Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Мыйзамсыз акча алмаштыруу көмүскө экономиканы гүлдөтүүдө


Улуттук банк сом куну кескин түшпөйт деп байма-бай ишендирип келет.
Улуттук банк сом куну кескин түшпөйт деп байма-бай ишендирип келет.

Улуттук банктын билдиришинче, Кыргызстанда катталган акча алмаштыруучу жайларга караганда катталбаган, көмүскө иштегендери көп. Учурда алардын так саны жана айланткан каражатынын көлөмү эсептелүүдө.

Сунуп жатып сууруп алгандар

Бишкектеги "Ош" базарынын Киев көчөсүн бойлогон акча алмаштырган күркөлөрдүн дээрлик баарында иштегендер 20-25 жаштардагы балдар. Алар биз менен чечиле маектешкиси келген жок. Ошентсе да аты-жөнүн атагысы келбеген жигит азыраак кепке келди:

- Бизде лицензия бар. Бирок мен сизге азыр көрсөтө албайм, башка жакта. Номери да эсимден чыгып кетиптир.

Улуттук банктын билдиришинче, катталбаган акча алмаштыруучу жайлардын басымдуусу ири базарларда. Буларга байланыштуу баш оорулар көп.

Алардын эң эле жөнөкөйү кардардын акчасын алмаштырып жатып, кымырып калмайлар. Андайларды “ломщиктер” (“сындыргычтар”) деп коюшат. Муну өздөрү моюнга албаганы менен кошуналары айтып бере алышты.

Лицензиясын көрсөткөн Нурстан аттуу акча алмаштыруучу жай ээси:

- Акчаны санап атып сындырып алып калышат. Көз алдыңда эсептегенде туура болгондой болот. Анан сунуп атканда эки-үч купюраны алаканына кыпчып алып калат. Бул акча сындыргандардын эң жөнөкөй фокустарынын бири. Жергиликтүүлөр алданганын билип, сураса “адашып калыппыз” демиш болуп кайтарып беришет. А чет өлкөлүктөр кайтарып ала алышпайт.

Фейсбукка акча алмаштырып жатып алдандыңар беле деп суроо салганда жыйырмадан ашуун адам жооп жазып, дээрлик баары "Дордой" жана "Ош" базарларынан акча алмаштырып жатып, 400 сомдон 2000 миң сомго чейин алдатып ийгендерин жазышты.

Тонолсо да токтобогондор

Каттоодон өтпөгөн акча алмаштыруучу жайлардын экинчи проблемасы – коопсуздук. Кардарынан акча кымырып алуу, же жасалма акча берүү башка маселе. Ал эми алардын өз коопсуздугуна да көңүл буралы.

Былтыр октябрь айында бир доллардын баасы 58 сом болчу.
Былтыр октябрь айында бир доллардын баасы 58 сом болчу.

Өзгөчө Ош шаарындагы катталбаган акча алмаштыруучу жайлар дал ушул коопсуздук маселесинен улам кеч ачылып, каш карайгыча кайра жабылат. Андагы коркунучка карабай иштеп жаткандардын бири өзүнүн жана кошуналарынын башынан өткөндөрдү айтып берди:

- Эрте кетип кеч келип, тонолбошко өзүбүз аракет кылабыз. Дээрлик көчөдө отурабыз, кыйкыртып эле сууруп кетиши деле мүмкүн. Бул жерде тонолбогон эч ким жок. Бул жерден бир баланын 10 миңин алышты. Өткөндө бир өзбек аялдын 15 миң долларга жакын акчасын тоногон. Кара-Суудан дагы бир кишини бычак такап, тоноп кетишти. Милицияга берсек, ууру тутулат, бирок, эки-үч күндөн кийин эле кайра көчөдөн көрөбүз. Тиричилик деп, тобокелге салып иштеп жүрөбүз да.

Баткендин борбордук базарында спорттук сумкага акчасын салып алып, акча алмаштырган кишилер базар аралап жүрүшөт. Сумкасында тажик сомониси, өзбек суму, кыргыз сому, рубль жана доллар бар. Акча баасын кайдан алып, коопсуздугуна кандай кам көрөрүн соода кылганча баратып эле айтып берди:

- Курсту интернеттен, Форекстен көрүп коебуз. Тажик акчасынын курсун ал жактагыларга телефон чалып, билип турабыз. Акча алмаштыргандан кийин эртерээк кетип калабыз, бир машинеге отуруп. Көп деле акча алып жүрбөйбүз.

Айыппулду тоотпогон алдуулар

Майдараактардан айырмаланып, кайтаруучусу менен чоң эле күркө иштеткенине карабастан, лицензия албагандар бар. Алар көмүскө экономиканы гүлдөткөндөр. Салык төлөбөйт жана акчасы каттоодо жок деп айтса болот.

Кыргызстан сыяктуу каржы базарындагы көзөмөлү алсыз, мыйзамдары чийки өлкөлөр арам акчаларды адалдаганга ыңгайлуу экенин каржы адистери айтып келишет. Мындайда, албетте, катталбаган акча алмаштыруучу жайлардын каражаттарына шек түшөт.

Улуттук банктын лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Сулайманбекова баш болгон каржы тескөөчүлөрү бир жолку рейд учурунда катталбаган миллиондорду табышкан:

- Бир ирет рейд учурунда катталбаган жайлардан эң азы 6 млн, көбү 23 млн. сом кармалган. Бирок биз ал акчаларды конфискация кылганга акыбыз жок. Ал эми акчанын кайдан келгенин тастыктай албаса, ал акча менен иштегенге алардын акысы жок. Бирок иштеп-иштебей жатканын текшериш өтө оор.

Уруксатсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлар көмүскө экономиканын бир бөлүгү
Уруксатсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлар көмүскө экономиканын бир бөлүгү

Ошентип, лицензия албагандарды бүгүн тыйып, айыппул салса, 1,5-2 миң сомдук айыпты төлөп коюп, “А” аттуу күркөсүн жаап, эртеси “Б” деп ат коюп иштей беришет. Улуттук банктын эсеби боюнча Кыргызстанда каттоодон өтпөгөн акча алмаштыруучу жайлардын саны 300 дөн 700гө чейин болушу ыктымал. Булардын так саны жана көмүскө акча жүгүртүүсүнүн көлөмү учурда эсептелүүдө. Катталганы 279.

"Катталбаган жайлар айрым учурда кызылкулактык кыла коюп, сом кунуна таасир этүүдө",- дейт Жылдыз Сулайманбекова:

- Доллар аз келип, көп сатылып жатканда анын баасын көтөрүп ийишет. Анан ары-бери өткөн адамдар аны көрүп, ызы-чуу түшүп, доллар мындан да өсөт деп акчаларын долларга алмаштырып калганга шашышат.

Ошентсе да, көмүскөдөгүнү көрүнөөгө чыгарыш үчүн Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлар үчүн лицензия өлчөмүн убактылуу миллион сомдон 500 миңге түшүрдү. Бул жобо июндун аягында күчүн жоготот. Эгер ушул убакыт ичинде катталып калбаса, анда, айыппулдун өлчөмүн 50 миңден 200 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда.

Башында акча алмаштыруучу жайларды жабуу демилгеси менен чыккан Улуттук банк тиешелүү ишкерлер менен мунасага келип, саясатын ушундай өзгөрттү.

Улуттук банк убарасынын убайын көрөбү?

Бул саясат көмүскө экономиканы ооздуктаганга жардам бергени менен сом кунуна көп деле таасир этпеши мүмкүн. Анткени өндүрүшү өксүгөн Кыргызстанга товарлардын көбү импорттолуп, долларга сатылып алынат. Ички базарда деле ири алым-сатымдар доллар менен жүргүзүлөт. Каржы тармагы боюнча адис, депутат Улукбек Кочкоров маселенин аягы келип эле өкмөткө такаларын баса белгилейт:

- Экспорттун көлөмүн көбөйтмөйүнчө, жок дегенде импортту азайтмайынча бул көрүнүш туруктуу бойдон кармалып тура берет. Долларды сыртка таштай берсек, албетте анын баасы өсөт. Ошондуктан Улуттук банкты эле карап отура бербестен, өкмөт ишкерлерге, жумуш орундарынын түзүлүшүнө, өндүрүштүн өнүгүшүнө шарт түзүшү керек. Андай болбосо, интервенциядан натыйжа болбойт.

Улуттук банк сом куну кескин түшпөйт деп байма-бай ишендирип келет. Президент Алмазбек Атамбаев да Европа сапарында кыргыз акчасы туруктуу деп айтып, ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Бүгүн Кыргызстанда алдыдагы эки жыл ичинде жеке ишкерликти өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган программанын бет ачары болуп, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев атамекендик ишкерлерге жакшы шарт түзүлөрүн убада кылды. Анын үстүнө быйыл улуттук экономиканы өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Албетте, мунун баары сомдун белин бекемдеп, экономиканы эптеп кетиши керек. Мунун баары демилгелер кагазда калбай, аткарылышынан көз каранды.

XS
SM
MD
LG