Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Кыргыз коому өгөйлөгөн хэллоуин


Хэллоуин майрамы, Бишкек, 2014-жыл
Хэллоуин майрамы, Бишкек, 2014-жыл

Бишкекте 31-октябрда белгиленген хэллоуин майрамы соцтармактарда чоң талкуу жаратты. Алардын бир тарабы хеллоуин жаштардын жөн гана катардагы көңүл ачуучу майрамы экенин айтса, экинчи тарап бул күндү майрамдоо улуттук каада-салтка жана диний көз караштарга туура келбей турганын ырастоодо.

16 жаштагы Айпери үчүн хэллоуин күттүргөн майрамдардын бири:

- Биз бул майрамды кадимкидей эле кабыл алабыз. Жыл сайын досторубуз менен чогулуп майрамдайбыз. Ооба, хэллоуиндин анчалык деле олуттуу майрам эместигин билем. Бирок ага терс көз карашта эмесмин.

Айперинин айтуусунда, хэллоуин майрамында анын достору бети-башын боёп, бири арбактын, бири жез кемпирдин, айтор, тирукмуш костюмдарды кийип алып шаар аралашат. Көңүл ачуучу борборлорго чогулуп майрамдашат.

Хэллоуин майрамы, Бишкек шаары
Хэллоуин майрамы, Бишкек шаары

​Таанымал теле алып баруучу Ассоль Молдакматова аталган майрамга каршылардын бири. Быйыл Ассолдун социалдык түйүндөрдүн бирине жазган каршы пикири интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууланды. Молдакматова акыркы жылдарда калктан сурамжылоо жүргүзүп, мында кыргызстандыктардын 89,5 % хэллоуинди майрамдоого каршы пикирин билдиргенин айтты:

- Эгер хэллоуиндин тарыхына кайралсак, ал анчалык деле жаман майрам эмес. Ал Кельттердин өздөрүнүн ишенимине байланышкан даталуу күн. Аны октябрдын аяк ченинде белгилешчү. Алар ошол күнү арбактар, рухтар, жин-перилер жер үстүндө демейдегиден көп жүрөт деп ишенишчү. Костюмдарды жин-шайтандарды чоочутуу үчүн кийишкен. Бирок бүгүнкү күндө хэллоуиндин баштапкы мааниси өзгөрүп кетти. Андыктан мен өспүрүмдөрдүн арбактардын кепинин жамынып жүргөнүнө каршымын. Канжалап боёнгон балдардын балта көтөрүп баратканы, кафе, көңүл ачуучу борборлор кебетеси кеткен адамдарга толуп кеткени жакшы көрүнүш эмес.

Ассоль хэллоуинге каршы болгондугунун негизги себебин - бул майрам бүгүнкү күндө көрүүчүлөр үчүн эстетикалык рахат тартуулабайт деп сыпаттады.

Хеллоуин майрамы, Бишкек, 2014-жыл
Хеллоуин майрамы, Бишкек, 2014-жыл

Журналист Эмилбек Момунов болсо аталган жөрөлгө улуттук каада-салтка жана диний түшүнүктөргө туура келбейт деген пикирде:

- Жаштардын жылаңач болуп, бети-башын кызылдай канга окшотуп боёп алып бийлегендери жакпайт. Мындай жорук-жосундар биздин каада-салтыбызга туура келбейт. Мен аны коомду бузуп-жарган көрүнүш деп эсептейм. Бул жаштардын аң-сезимин өзгөртүп, тескери жакка буруп жатат.

Момунов мындай майрамга Билим берүү жана Маданият министрликтери тыюу салыш керек деп эсептейт.

Шоумен Эрик Молдалиев хэллоуин майрамынын тарыхы бешинчи кылымдарга барып такаларын айтып, аны майрамдагандарды жактай турганын билдирди:

- Эмнеге каршы чыгып жатышканын түшүнбөйм. Бул жөн гана көңүлдү көтөрүү. Жаштар ар кандай костюмдарды кийип алып бири-бирине көрүнөт, бири-биринин көңүлүн ачат. Бул жакшы маанай жаратуунун эле бир мүмкүнчүлүгү. Мындан идеологиялык жактан кандайдыр бир тескери үндөө жок. Болгону жаштар чогулуп алып ырдап, бийлеп, тамашалашып тарап кетет. Анын жамандыкка жоруганга болбойт.

Молдалиев буга улай хэллоуин айрыкча көңүл ачуучу борборлор, аны уюштуруучулар үчүн коммерциялык кызыкчылыгы бар экенин, мисалы, башка өлкөлөрдө ага атайын костюмдарды, негизинен америкалык Бэтмен сыяктуу каармандардын кийимдерин даярдашарын, ал үчүн атайын интернет-дүкөндөр иштей турганын кошумчалады.

Кыргыз коомчулугунда 14-февраль - сүйүү күнүн белгилөө да эки ача пикир жаратып келет. Бул майрамды да улуттук каада-салтка, диний түшүнүктөргө туура келбейт деген пикирлер бар.

"Азаттыктын" архиви: 1-ноябрь, 2014-жыл
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG