Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

"Өгүз аял" - куурчакка төгүлгөн мээрим


Жаш режиссер Нуржамал Карамолдоева
Жаш режиссер Нуржамал Карамолдоева

Жакында калемгер-депутат Каныбек Иманалиевдин аңгемеси боюнча тартылган “Өгүз аял” деген аталыштагы кыска метраждуу тасмасынын бет ачары болду.

Жалгыз аял жана эки куурчак

Кыска метраждуу "Өгүз аял" тасмасындагы окуя Бишкектеги студенттик жатаканалардын биринде өтөт. Жатаканага келген-кеткендерге, жашоочулардын тартибине көз салган комендант деп койсок жарашчудай, кырк беш, элүү жаштагы кара торусунан келген толмоч аял. Албууттугу кармаганда жанына киши тура албайт.

Аялдын ушундай орой кыялынан улам жатаканадагылар аны “Өгүз аял” деп атап алышкан. Жаңы үйлөнгөн эки жаш ага коңшу турат. Бир күнү экөө батир акысын төлөмөккө аялдын бөлмөсүнө баш багышат. Жалгыз бой аялдын үйүндө эки куурчак бар экен. Аларга үйрүлүп түшө "кыздарым" деп жалынып-жалбарганы жубайларга өөн учурап, кеткенге ашыгат.

Куурчактар Өгүз аялдын эрмеги. Аларга тирүү адамдай мамиле кылып, сүйлөшүп, кыялында өзүн кичинекей эки кызды багып-чоңойтуп жүргөндөй сезет.

Күндөрдүн биринде Өгүз аял кайдагы бир чечен жигит менен мамиле куруп, бирге жашай баштайт. Ага күйөөсүндөй мамиле кылып, кээде азык-түлүк алганы кеткенде сыртынан бекитип кетет. Андайда эркек эшикти болушунча каккылап, кыйкырып-өкүрүп коңшулардын тынчын алат.

Ошондой күндөрдүн биринде, Өгүз аял жумуштап чыгып кетет. Айткан убактысынан кечиккенде үйдө калган эркек адатынча каалганы каккылап, ачуусуна чыдабай эки куурчакты бычак менен кескилеп, буту-колун жулуп салат. Ошол маалда өзү дагы жаракат алат. Аңгыча жүрөгү жамандыкты сезгендей Өгүз аял бөлмөсүнө шашып келет. Жашоодогу карманган эки тиреги-эки куурчагынын балжа-булжа болуп жатканын көргөн аял ачуу кыйкырып, ага удаа укук коргоо органдарынын келиши менен тасма соңуна чыгат.

Өгүз аял турмушта болгон...

“Өгүз аял” аңгемесин калемгер-депутат Каныбек Иманалиев студент кезде жазган экен. Автор андагы баш каарман турмушта болгонун буга чейин айткан жайы бар. Ошол жаш күнүндө болгон окуя жүрө-жүрө отуруп чыгармага айланган экен:

- Бул дүйнөдө эне болбой калуу маңдайына жазылган, баласыз өткөн бактысыз эненин жүрөгүндө да энелик мээрим жашайт деген ойду айткым келген.

Ушул “Өгүз аял” аңгемеси боюнча кыска метраждуу тасманы жаш режиссер Нуржамал Карамолдоева тарткан. Ал тасманын идеялык мазмуну тууралуу буларга токтолду.

- Бул фильмди тартууда, ар бир адам бактылуу болушу керек деген ойду алып чыккым келди. Ошондуктан ушул эжекенин тагдырын, жашоосун көрүүчүлөрдүн сынагына койдум. Башкы каарманды ар ким ар кандай кабылдайт. Балким бирөөгө акылы кем көрүнөр, дагы башкаларга жөнөкөй адам катары көрүнөр. Мен тасма аркылуу аялдын жүрөгүндөгү сүйүүнүн, энелик мээримдин кудуретин бергим келди. Мен тааныган бир эженин дагы балдары жок, жалгыз жашайт, бирок ошого карабай гүлдөрдү ушунчалык жакшы көрөт. Ар бир гүлүнүн аты бар. Алар менен адамча сүйлөшөт.

Нуржамал Карамолдоева кесиби боюнча бухгалтер. Кино өнөрүнө болгон кызыгуусунун негизинде кино тартууга бел байлаган. Аталган тасманы төрт күндө тартып бүтүп, үч ай монтаж иштери менен алектениптир.

- Кыргыз-Орус славян университетинин журналистика факультетинде үч жыл окугам. Анан АКШга кетип, Труманстейт университетинде бухгалтердик кесипте окугам. Ал жактан бакалаврды да бүткөм. Андан соң дүйнөлүк банкта алты жылдай иштедим. Бирок киного абдан кызыкчумун. Анан үч жыл мурда Эрнис Абдыжапаровдун мастер-классына катышып, кино чөйрөсүнө келдим десем болот. Жакшы бир тема издеп жүргөн кезде Каныбек Иманалиевдин “Өгүз аял” деген аңгемесин окуп, жактырып калдым. Сценарийин тогуз айда жаздым. Төрт күндө тартып бүткөнүбүз менен үч айлык убактыбыз монтажга кетти.

Тасмага айтылган сындар

Тасманын бет ачарына келген режиссер Темир Дүйшекеев тасмада жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк жетишпей калганын айтып сындады:

- Болот Шамшиев бир дубль үчүн бир ай жумшачу. Кичинекей көз карашты бир жума тарткан учурлар болгон. Бул тасманы көрүп чыккандан кийин, үйрөнчүктүн иши катары бааладым. Чынында профессионализм жетишпейт. “Это ученический фильм, не профессионально” – деп койсо болот.

Кыргыз эл артисти, белгилүү кинооператор Нуртай Борбиев кийинки мезгилде киного тиешеси жок адамдар искусствонун татаал жанры - кино өнөрү боюнча өздөрүн сынап жатканын белгилеп, көпчүлүк учурда чыгарманын темасына өтө маани берилбей майдаланып кеткенин айтты:

- Акыркы мезгилде профессионализм жөнүндө кеп болуп атат. Анткени тасмалар, Кудайга шүгүр, көп тартыла баштады. Мен муну колдойм. Жаш балдар чындыгында көп тарта баштады. Бирок “чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун” деген жакшы кеп бар. Атайын кесип болбосо киного жолоштун кажети жок. Анткени кино өнөрүнө же кино тармагын жакшы билген, кино өнөрүндө тажрыйбасы бар, же атайын кино институттардан билим алган профессионалдар келсе жакшы болот эле.

Анан элдин көйгөйүн көтөргөн же аброюн көтөргөн фильмдер болсун деп атпайбызбы. Мына азыр бул кинону көрдүк. Автор Каныбек Иманалиев айтып атпайбы - жалгыздык темасына кайрылдым деп. Себеби адам баласынын турмушунда майда темалар болбошу керек. Глобалдуу чоң темаларга кайрылуу керек. Азыр биз ХХI кылымда жашап атабыз да. Биздин балдар тарткан тасмаларда ошондой чоң темалар көтөрүлбөй, майдаланып кетишти.

Кезинде “Караш-Караш”, “Көк Серек”, “Бакайдын жайыты”, “Кожожаш” жана башка кинолору кыргыз кереметин жараткан. Мына ошондой критерий болушу керек. Эгерде критерий болбосо биз эч качан алдыга жыла албайбыз. Азыркыдай фильм, баягы орустар аткандай “дурной вкус приносит”. Биз албетте көп кино тартылып жатат деп кубанып атабыз. Ошого жараша көркөмдүк деңгээли жогору болушу керек.

Нуртай Борбиев “Өгүз аял” кыска метраждуу тасмасын тарткан оператор Санжар Абдыжапаровдун эмгегин жогору баалап, жаш оператор ар бир тасма тарткан сайын профессионалдык деңгээлге жетишип келатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG