Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Өндүрүшсүз өксүгөн экономика


Экономика жана антимонополдук саясат министрилиги экономикадагы ылдыйлоону Кумтөр алтын кенинин начар иштеши менен байланыштырууда.
Экономика жана антимонополдук саясат министрилиги экономикадагы ылдыйлоону Кумтөр алтын кенинин начар иштеши менен байланыштырууда.

Кыргыз экономикасы жыл башынан бери аксап, өткөн эки айда ички дүң өнүм көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5 пайыз төмөндөгөн.

Экономикадагы мына ушундай тенденция канчага созулушу мүмкүн?

Быйылкы жылды кыргыз экономикасы кескин төмөндөө менен баштады. Январь, февраль айларында ички дүң өнүмдүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,5 пайызга төмөндөп кеткен.

2011-жылдын жалпы жыйынтыгы боюнча өлкөнүн дүң өнүмү 8 пайыз тегерегинде өскөн эле. Адистер бул өсүштү 2010-жылдагы кыйроолордон кийин калыбына келүү катары баалашкан. Быйылкы жылдын биринчи эки айындагы көрсөткүчтөр калыбына келүү туруктуу өсүүгө айланар-айланбасы арасат экенин көрсөттү.

Экономика жана антимонополдук саясат министрилиги бул ылдыйлоону Кумтөрдүн начар иштеши менен байланыштырууда. Бирок жалпы көрсөткүчтөрдүн начарлоосуна кайра иштетүү тармагынын 48 пайызга төмөндөп кетүүсү да олуттуу таасир этип жатат.

Экономика илимдеринин доктору Аза Мигранян экономикадагы ылдыйлоонун себебин инвестициянын тартыштыгы менен түшүндүрөт:

- Төмөндөөгө алып келген биринчи фактор - бул инвестициялык ресурстардын аздыгы. Инвестиция тартуунун чабалдыгынан долбоорлор токтоп калып жатат. Ошондуктан жакынкы келечекте бул көрсөткүчтөр дагы начарлайт. Экинчи фактор, бул албетте керектөөнүн төмөндөөсү. Анын кыскарышы сезондук жана элдин төлөм жөндөмүнүн төмөндөөсүнө байланыштуу. Эң башкы себеп - реалдуу сектордо өсүштү камсыз кыла турган технологиялык, финансылык, ресурстук мүмкүнчүлүктүн жоктугунда. Ошондуктан бизде өйдө-ылдыйлоо боло берет. Жыл сонуна барганда оңолгондой болот. Жыл башында начарлайт.

Аза Мигранян ишкерлер арасында Кыргызстандан каражатты чыгарып кетүү тенденциясы сакталып турганын кошумчалады.

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев орус ишкерлери Кыргызстанда ишин токтотуп жаткандыгын 14-мартта парламентте билдирген эле.

Экономика илимдеринин дагы бир доктору Айылчы Сарыбаев төмөндөөнүн себебин мындай чечмеледи:

- Бул ошо республиканын экономикасынын структурасынын өзгөчөлүгүнүн белгиси. Бизде өнөр жайынын дээрлик жоктугун, айыл чарбасы ички дүң продукциядагы эң чоң роль ойногондугун январь, февралдагы төмөндөө көрсөтүп турат. Айыл чарбасы өлкөнүн өндүрүшүнүн негизин түзөрүн баса белгилеп турат. Ал эми айыл чарбасында азыркы мезгилде өндүрүш жокко эсе. Бул сезондук фактор.

Айылчы Сарыбаев ошондой эле Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын, кайра иштетүү жана айыл чарбасынын продукциялары Казакстан тарабынан өткөрүлбөй жатышы да жалпы экономикага терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Экономикалык эксперт Мейманбек Абдылдаевдин айтымында, кыргыз экономикасындагы начарлоо 2010-жылкы төңөрүштөн кийин башталган. Ошол кезден бери ишкерлерге жагымдуу шарт түзүлөөрү боюнча айкын белги бериле элек. Европадагы кризис да терс таасирин тийгизип жатат.

Өкмөт быйылкы жылы 7,5% тегерегинде өсүштү камсыздоону пландаштырган. Бирок анын аткарылышы күмөндүү деген Абдылдаев буларга токтолду:

- Өсүш болуш үчүн сөзсүз инвестиция болуш керек. Инвестиция болбосо, жумуш орундары түзүлбөсө, ошого жараша продукция чыгарылбаса, анан кайдан өсүш болот? Тейлөө, соода тармагы өсөт деп жатышат. Бирок анын келечеги да айкын эмес. Анткени жай кандай болот, туристтик сезон кандай болоору белгисиз. Менин жеке божомолум боюнча, оптимизмге себеп жок.

Өкмөт реалдуу секторду каржылоо максатында Өнүктүрүү банкын түзүүнү көздөп жатат. Бул курал жалпы абалга кандай таасир этээрин мезгил көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG