Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Болот Шамшиев: Казакстанда кино тартам


Болот Шамшиев Кыргызстанга кайтып келди. Бирок Казакстанда театралдык кеңешчи болуп иштеп жаткан кыргыз киносунун мэтри кайра эле Петропавловск шаарындагы иш ордуна кайтмакчы.

Советтик доордо "Белый параход" (Ак кеме), "Караш-караш" (Караш-караш окуясы), "Бөрү зындан", 16га чукул көркөм тасмалары менен дүйнөгө таанылган сүрөткер акыркы 20 жылда бир да тасма жарата алган жок, бирок быйыл ал өзү жазган романдын негизинде көркөм тасма тартып, анда аксакал режиссердун ролун ойногону жаткан экен.

Астанага өз студиясын ачуу тууралуу сүйлөшүүгө кетип жаткан Шамшиев менен Жаныл Жусупжан ат жалында баарлашты. 71 жаштагы киночу сөзүн казак жергесиндеги оргуштаган чыгармачыл маанай менен баштады.

Болот Шамшиев: Петропавловскиде эки театрда - Погодинский атындагы орус, Муканов атындагы казак театрларынын бирдиктүү кеңешин жетектейм.

Бир пьеса, эки сценарий, бир роман жаздым. Бир сценарий 300 жыл Аблайхандын туулгандыгына арналган. Экинчиси «Королева жана олигарх» деген өзүм жазган романга негизделген.

Бир пьеса коммунисттик доордо куугунтукка кабылган улуу жазуучу Габит Мусрепов жөнүңдө. Мусрепов абдан кызыктуу адам болгон. Ушул замандын адамдары Сакен Сейфулин, Бейимбет Майлин, Магжан Жумабаев улуу муундун өкүлдөрү. Сталиндик репрессияларда алардын баарын атып ташташкан. Мухтар Ауэзов качып кеткен, Габит Мусрепов калганда, аны партиядан куушкан. Мусрепов "мени партиядан алгыча, атып салса болмок" деп арман кылчу экен. 20 жыл абдан кыйналган.

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Мен билгенден мурда сиз сценарий жазгансыз, бирок пьеса жазган эмессиз. Бул пьесаны азыр иштеп жаткан театрларда эле сахнага алып чыгасызбы?

Болот Шамшиев: Ооба, мен аны Казакстанда койом. Погодинский театрынын сахнасында, казак театрындын труппанын кучу менен койгону жатам.

"Азаттык": Петропавловск бул орустар басымдуулук кылган шаар эмеспи, жумушчулар, орустар көп. Маданият ишмерлери сизди издеп келип атышабы?

Болот Шамшиев: Укса, сөзсүз келет учурашып, анан отуруп, сүйлөшөбүз. Роллан Сейсенбаев деген чоң жазуучу бар, аны менен кездешип, көп сүйлөштүк. Културолог Мади деген келип кеткен, биздин бокс боюнча кыргыз машыктыруучу бар, азыр Казакстандын түндүгүндө иштеп атат, ал да учурашып келди. Белгилүү философ, акын, эссеист Ауэзхан Кодар менен да жолугуштум. Ал менин бир топ макалаларымды өзүнүн «Тамыр» деген журналында басты. Менин пьесам Алматанын «Аманат» деген журналына да чыкты. Бир топ адамдар келди.

"Азаттык": Деген менен сиз жашаган Петропавловск Казакстандын эң түндүгүндөгү борбордон алыс, обочодо жайгашкан, ошол жагынан кыйналган жоксузбу?

Болот Шамшиев: Жок, тескеричинче жакшы экен. Себеби чыгармачылык маанай бар. Мага биздин тууган казак башчылар жакшы шарт түздү: чоң квартира, маяна. Отуруп, кээде чарчаганда көчөгө чыгам, айлана бүт ак кайың. Токойду аралап басып, кайра келип отурам. Балдардын эле ызы-чуусу болбосо, тынч. Менин кичүү уулум азыр эки жарым жашта, улуу балам төрткө чыгып атат. Алар уктаганда, түнүндө отуруп жазам. "Королева жана олигарх" деген романымды менин чыгармачылыгымдагы жаңыча баскыч чыгарма деп эсептейм.

"Азаттык": Кыргызстандан такыр эле кетип калдыңызбы, же кайтып келесизби?

Болот Шамшиев: Мен Кыргызстандан кетем деп кеткен эмесмин, иш издеп кеткем. Башкача айтканда, мен, СССР Эл артисти, бир эле убакта гастарбайтермин. Мага окшогон иш издеп, киндик каны тамган жерин таштап кеткен адамдар көп.

Кыргызстанда 20 жыл отурдум, 15 жыл Акаев киного акча берет деп күттүм, 5 жыл Бакиевди күттүм. Анан өкмөт мага эки жарым миллион сом берди. Анын бир жарым миллионун биздин студиянын адамдары уурдап кетишип, бир миллионго филмдин үчтөн бир бөлүгүн тарттым, бирок камераны менден тартып алышып, акча бербей, такыр иштетпей койушту. Ошондо айласыз кетүүгө туура келди. Үй-бүлөмдү багыш керек.

Биздин эл абдан талантуу эл, жаштарга билим бериш керек эле. Аларга студия ачып бергиле деп айтсам, (ошол кездеги) маданият министри Раев эч нерсе жасаган жок. Азыр мага Астанада өнөрканамды, өз мектебимди ач деп сунуш этишкен. Мен казактарга көбүрөк керек болсом керек.

"Азаттык": Эмне жөнүндө кыялданасыз бүгүн?

Болот Шамшиев: Албетте кыялданам. Мен "Манаска" 40 жыл даярдангам. Бүт дүйнөлүк мифологияны изилдеп чыктым, орус тилинде чыккан материалдарды изилдедим. "Манас" боюнча чоң ачылыш жасадым.

"Азаттык": Биздин угармандарга ачылышыңыздын четин ачып койбойсузбу?

Болот Шамшиев: Мен бир нерсени айтайын, "Манас" бир жагынан дастан, бирок түпкүлүгүндө культтук нерсе. "Манас" илгерки бардык диндерге чейин чыккан биринчи культ. Башкалар Адам, Ева дешет. Алардын аттары бар. Манас атам - Манас дадам - Манас адам. Каныкей эне, бул илгерки шумердик проформа. Каныкей Эве, евтин (очоктун) ээси, Ев- Ева. Манас жер жүзүндө биринчи пайда болгон адам, Ман, Ману. Андан кийин буларды ойлонуш керек, мисалы түндүк, бул кельттердин тегерек крести. Мен 1969-жылы биринчи жолу Лондонго барганда, Вестминстер аббатство болгондо ошол жакта көрүстөн бар, ошол көрүстөндө чоң крестти көрдүм.

"Азаттык": Крестти азыр «чырым» деп которуп жүрүшөт го?

Болот Шамшиев: Ал туура эмес, «чырым» деген Карасаевдин да, Юдахиндин да сөздүгүндө жок, эч бир сөздүктө жок. Мен көп жыл баарын кыдырып изилдедим. Бирок бир жолу Түптө жүргөңдө бир киши "биз карагайды аштап салабыз" деп айтты. Аштап деген "крест на крест ложить" дегенди билдирет. Ошондуктан «Аш, ач, аз, ас, ош деген «крест» маанисиндеги сөз, боз үйдүн түңдүгүн билгизет.

«Асман, Манас, Алас - ар балээден калас!» байыркы кыргыздын Кудайга сыйынуусун рекострукциялагам: Алла - Кудай Бак берген Ай Ата - Аз ээси, Улуу Умай эне - Жер, Эл Энеси, Ыйык кут - Манас баласы. "Манастагы" «Бакай» бул «Бак берген Ай Ата». «Алла» деген соз кайдан чыкты? «Ал» деген сөз бул Күч (энергия). Ошол Күч (энергия) жерге космостон тике (вертикально) түшөт. Эми космоско Жерден кайтарылган энергияны «Ла» дейт. Экөө бириккенде – «Алла» болуп калат да, «жашоо», «өмүр» дегенди билдирет!

"Азаттык": Аллах Мухаммед пайгамбардын күрейши уруусу карманган кудай болгон. Ал кезде ар бир араб уруусунун өз кудайы болгон эмеспи. Эми Аллах кыргыздарга тиешелүү болуп калабы?


Болот Шамшиев: "Алла" деген сөздүн араб тилине эч кандай тиешеси жок, мисалы «бисмилла» деген сөз бул кыргыздын эски сөзү. «Биз менен Алла» деген маанисинде. «Биз менен Алла» деген сөздү араптар айталбагандыктан, «бисмиллага» буруп таштаган.

"Азаттык": Ошондо мусулманчылык кыргыздан чыккан деп атасызбы?

Болот Шамшиев: «Кыргыздан чыккан» деген анча туура болбой калат. Кылымдарды, доорлорду туш келди аралаштырган болбойт. Тарыхка чейинки тил болгон, Жорж Дюземилдин аныктамасы боюнча ал ностратикалык тил деп аталат. Ошол түпкү тилден кыргыз тилинде көптөгөн көрөңгөлүү сөздөр калган. Ошентип, биз байыркы билимди сактап келебиз. Мындан тышкары, Манас төрт диндин буддизм, иудаизм, христианство, исламдын түпнегизи болуп саналат.

"Азаттык": Бул жөнүндө китеп жазасызбы?

Болот Шамшиев: Бул тууралуу макалаларым чыккан, китеп чыгарам. Асман деген энергия. Манас деген дух. Алас деген мыйзам. Жорж Дюземилдеген чоң француз философ, мифолог болгон. Ал биримдиктин үчилтиги тууралуу айткан. Асман, Манас, Алас мына ошол үчилтик. Энергия, дух, закон – армия, народ и жрецы-правители.

"Азаттык": Азыр Кыргызстанда "Курманжан датканы" тартканы жатышат, ага мамлекет каражат бөлдү. Буга байланыштуу көп маселелер бар, бирок эгерде сиз тартсаңыз, Курманжан датканы кандай тартат элеңиз?

Болот Шамшиев: "Курманжан датканы" мен тартам деп айтсам, мага акча бербейт эле. Себеби менин фамилиям Шамшиев, эгерде Шерниязов болсом бир миллион доллар (45 миллион сом!) берет эле.

"Азаттык": Эгерде кокусунан берип калса, Курманжан датканы кандай тартат элеңиз?

Болот Шамшиев: «Эгерде» деген да болбойт. Бизде регионалчылык. Менин атам түштүктөн, апам түндүктөн. Мен эч жакка бөлүнбөйм, түндүк-түштүк деген сөздөрдү билбейм.

"Азаттык": Сиз алгачкы кинодогу чыгармачылыгыңызды актердуктан баштагансыз. Бүгүн актерлукка кайтып келишиңиз мүмкүнбү? Ушул тууралуу ойлоносузбу?

Болот Шамшиев: Ойлоном. Себеби азыр мен жаңы бүтүргөн «Королева жана олигарх» романында Айбалай деген режиссер чал бар. Ал бузулган заводдун ичинде «Ромео и Джульеттены» койот. Ошол аксакалдын ролун өзүмө жаздым. Ооба, мен киного тарткылгым келет.

"Азаттык": Анда күтөбүз...

Болот Шамшиев: Алла берсе, Кудай буйруса.

"Азаттыктан": Сүрөттөрдө Шамшиев шедеврлерин тартып жүргөн кези жана азыркы Бишкекке келгендеги сүрөттөрү. Бардык сүрөттөрдүн автору Алимжан Жоробеков.
XS
SM
MD
LG