Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Экономикада өсүш байкалат, бирок туруктуулук жок


Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстандын өнөр жай, айыл чарбасында өсүү байкалды. Ошол эле мезгилде акыркы күндөрү улуттук валюта сомдун курсу төмөндөй түштү. Өлкөдөгү ишкерлер шайлоодон соң туруктуулукту сактоону чакырып чыгышты.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына караганда, быйылкы жылдын 9 айында ИДП өткөн жылга салыштырмалуу 8.7% өскөн. Бул өсүштү негизинен өнөр жай тармагындагы 125%, кайра иштетүү тармагындагы 126%, кызмат көрсөтүү 4.7% жана айыл чарбасында 2.5% өсүш камсыз кылган.

Статистикалык комитет өлкөдөгү орточо айлык акынын көлөмү 25 пайызга көбөйүп, анын суммасы 8498 сомду түзгөнүн жарыя кылууда. Бул жагынан Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен кескин секирик жасап, алдыңкылардын сабына кошулган.

Бирок расмий каттоодон өткөн жумушсуздардын саны 23 пайызга жакын өскөнү байкалган.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мамлекеттик органдардын мындай көңүл жубаткан жыйынтыгынан күмөн саноого болбойт деп эсептейт.

- Каржы министрлиги жана Статистикалык комитет берген маалымат бүгүнкү күндүн чындыкка туура эле келет. Себеби 7-апрелден кийин мурдагыдай коррупциялык-бюрократиялык иштер жүргүзүлбөй, жеке ишкерлер өз ишин тынч, бир калыпта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын үстүнө аба ырайы да жакшы болуп айыл чарбасына, өзгөчө аймактардын экономикасына башка жылдарга салыштырмалуу оң таасирин тийгизди.

Эл аралык рейтингде эмне кеп?

Мамлекеттик органдардын маалыматында мындай өсүштөр болгону менен өткөн аптада жарыяланган Doing Business рейтингинин жыйынтыгында Кыргызстан 3 тепкичке төмөндөгөнү белгилүү болду.

Ишкер, “Кыргыз концепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиевдин айтымында, эл аралык башка рейтингдерде Кыргызстан соңку орундарды ээлөөдө.

- Экономикалык эркиндик рейтингинде Кыргызстан 9 даражага ылдыйлаптыр. Муну менен катар биз инвестиция шартынын ыңгайлуулугу боюнча рейтингде 131-орунда экенбиз. Бул 202 мамлекттин арасында абдан арттагы орун болуп саналат. Дүйнөлүк конкуренттүүлүк рейтингинде 126-орунда экенбиз. Мунун баары эмнени белгилейт? Биздин дагы деле болсо алдыңкылардын багытында эмес, арткылардын үлгүлөрүнүн шартында өнүгүп келе жатабыз.

Муну менен катар акыркы күндөрү сомдун курсу ылдыйлап жатканы байкалууда. Улуттук банк бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Экономист Айылчы Сарыбаевдин баамы боюнча мындай көрүнүштү төмөнкүлөр менен байланыштырууга болот:

- Бир аз болсо да айлыктарды көбөйтүү, сырттан келип жаткан импорттолгон товарлардын баасынын кескин өсүшү сомдун алсызданышына алып келди. Себеби сомдун негизги базасы болуп Кыргызстандын өзүнүн реалдуу экономикасы саналат.

Ишкерлер тынчсызданууда

Ал ортодо Кыргызстандагы ишкерлер президенттик шайлоодогу коопсуздукка тынчсызданып билдирүү таратышты. Алар өз билдирүүсүндө президенттикке талапкерлерди шайлоо учурунда жана шайлоодон кийин өлкөдөгү туруктуулукту сактоого чакырышууда.

Кыргызстан ишкерлер союзунун мүчөсү Чыңгыз Макешовдун ишендиришинче, өлкөдөгү 500дөн ашуун ишкер шайлоодон соңку коопсуздукка тынчсызданганын билдирген.

- Шайлоо учурунда жана андан кийин ишкерлерге коопсуздук керек. Биз 500дөн ашык ишкерлерден "сиздердин бизнес үчүн эмне керек" деп сураганыбызда коопсуздукту биринчи орунга коюшту. Азыркы учурда айрым саясий технологдор Кыргызстанды бөлүп-жарып коюшту. Бул ишкерлерди сар-санаага салууда.

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев
2005 жана 2010-жылдардагы окуялардан ачуу сабак алган ишкерлер дүрбөлөң маалда бири-бирине көмөк көрсөтүү максатында атайын координациялык кеңеш түзүүгө да жетишкен.

Ошондой эле ишкерлер айрым талапкерлердин башкаруу системасынын өзгөртүүгө жасаган аракетин сынга алышты. Бишкек ишкерлер кеңешинин мүчөсү Азамат Акелеев:

- Азыркы учурда айрым талапкерлердин коррупциялык жол менен чогултулган акчаларга таянып, маалыматты бурмалап, элди алдап, өткөн кылыктарын жашырып, эл кан менен, кыйынчылык менен кабыл алган Конституцияны өзгөртүүгө умтулуулары байкалууда. Ошондуктан азыркы президенттикке талапкерлерден бул Конституцияны сактап калууну талап кылабыз. Бул Конституция саясий жана экономикалык эркин атаандаштыкты жаратууну камсыз кылат.

Муну менен катар ишкерлер талапкерлердин көпчүлүгүнүн экономикалык программалары жок экенин белгилешип, шайлоо идеялар күрөшү эмес, күчтөрдүн күрөшүнө айланганын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG