Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Абдыразаева: чыгармачыл адам уктабаш керек


Кыргыз республикасынын эл артисти Тынара Абдыразаева актерлук дарамет, тагдыр, театрдын өткөнү, бүгүнкүсү, келечеги тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Актер болом деп театрга, ыйык сахнага умтулган азыркы жаштардын дарамети кандай болуп атат?

Абдыразаева: Кудай акы, кичине тайызыраак. Актердо чыгармачылык романтика болмоюнча сезим күчөп, жакшы нерселерди көрмөйүнчө оңой менен ойгонбойт. Сулууга суктануу, тазалык, нукура дүйнө деген жок болуп баратат. Төрөлгөндөн баштап тытынып, көйгөй менен алпурушуп жашап калып атышат.

"Азаттык": Негизи актердун күч-кудурети эмнеде? Дайыма актер күчтүү болуш керек деп айтышат. Мен деле советтик театрды көрүп чоңойгом, бүгүнкү күнү майдаланып кеткен сыяктанат, балким мен жаңылып жаткандырмын, күчсүз болуп калдыбы бүгүн?

Абдыразаева: Актердун күчү - драматургда. Драматургия күчтүү болмоюн актер күчтүү боло албайт. Күчтүү пьеса болбосо чыга албайт. Биз дипломдук спектаклдерди койобуз. Эки жылдан бери Искусство институтунда спектакль коюп атам. Азыркы балдардан (жаш актердук чеберчиликке окуп жаткандардан – ред.) казса чыгат. Анткени биз адамдар угабыз, сүйө, күлө билебиз, ачуу, таттуу даамды татый билебиз. Адамга чек жок деп ойлойм, аны тарбиялаш керек, аны ошол нукка буруш керек. Тээтиги кичинесинен үйрөтсөк, ар бир адамдан актерду тарбиялап чыгарса болот.

Бакен Кыдыкеева
Бакен Кыдыкеева
"Азаттык": Таланты жокту делеби? Таланты жок туруп, мен актер болом деп келгендер деле аз болбосо керек?

Абдыразаева: Сөзсүз бар. Бирок алар менен иштеп атып, ыйлап атып бир нерсе кыласың. Андан кийин өзүндө дымак күчтүү болсо алып кетет деп ойлойм.

"Азаттык": Мисалы, таланттуу актер өзүн ача албай, өмүрү өтүп кеткен учурлар барбы? Сиздин жолуңузда жолуктубу?

Абдыразаева: Аябай эле көп.

"Азаттык": Эмне үчүн ушундай болуп калат?

Абдыразаева: Биз драматургга, режиссерго көз карандыбыз. Бизде таланттуу артисттер 5-10 жылдап күтүп отуруп калат. Бирок күтпөй, өзүнчө чабыттаган артисттер да бар. Анткени ролдорду алгың келет, жыл өткөн сайын ичиңде бугуп жаткан нерсени чыгаргың келет.

Кээ бир артисттер жанталашып, моноспектакль же башка нерселерди жасап жүрүшөт. Чыгармачыл адам уктап жатпаш керек. Кайсы күнү уктасаң, ошол күнү өлдүң дей бер. Мен өзүмдөн билем, мени ар бир нерсе оорутат, ал эмес сугарылбай жаткан жер да оорутат.

Кыргызстандагы ар бир акыбал, билими тайыз балдардын тагдыры да оорутат, анткени алар биздин келечегибиз. Кудай, эртең эмне болобуз деп ойлойм. Күйүп-бышып, кайнап, өзүңдүн каныңды өзүң дүргүтүп турбасаң чыгармачыл адам боло албайсың.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Сиз ролдорду жылдап күтүп калган учурлар болду беле?

Абдыразаева: Болду, азыр деле болуп атат. Себебин түшүнбөйсүң. Мурун режиссеруң роль берип жүрсө, азыр ал бербейт. Мүмкүн көз карашы, табити өзгөрүп кетет, мүмкүн менден (образды - ред.) көрө албай атабы?

"Азаттык": Курак театрдагы ролго таасир эте алабы?

Абдыразаева: Жок, анткени өзүңдүн курагыңдагы ролдорду аткара аласың. Мен өзүмдүн курагымдагы ролдорду аткарганга күчүм бар. Ал эми аябай картайып кетип, сөз жаттай албай, басканды билбесең анда убара болбой, элди да кыйнабай, албетте бошотуп бергениң туура эле болот. Бирок чыгармачыл адам театрдын даамын татып калса кете албайт. Көрүүчү менен актердун ортосунда ушундай энергетика пайда болот. Ошондон кете албай эле башы айланып жүрө берет. Ошондуктан көпчүлүк чыгармачыл адамдар театрды же сахнаны таштагандан кийин эле өлүп калып атпайбы, ичип кетип атышат. Ошол балкыган толкунду сезгенден кийин кетиш кыйын, өлүп бергиң келет.

"Азаттык": Театрды негизи тагдыр дейт. Адамдардын тагдырына оң, терс таасир эткен учурлар, тагдырын талкалаган учурлар да болот дешет. Мисалы, сиз мен билгенден не деген залкар адамдар менен иштешип жүрдүңүз, эмне айта аласыз?

Абдыразаева: Мисалы, мен Бакен Кыдыкеева эжеге абдан таазим кылам. Анткени каза болгондон кийин сөөгү биздин театрдан чыгып калды, көп адамдар сурашат, эмне үчүн балдары көмгөн жок деп. Мына тагдыр. Бүт өмүрүн театрга берди.

Мен өзүм жалгыз боймун. Кээде иш болуп калганда тамак жасап ичкенге убакыт таппай калам. Кээде нан менен сууну ичип алып уктап калган учурлар болот, анткени эртең менен театрга кайра барыш керек.

Ал эми Бакен Кыдыкеева эже ошол кезде бүт театрдын жүгүн көтөргөн да. Согуштан кийинки мезгилдин негизги жүгү Бакен эже, Даркүл Күйүкова сыяктуу эжелерге туш келген. Театрды, маданиятты көтөрүш булардын эң чоң максаты болгон. Кинодо, театрда, дубляжда – бардык жакты, кыргыз маданиятын көтөрүш моюнда болгон. Башкага убактысы да болгон эмес. Албетте эженин бала-бакырасын билбейм, бирок балким ошону кечирбей коюшкан чыгаар. Биз эми бирөөнүн тагдырын өйдө-ылдый деп айтканга укугубуз да жок. Бирок мен билгеним – эженин балдарга, үйгө караганга убактысы болгон эмес.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG