Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

"Манаста" кармалган дарынын талкуусу


"Манаста" кармалып турган 200 килограмм дары-дармек рак оорулуу балдар үчүн алынып келген.
"Манаста" кармалып турган 200 килограмм дары-дармек рак оорулуу балдар үчүн алынып келген.

Рак илдетине чалдыккан балдар үчүн АКШдан гумжардам катары келген дары-дармек жарым айдан бери “Манас” аэропортунун кампасында турат.

Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакова келген жүктүн документтерин камдоого ушунча убакыт кетерин билдирүүдө. Анткен менен жарандык активисттер муну дары бизнесиндеги коррупция менен байланыштырууда.

Рак оорулуу балдарга алынып келинген 200 килограмм дары-дармек “Манас” аэропортунун кампасында февралдан бери кармалып турганын логистикалык Move Onе компаниясынын өкүлү Аида Амангелди айтып чыкты. Move Onе ар кайсы жактан ар кандай жүк алып келип, бажыдан өткөрүп берет. Аида Амангелдинин айтымында, үч жылда беш жолу гуманитардык дары-дармек алынып келинсе, анын экөө ушинтип кечигип, натыйжада оорулууларга жетпей калган.

- Мурда дагы ушундай учурлар катталган. Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылардын Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат берген эмес. Анткени дарынын эскирүү мөөнөтү алты айдан көп болушу керек экен. Үч жылда биз беш жолу дары алып келдик. Алгачкы экөө убагында өтсө, кийинки экөө өтпөй калган. Алар контрабанда бөлүмүнө жиберилеби, эмне болот, билбейм. Дарылардын кечигип өтүшү да бюрократия, бекер эле убакытты алат. Оорулууларга алынып келинген жүк эртерээк эле өткөрүлсө.

Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакова жүк белгисиз себептерден кармалып турат деген маалыматты четке какты. Ал келген жүктүн документтерин камдоого ушунча убакыт кетерин билдирүүдө.

- Мындай учур бир эле жолу болгон. Ал бизге эмес, донор уюмдарга байланыштуу. Бул жолу Саламаттыкты сактоо министрлиги тез эле уруксат берди. Эч кандай тоскоолдук жок, жакында алабыз. Жүк 26-февралда келген. Ортодо майрам болуп калды. Ошондуктан күнү узарып кетти. Бул ак кан менен ооруган балдар иче турган бир эле дары.

Бул маселе интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланып, жарандык активисттер муну дары-дармек соодасындагы коррупция менен да байланыштырууда. “Өнөктөштөр түйүнү” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев кезинде кургак учуктан жабыркагандарга гумжардам делип алынып келинген дарыны сатып алганын белгилөөдө:

- Кургак учуктун дарысы да көп учурда гуманитардык жардам менен келет. Гумжардам болуп келгендер сатылбашы керек. Бирок кээ бир дарыканаларда сатылып жүрөт. Былтыр менин балам кургак учук болуп дарыгердин өзүнөн сатып алгам. Ушундай учурлар көп эле. Негизи, келген дарыларды, гумжардам болсо дагы, Саламаттыкты сактоо министрлиги өз көзөмөлүнө алышы керек.

Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы Өскөн Стамкуловдун белгилешинче, дарынын бажыда кармалбай, эртерээк чыгышы жүктү алып келген компания же донор уюмдарга байланыштуу.

- Эгер бардык документтер ырас жана жетиштүү болсо, Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы кол койсо жүктү бир жуманын ичинде алып чыгып кетсе болот. Эгер мыйзамга туура келбесе, кандай гана дары болбосун, Кыргызстандын аймагына киргизилбейт.

Ал эми Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ташболот Балтабаев гуманитардык жүктүн эки жумалап чыкпай жатышын Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин шалаакылыгы деп эсептейт:

- Биз бир жылдын ичинде Кыргызстанга келген дарыларды карап көргөнбүз. Департамент, Бажы кызматынын өкүлдөрүн дагы чакырып сураганбыз. Гумжардам токтоосуз түрдө, бир күн да турбастан чыгарылат экен. Болгону Дары-дармек департаментинин директорунун колу коюлган кагаз барышы керек. Бардык маселелерге Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Дары-дармек департаменти жооп берет. Ал эми келген дары ошол жерде каттоодон өтүшү зарыл. Эгер 15 күндөй кармалып турса, бул ушулардын шалаакылыгы.

Негизинен рак оорусуна чалдыккандардын дарысы кымбат турат. Наристелердин дарылануусунун 50 пайызын мамлекет, 50 пайызын эл аралык кайрымдуулук уюмдар каржылайт. Кыргызстанга дары-дармек гуманитардык жардам катары көбүнесе рак, кургак учук жана ВИЧ оорулууларга АКШдан, Франциядан, Швейцариядан келет. Аларды кабыл алуу жана Кыргызстандын аймагына өткөрүү атайын мыйзам жана өкмөттүн токтому аркылуу жүргүзүлөт. Эгер бардык документи жайында, дарылардын эскирүү мөөнөтү алты айдан көп болсо, жүк бир жумага жетпей өткөрүлүшү керек. Ал эми мөөнөтү өткөн дары жок кылынат. Гуманитардык жүктөн кошумча нарк салыгы алынбайт. Бул маселени социалдык тармактарда талкуулаган жарандык активисттер гумжардам катары келген дарыны дарыгерлер өздөрү сатууга кызыкдар экенин белгилешкен. Коомчулукта дарыгерлер өзүлөрү да дары менен бизнес кылары айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG