкөнбай Боркеев чыгармачылыгына да, башкаларга да талап кое билген инсан болгонун айтып, анын эмгекчилдигин белгилеп кетти:

- Мен билгенден байке өтө өжөр киши эле. Бирок анын бул сапатын ар ким ар кандай баалачу. Кээ бирөө кежир, кээ бирөө тежик дешчү. Бирок анын өжөрлүгү башка бардык сапаттарынан жогору болчу. Өзүнүн көзү жеткен ишке баш-оту менен берилип кетер эле. Эгер ал кайсы бир жумуштун артынан түшсө, анын акырына чыкмайын эс алчу эмес.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Бөкөнбай Боркеев 1948-жылы 1-январда Талас районундагы Кырк-Казык айылында туулган. Сөөгү 12-майда Бишкек шаарынын сыртындагы Чоң-Арык көрүстөнүнө коюлат. Маркумдун артында төрт баласы калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG