Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Уят деген улуу журт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биз төрөлө элек кезде, алтургай биздин ата-бабаларыбыз төрөлө элек кезде эле кыргыз Уят менен жашап келген.

“Уят деген - Улуу Журт” деп айтышкан. Улуудан ийменгенди “уяты бар экен” дешчү. Адепсиз, орой жандарды “уят-сыйыты жок экен” дешкен. Ошол Улуу Журт уятын бузбай, эл элдигин кылымдар бою сактап келген. Биз ошентип уят менен өстүк, биздин ата-энелерибиз ошентип өстүрүштү. Аксакал адамдар алдынан чыкса суу көтөрүп келаткан кыз-келиндер чакаларын жерге кое коюп, жол четине чыга калып ызаат көргөзүп, ал киши өтүп кеткенден кийин гана жолун улар эле.

Энелерибиз күндө кулагыбызга куюп: “Өзүңдөн улуу кишилердин баарына, таанысаң да, тааныбасаң да салам айтып жүр” дей беришчү. Бирөө бирөөнүн итин тээп жиберсе да “Уят эмеспи, жөн жаткан итти эмне тептиң?” деген бир ооз сөз тигил адамдын жети өмүрүн жерге киргизип жиберер эле. Кыргыз ошол уят эрежелерин унутту бүгүн. Уяттын уясын бузуп, тукумун курут кылып, азабын тартып, сыйыттын сыясын соолутуп сыздап олтурган кезибиз. Уят жок болору менен Улуу Журт колдон тайып кетип баратат...

* * *

Уят-сыйыт менен жашоону каалабагандар, уят-сыйытын сактагысы келбегендер эми Мыйзам менен жашайбыз деп чыгышты. Айткылачы, Уят менен жашай албаган адам Мыйзам менен жашай алабы?

* * *

Уяты бар адам иттен да уялган. Биз жаш кезибизде кыз сүйсөк да жамандык ойлобой, уят менен сүйөр элек. Азыркы жаштар адегенде жамандык ойлоп алып анан сүйчү болду. Уяттын көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган, сөз менен түшүндүрүп берүүгө мүмкүн болбогон касиетинен кол жууп баратабызбы?

* * *

Азыр аткаминерлердин кийген кийиминен, тагынган галстугунан, батинкесинин боосунан бери мыйзам. Бүгүн эми так ошол мыйзамдын ичине “кирип” алып, мыйзам менен “сойкулук” кылгандар көбөйдү. Ошентип уят-сыйыт менен жашагысы келбегендерди мыйзам менен жашаталбай айлабыз куруп турган чагы. Уят, ыйман дегенди билгиси келбегендердин “абийрин” биздин бийлик бүт дүйнөнүн мыйзамдарынан токулган “дамбал” менен жабалбай убара.

* * *

Абийирсиздик менен ыймансыздыкты мыйзам менен жашырып-жапкан өңдүү ашынган ислам өлкөлөрүндө кыз-келиндерди сойкулуктан “сакташ” үчүн паранжы менен чүмкөп-чүмбөттөшкөн. Анан эмне болду?

“Катын-кыздын бузулат,- деп,- өмүрү”,

Канча кылым катты алардын өңүнү.

Катса дагы паранжынын алдынан,

Канча эркектин жайнап чыкты “өлүгү?”

* * *

Элде: Манас, Кошой, Жаңыл, Курманжан,

Эрбиз, туубуз, бийик турган куу жандан.

А жашоодо: коен, түлкү, көр албас,

Биз адамдар—челек болдук булганган.

* * *

Адамдардын жүрөгү муздай баштаганда Жердин “жүрөгү” ысый баштайт окшойт. Барган сайын Жер ысып, Адам муздап баратат.

* * *

-Ыйман түгөндү,—деп келди акем бир күнү.

-Түгөнгүдөй ал эмне, ун же талкан беле?—дедим.

-Ыйман качты,- деп келди акем бир күнү.

-Кайда качты? - дедим.

-Кайда качканын билсем айтпайт белем, - деди.

-Ыйман кетти! - деп келди акем бир күнү.

-Кайда кетти? - дедим.

- Башка жакка кетти. Ыйманы кеткен канча эл Жер үстүнөн дайынсыз жок болду. Ыйманды биз да күтө албай койдук. Ал бизди чанып кетти. Ал эми кыргызга кылымдап келбейт, - деп жер муштап, боздоп жиберди...

* * *

- Жакшылык эскирбейт, күнөө жуулбайт, жазалоочу Кудай болсо эч качан өлбөйт, бул жалган жашоодо каалаганыңды кыл, бирок кылган кылмышың канча болсо, кийин тартаар жазаң ошончо болот, - деген экен Мухаммед.

Бир ирет андан:

- Айтыңызчы, пайгамбарым, адамзат канча доордон бери келатат, жакшылары кайсылар?—деп сурашат.

Ошондо пайгамбар:

- Адамдардын жакшылары менин доорумда жашагандар, анан андан кийинкилери, анан андан кийинкилер, андан кийинкилери да жаман эмес, бирок булардан кийин ушундай бир ыймансыз адамдар келет, алардын алган анты менен берген убадасы эч качан аткарылбайт, кылган күнөөлөрү чачтан көп болуп, бирөөлөргө ак жерден жалаа жабуу, жаман сүйлөө, бирөөлөрдүн ийгилигине ичи тарып, жаманатты кылып, жалган сүйлөп, ушактап, көрө албастык кылуу, курулай касам ичүү, карып-мискин, мусапыр, карапайым калкты тебелеп-тепсөө күчөйт, -деген экен.

Андан бери канча доор өттү?

Биз пайгамбар айткан ошол адамдардын кайсынысына киребиз? Эң ыймансызы, эң акыркысы эмеспизби?

* * *

Мечиттер турат заңгырап,

Мекеден келген ажыны

Мектептер тиктейт жалдырап...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG