Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Театр көрүүчүлөрүн сагынды, көрүүчүлөрчү?


"Сынык асман" спектаклинен бир көрүнүш.
"Сынык асман" спектаклинен бир көрүнүш.

2008-жылдан бери Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрын оңдоп- түзөө иштери аяктай элек.

Бирок жаңы бийликтин келиши менен спектаклдерди кандай жол менен болсо да коюу талабы көтөрүлүп, учурда шарты дээрлик жооп бербеген кичи залда спектаклдер коюлууда. Мүмкүн буга жарнамалык иштердин өтө чабал жүргөндүгү себеп болууда.

Учурда театрга келген элдин саны өтө чектелүү. Мурун сахна жасалгалары даярдалчу тар бөлмөгө тыгыла коюлган жүздөй үстөл да толбой калды кечкисин. Түштө болсо залды орто мектептин окуучулары толтуруп жатат. Алардын арасында театрга биринчи жолу келгендери да арбын.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театры
Жайнагүл: Бизди театрга мугалимдер алып келди. Буга чейин бул жакка келген эмесмин. Бирок бүгүн биз көргөн “Жан азык” спектакли аябай жакты. Эми досторумду да театрга чакырам.

Марлес: Мына отурган жерибиз кызыктай экен. Чоң зал эле жакшы болчу. Бул жерге киргенде залды, сахнаны көрүп алып күлүп аткам. Ал эми спектакль бүткөндөн кийин залдын тардыгы ыңгайсыздыгы эстен чыгып, оюндун мааниси ойлондуруп калды. Актёрлор берилүү менен ойноп атышты.

Театр кызматкерлери оюн залы ыңгайсыз болгон менен бул көрүүчүлөрдү аз-аздан болсо да театрга тартууга жакшы шарт болду дешет.

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театры
Кыргыз Эл артисти Замир Сооронбаев "төрт жылдан бери биз көрүүчүлөрүбүздү абдан сагындык",-деп ой бөлүшөт:

- Кыргыз драма театры төрт жылдан бери бекер жаткан жок. Сыртка чыгып көрүүчүлөргө оюн коюп, алар менен бетме-бет жолугушууларды уюштурдук. Азыр ким күнөөлүү дебешибиз керек. Болгону кырдаал, азыркы жашоо шарт театрдын көрүүчүлөрүн кескин азайтты. Анын үстүнө театрдын оңдоо иштери буга кошумча болгону чын. Бирок мурункуга караганда азыр кайрадан театрга кайрылгандар арбын. Биз оюн коюп баштагандан бери көрүүчүлөр театрдын өзүн сагындык деп атышат.

"Азаттык": Мүмкүн азыркы жаңы кыргыздардын талабындагы, өзгөчө жаштарга ыңгайлуу оюндар коюлбай жаткандыр?

- Жок, буга кошула албайм. Жакында эле бет ачарлары өткөн “Сынык асман” спектакли жаштардын турмушуна жакын. Ал эми азыр коюлуп жаткан “Жан азык” спектакли болсо кыргыздын мурунку жашоосу менен азыр биз баштан өткөрүп жаткан окуялардын биригүүсүнөн жаралган. Көрүүчүлөрдү жан азыгын табууга үндөгөн жакшы чыгарма катары баасын алууда.

Замир Сооронбаевдин билдиргенине караганда, Т. Абдымомунов атындагы кыргыз драма театры март айынын аягына толук бүтүп, оюндар театрдын чоң залына коюла баштайт.
XS
SM
MD
LG