Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Акча алмаштырган жайларды жабуу демилгеси көтөрүлдү


Акча алмаштыруучу жайлардын бири. Бишкек.
Акча алмаштыруучу жайлардын бири. Бишкек.

Коомчулукта рублдин кунунун кескин түшүп кеткени сомго дагы таасир этет деген кооптонуулар күчөдү.

Буга байланыштуу Кыргыз фондулук биржасынын президенти Назар Ниязов валюталык рыноктогу дүрбөлөңгө жана ашынган алып сатарлыкка жол бербөө үчүн акча алмаштыруу жайларын жабууну сунуштады. Бирок Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин төрагасы Чыңгыз Макешов каржы рыногуна мамлекеттик көзөмөл киргизүү анын көмүскөгө кетишине жол ачат деген негизде аны реалдуулукка шайкеш келбеген авторитардык демилге катары баалады.

Кымгууттукту ооздуктоонун амалы

Орусияда рублдин куну түшкөнү сомго анчейин таасир этпегени менен Кыргызстандын каржылык рыногунда кооптонууларды жаратты. Каржы жаатындагы адистер орус рублинин куну дагы түшө турган болсо, анда ал сомдун дагы алсызданышына таасир этет деп болжолдошууда. Анткени каржы рыногунда долларга жана еврого болгон суроо-талаптын кескин өсүшү күтүлөт деген чочулоо бар. Мына ошондуктан Кыргыз фондулук биржасынын президенти Назар Ниязов каржы рыногуна мамлекеттик көзөмөлдү киргизип, акча алмаштыруу жайларын жабууну сунуштады. Назар Ниязов акча алмаштыруу банктарда гана калса, өлкөнүн каржы рыногун көзөмөлдөө жеңил болот дейт:

- Банктардагы акча жүгүртүүнү жана балансты көзөмөлдөө оңой. Ал эми акча алмаштыруу жайларын бул жагынан көзөмөлдө кармоо өтө татаал. Мына ошондуктан кырдаалдан пайдаланууну каалаган ишкерлер өз ара келишип алып туруп эле Улуттук банк салып жаткан валютаны дүңүнөн алып коюп, аны кайра кунун көтөрүп сатып же сыртка чыгышына өбөлгө түзүп койсо эле, анда рынокто дүрбөлөң болгону жатпайбы. Мына ошондуктан аларды жаап, акча алмаштыруу операцияларын банктарга гана калтыруу чечимин биздин саясий жетекчилик карап көрсө жакшы болмок. Мына ушундай жагдайда каржы рыногун мамлекеттик көзөмөлгө алуу практикасы көп эле өлкөлөрдө болгон.

Көмүскө каржы рыногунун коркунучу

Бирок мындай сунушка Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин төрагасы Чыңгыз Макешев караманча каршы. Анткени бул демилгени ишке ашыра турган мыйзам кабыл алына турган болсо, эми гана калыптанып келе жаткан каржы тутумунун рыноктук механизмдери талкаланууга дуушар болот дейт ал. Чыңгыз Макешев анда акча алмаштыруу ишкердиги көмүскөгө кирип кетип, валюталык рынокто чыныгы дүрбөлөң жана башаламандык күчөйт деген оюн ортого салды:

- Элестетиңиз, эгерде мамлекет акча алмаштыруу жайларын жаба турган болсо, элдин арасындагы акчасы көп адамдар кандай кадамга барат? Анан калса бизде жеке сектордо көп валюта бар. Алардын бардыгы көмүскөгө кирип кетип, анан ошол жактан рынокко таасир этип туруп алса, мына ошондо көзөмөлдөө татаалдашат. Бизде валюталык рынок ачык болуп, бул жаатта либералдуу мыйзамдар болгону үчүн кичине болсо дагы чет элдик инвестиция турат. Эгерде мына ушуга окшогон демилге колдоого алынып кете турган болсо, анда чет элдик валюта өлкөдөн тышка агылып кетет.

Рыноктун рычагына ишеним

Коңшулаш Өзбекстанда жана Түркмөнстанда каржы рыногу толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө. Ал жакта акча алмаштыруу операциялары банктарда гана жүргүзүлөт. Тажикстан менен Казакстанда каржы рыногу жарым-жартылай көзөмөлдө. Мына ошондуктан жогоруда аталган өлкөлөрдө валюталардын расмий куну жашыруун акча алмаштыруу жайларынан кескин айырмаланып турат. Экономика министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев каржы рыногун жөнгө салуу боюнча улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясаты туура жолдо баратканын жана азырынча чочулоого негиз жоктугун белгиледи:

- Азыр биздин улуттук банк жүгүзүп жаткан саясат эң туура жолдо баратат. Мына ошондуктан биздин сом кармалып турат. Акча алмаштыруу жайларын жабуунун кереги жок. Бул артка кайтууга барабар. Ансыз деле каржы рыногуна таасир этүүчү бизде жетишерлик механизмдер бар. Бул мына ошонун негизинде деле рыноктогу ашынган алып сатарлыкты ооздуктоого болот. Эгерде акча алмаштыруу жайлары жабыла турган болсо дүрбөлөң кырдаал ошондо болушу мүмкүн. Азыр биз мамлекеттик көзөмөлдү рыноктук механизмдердин шартында жүргүзүп турганыбыз эң эле туура.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 17-декабрь күнү улуттук банктын төрагасын кабыл алып, өлкөнүн каржы рыногундагы кырдаалды талкуулады. Анда орус рублинин кескин кунсузданышы Кыргызстанга кандай таасир этери жана алдыдагы тобокелчиликтердин алдын алуунун чаралары боюнча маселе көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG