Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Имашев: Ишкерлик кеңеш менен илгерилейт


Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын жаңы долбоору ишкерлерди колдоого багытталган.
Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын жаңы долбоору ишкерлерди колдоого багытталган.

Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоор баштады.

Долбоорго ылайык, ишкерлерге өндүрүштүн көлөмүн, кирешени көбөйтүү, жаңы технологиялар менен иштөө боюнча кеңеш берилмекчи. Бул тууралуу аталган банктын Борбор Азиядагы чакан бизнести колдоо аймактык программасынын башчысы Шактыбек Имашев “Азаттыкка” маек курду.

Имашев: Биз 1998-жылдан бери эле Кыргызстанда иштеп жатабыз. Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын бир департаменти болгондуктан, биздин программа тууралуу айрым гана ишкерлер билчү. Ошондуктан жаңы долбоордун максаты - биз тууралуу маалыматты кеңири таратуу. Ишкерлерге көйгөйлүү маселелерин биз аркылуу чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирүү.

“Азаттык”: Чакан жана орто бизнес менен алектенгендер кандай кеңешке муктаж?

Имашев: Биз бизнеске байланышкан башкаруу, өнүктүрүү боюнча кеңештин болгон түрүн беребиз. Болгону мыйзам жагынан жана эсеп-кысап аудит жүргүзүү боюнча кеңеш бере албайбыз. Андан башка кирешени көбөйтүү сыяктуу кеңештерди беребиз. Азыр биздин ишкерлер Бажы биримдигине даярданып жатпайбы. Ошондуктан стандарттар, ал жакта коюлган талаптар боюнча, даяр продукцияны бул же тигил өлкөгө экспорттоо маселелери тууралуу биздин консультанттар кеңеш беришет.

Дагы бир жагдай, биздин чакан жана орто ишканалар бухгалтерияны мамлекеттик органдарга отчет берүү үчүн эле кармашат. Биздин консультанттар ошол бухгалтерияны анализ кылганга жардам беришет. Мисалы, азыр канча киреше түшүп жатат, 5 жылдан кийин эмне болот деп план түзүп, анализ жүргүзө турган маалыматтык-компьютердик системаларды орнотконго жардам берет.

“Азаттык”: Демек, бизнести ийгиликтүү жүргүзүү, өндүрүштү көбөйтүү тууралуу кеңеш берет турбайсыздарбы. Ошол кеңеш берүүнүн тартибин түшүндүрө кетесизби. Ишкерлер кантип кайрылышы керек? Жергиликтүү консультанттардан сырткары сырттан да кеңешчилер тартылат деп айтып жатасыз, алар кимдер?

Имашев: Биз эки багыттуу иш жүргүзөбүз. Бир жагы жергиликтүү консультанттардан маалымат алуу, экинчиси - индустрия, же болбосо өндүрүштүн өзгөчө ыкмаларын билген чет өлкөлүк эксперттерди тартуу.

Кыргызстанда биздин үч кеңсебиз бар. Бишкекте, Ошто жана Караколдо жайгашкан. Кеңеш керек болгон ишкерлер ошол биздин офистерге кайрылып, арыз жазышы керек. Арыз жазгандан кийин биздин адистер ал компанияга барып, өкүлдөрү менен жолугуп, өндүрүштү изилдеп, көйгөйлүү маселелерин таап, аныктап чыгат. Анан ошонун негизинде кандай консультанттар, кандай кеңеш керектиги аныкталат. Андан кийин кеңешчилерди таап, ошол долбоордун баасын биргелешип аныктап, келишим түзүп, жардам беребиз. Ошол долбоор даяр болгондон кийин ага кеткен каражатты төлөп беребиз. Ишкер эгер аймактан келсе 70 пайызын, ал эми Бишкектен болсо жарымын кайра грант катары алат.

Эл аралык кеңешчилер тууралуу айтсам, биздин адистер ошол бизге кайрылган компаниянын көйгөйлөрүн талкуулагандан кийин, аларга эл аралдык деңгээлдеги адис керек болуп калса, аны таап беребиз. Лондондо биздин атайын база бар. Консультанттарды ошол базадан издейбиз. Тапкандан кийин алар келип компаниянын жетекчилиги менен дагы бир сыйра жолугуп, талкуулап, атайын план түзөт. Ал планга ылайык, ошол маселелерди дагы тереңирээк билген адистерди топтойбуз. Алар жалпысынан келип-кетип 18 ай иштешет. Эл аралык кеңешчилерге кеткен каражат көп болгондуктан биз мындай долбоорлордун 90 пайызын төлөп беребиз. Кайрылган компания болсо 10 гана пайызын төлөйт.

“Азаттык”: Эгер сыр болбосо айта кетесизби, ушундай долбоорлордун орточо баасы канча болот? Канча каражат кетет. Чакан жана орто ишкерлердин чөнтөгүнө ылайык келеби?

Имашев: Мисалы региондордо арзаныраак болушу мүмкүн. Бирок кеңешчилер Бишкектен барса, жол киреси, командировкасы болуп кымбатыраак болуп кетиши мүмкүн. Биз долбоорду пландаштырып жатканда анын орточо баасы 5 миң доллар болушу мүмкүн. Бул биз бере турган каражат. Ошондо биз долбоордун 70 пайызын, 50 пайызын төлөп беребиз да. Мындан улам долбоордун жалпы баасы 7-7,5 миң доллар болушу мүмкүн. Бирок кээ бир долбоорлор эл аралык кеңешчилер тартылса, 10-15 миң долларга жетет. Биогаз, же чакан сайт, же болбосо конок үй ачууда дизайн боюнча кеңеш берүү өндүү долбоорлор мисалы, 1000 эле доллар болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Ушул жерден сиздерге кайрылып кеңеш алгандан кийин кирешесин көбөйткөн, өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан компаниялардан бир-эки конкреттүү мисал келтирип кетесизби?

Имашев: Мисалы, Кыргызстанда аты жакшы эле таанымал жумшак эмеректерди чыгарган ишкана бизден кеңеш алган. Алар негизи продукцияны өндүргөндү билишет. Кирешени деле жакшы табат. Бирок АКШнын аскерий базасы бул жакта турганда алар матрац чыгаруу боюнча тапшырма алышыптыр. Ал жерде төшөктөр күйбөй турган болушу керек деген талап бар экен. Анан ал компания күйбөй турган төшөктөрдү кантип чыгарууну билбей, бизге кайрылган болчу. Биз эл аралык адис чакырып бердик, анын жардамы менен башка мамлекеттерден химикаттарды алып келип, жаңы технология менен күйбөй турган матрацтарды чыгарышты. Чоң келишимдерди түзүштү.

Дагы бир кийим тигип, Казакстан менен Орусияга саткан компания кайрылган. Алар кийимдерди өздөрү бычып, өздөрү дизайн чыгарышат экен. Бирок өндүргөн продукциясынын көлөмү чакан экен. Биз кеңешчи жалдап, бычып-ченөө, дизайн чыгаруу боюнча компьютердик программа орнотуп бердик. Ал программа менен бир күндө эки-үч дизайн түзүп, аны көлөмгө жараша ченеп-бычып, даяр кылып алса болот. Биз жардам бергенден кийин ал ишкананын өндүрүшүнүн көлөмү 2-3 эсе өстү. Негизи мындай ийгиликтүү мисалдар көп эле.

XS
SM
MD
LG