Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Четтеги кыргыз ишкерлери инвестор болууга дилгир


Стамбулда өткөн бизнес-форум, 30-август, 2013-жыл
Стамбулда өткөн бизнес-форум, 30-август, 2013-жыл

29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-форуму өттү. Анда ишкерлер Кыргызстандын экономикасына салым кошуу максатында биргелешип, көп үлүштүү акционердик коом түзүү тууралуу келишимге кол коюшту.

Кыргыз Улуттук банкынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттардан келген акчанын көлөмү 2,5 млрд. долларга жеткен. Адистер мындай суммадагы каражат өлкөнүн экономикасы үчүн пайдасы аз болуп, элдин күнүмдүк жашоосунан артпай калып жатканы тууралуу көп эле айтып келе жатышат. Ушундан улам сыртта жүргөн кыргызстандыктардын акчасын канткенде натыйжалуу, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошо алгыдай кылып колдонобуз деген суроо көтөрүлүп келген.

Акционердик коом аркылуу инвестиция

29-30-август күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-форумунда биргелешип, көп үлүштүү акционердик коом түзүү, анын аракети менен Кыргызстандын экономикасына салым кошуу демилгеси колдоого алынды.

​Форумга алыскы АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Кыргызстанда жана Түркиянын өзүндө ишкерлик кылган кыргыздар катышты. АКШнын Чикаго шаарынан келген ишкер, “Кыргызстан-Америка” коомунун өкүлү Руслан Жалил форумда кабыл алынган кадам – ийгиликтердин башталышы деп ишенет:

Кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-форумунда. 30-август, 2013-жыл. Стамбул, Түркия
Кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк 2-форумунда. 30-август, 2013-жыл. Стамбул, Түркия

- Мындай иштер мурда эле жасалышы керек эле. Мен бул азырынча ийгиликтердин башталышы деп ойлойм. Акционердик коомдун түзүлүшү көп мөөнөткө карата өтө жакшы долбоор экенине ишенем.

Руслан Жалил сыртта жүргөн кыргызстандык мигранттардын акчасын туура, экономиканын өнүгүүсүнө колдонуу үчүн кыргыз өкмөтү ириде шарт түзүп берүүгө тийиш деген пикирин кошумчалады.

Туулганына эмес, турарына..

Чет мамлекеттерде жана Кыргызстанда жашап, иштеген кыргыз ишкерлердин демилгеси менен көп үлүштүү акционердик коом түзүлдү. Эми ал канчалык деңгээлде бутуна туруп, иштеп кете алат жана жемишин берет деген суроо туулат.

Демилге башчыларынын бири, Түркиядагы “Кыргызстан: достук жана маданият коомунун” башкаруу кеңешинин мүчөсү Максат Кошоевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, акционердик коомду түптөөгө алгачкылардан болуп элүүдөн ашуун ишкер кол сунду, ага ылайык, эң азынан 200 миң доллардын айланасында алгачкы капитал даяр деп айтууга болот:

- Акционердик коомдун бирден-бир максатысырттагы мигранттардын акчасын Кыргызстандын экономикасына пайдалуу сарптоо. Эми азыр биз мамлекеттен сурана турган нерсе деле жок, анткени бардык мыйзамдар жазылып, кабыл алынган экен. Бул биринчи тажрыйба болуп жатат, ийгиликтүү болуп кетсе, мындан кийин да бир канча акционердик коомдор түзүлөт. Ал Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Максат Кошоевдин айтуусунда, дүйнөнүн булуң-бурчтарында эмгектенген кыргызстандык ишкерлер тарабынан түзүлгөн ишкана Кыргызстандын тоо-кен тармагына инвестиция салууну көздөөдө, андан башка дагы өлкөнүн экономикасына өбөлгө боло алчу көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу максаттар бар.

Көп үлүштүү акционердик коомдун бутуна туруп, иштеп кетүүсү албетте кыргыз өкмөтүнүн колдоосуна көз каранды. Мамлекет өзүнө тиешелүү милдетин аткарып, каражаттардын келип-кетүүсүнө калыс көзөмөл жүргүзүп берсе, түзүлүп жаткан ишкана максатына жетет дейт демилгечилердин бири, Кыргызстандагы “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” координатору Искендер Ормон уулу:

- Мамлекет өзүнүн милдетин гана аткарышы керек. Акчага байланыштуу ар кандай иштер жүргүзүлүп, алыш-бериштер болуп жаткан учурда мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматы деген мекемебиз бар, ал ошону көзөмөлдөйт. Акчанын кайдан кайда кетип, туура, өз максатына ылайык жумшалып жатканына көзөмөл кылып берсе – бул өкмөттүн чоң салымы болот албетте.

Оңдон биринчи - "Кыргызстан достук жана маданият коомунун" башкаруу кеңешинин мүчөсү Максат Кошоев
Оңдон биринчи - "Кыргызстан достук жана маданият коомунун" башкаруу кеңешинин мүчөсү Максат Кошоев

Акциянын баштапкы баасы - миң доллар

Форумда жаңыдан түзүлгөн көп үлүштүү акционердик коомдун акциясынын баштапкы баасы – миң доллар деп айтылды. Бирок акциянын баасы форумдун катышуучуларында түрдүү пикирлерди жаратып, талкууда чыгып сүйлөгөндөр айрым ишкерлер баанын баштапкы баасы кымбат болуп калган жокпу деген пикирин билдирип жатышты.

Кыргызстандан барган ишкер Акылбек Жумабаев Кыргызстандын экономикасын көтөрүү максатында атайын уюшулуп жаткан ишкананын акциясын миң доллар деп баалоо – ишканага салым кошууну каалаган айрым жарандардын укугун чектеп коюуга барабар деп эсептейт:

- Миң доллардан кемирээк болсо демекмин. Анткени 100-200 долларлык акция алуучу жарандардын укугу чектелип, саны азайып калып жатат. Мисалы, мен деле миң долларга акция сатып албайм, бирок кыргыздардын бул демилгесин колдоо үчүн гана 100 долларга акция сатып алып коймокмун. Мага окшоп, салган акчасынан пайда күтпөй эле, ишкерлердин демилгесин колдоого алуу үчүн эле белгилүү бир өлчөмдө акция сатып алып, салымын кошууну каалагандар көп эле болмок. Ошондуктан, мен уюштуруучу жигиттерге акциянын баасын миң доллар эмес, жүз доллар кылсаңар, көбүрөөк адамдар катышат деп айтат элем.

Демилгечилер болсо бул баштапкы баа мезгил өтүшү менен төмөндөөсү же тескерисинче кымбаттоосу ыктымалдыгын бекемдешүүдө. Азырынча акционерлердин салымы белгилүү бир тартипке сала алуучу өлчөмдө болсун деген максат менен орточо баа коюлду деп тастыктады форумду уюштуруучулардын бири, Кыргызстандагы “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” координатору Искендер Ормон уулу:

- Кийинчерээк коом чоңойгондо биржага сунулуп, биржа аркылуу дагы майдаланып, дагы көбөйөт. Бирок баштапкы учурда үлүш кошкондордун саны белгилүү болсун, алар бутуна туруп алганга чейин, хаостук маанайда болбой, үлүшчүлөрдүн саны белгилүү бир тартипке сала алган турган санда, өлчөмдө болсун деген максатта ушундай баа коюлду. Барган сайын көлөмдөр азайтылып, ошол эле миңдер да майдаланып, үлүшчүлөрдүн саны да көбөйөт.

Искендер Ормон уулу
Искендер Ормон уулу

Өкмөт: колдоо көрсөтүүгө даярбыз

Кыргызстандык ишкерлердин 2-дүйнөлүк форумуна Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев катышты. Министр ишкерлердин демилгесин өкмөт толугу менен колдоого аларын айтып, акционердик коомдун келечеги кең экенине ишеним билдирди:

- Эки жактан өсүш болот. Биринчиден, компанияга инвестиция саласың,экинчиден, андан алынган киреше менен ишкананын активдери өсүп, андан ары өнүгөт. Бүгүнкү күнү миң доллар турган акция кийинчерээк компания өсүп кетсе, ошол эле акциянын баасы бир нече эсе кымбатташы мүмкүн. Сиздер түзүп жаткан ишкана айыл чарбасына жана кайра иштетүү тармагына салынса жакшы болоор эле. Мына өзүңүздөр билесиздер, бир жылда Түркияга 70 миң тоннадай төө буурчак сатылат, Таласта жылына 120-130 миң тоннага чейин төө буурчак алып атат. Эгер компанияны Таласка курсаңар, келечеги аябай кең болот. Ошондой эле кайра иштетүүчү ишканаларды биз колдон келишинче колдоп, үч жылдык киреше салыгынан, алты жылга кошумча нарк салыгынан бошоттук. Андан тышкары он пайыз субсидия берилет мамлекет тарабынан. Биз этти көп өндүрөбүз, бирок аны кайра иштетип сата албай жатабыз. Эл аралык стандартка туура келген бир да эт комбинаты жок. Эгер ушундай беш эт комбинатын куруп, бир бренд менен чыгара баштасак, бул чоң пайда алып келмек. Бүгүнкү күнү бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын болгону 10% гана кайра иштетилет.

Айрым адистер Кыргызстанда инвестициялык климат кооптуу, туруктуулук жок, иштеп жаткан долбоорлор аягына чыгарына ишенич жок деген пикирлерин айтып келишет. Мындай сөздөр өзгөчө быйыл жазында Кумтөр ишканасынын айланасында болгон окуялардан улам күч алды. Бирок ушундай пикирлерге карабай, сыртта жашап, иштеп жүргөн мекендештердин туулган жерине, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө салым кошуу жигеринин ийгилигин убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG